shadow

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин КМКнын ыкчам коштоосу менен Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранынын жүргөн жери аныкталды.
Москва шаарынын аймагында жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1984-жылы туулган Б.К. аттуу жаранды кармашкан. Жогоруда көрсөтүлгөн Нарын облусунун тургуну, жаран Б.К., Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктунда (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин тергөө органдарынан изин жашырып качып жүргөн.
2017-жылдын жазында чала тааныш адамдын ишенимине алдоо жолу менен кирип, “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алган. Башында 90 күнгө автоунаасын ижарага алып, андан соң үчүнчү жакка сатып жиберип, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен. Болжол менен жабырлануучуга 280 000 сом өлчөмүндө чыгымга учураган.
Издөө алган тарап маалымдалып, азыркы учурда изделип жаткан жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн өз өлкөсүнө жөнөтүү боюнча меселелер чечилип жатат.

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *