shadow

Нурмамат САПАРБАЕВ Ош педагогикалык институтунун чет тилдер факультетин аяктап, 30 жылдай өмүрүн билим берүү тармагына арнаган. Агайдан немец, англис тилдерин окуп-үйрөнгөн миңдеген окуучулардын катарында мен да бармын.

Негизи, биздин агай көп кырдуу талант. Базар-Коргон районундагы Мукай Элебаев атындагы № 13-мектепте 1980-жылдары окуп жүргөн чагыбызда агайыбыз тарткан фото-сүрөттөр, жазган макалалар борбордук гезит-журналдарда үзгүлтүксүз жарыяланып тураар эле. Чет тилдердин таасириби же өз ынтаасыбы, айтор дүйнөлүк адабияттан, маданияттан терең кабардар болчу. Агайыбыз жазган аңгеме, этюддар али да эстен кетелек.

Башка окуучулары жөнүндө айта албайм, жеке менин өзүмдүн журналисттик кесипти тандап калышыма агайым Нурмамат Сапарбаевдин таасири чоң. Мектепти бүтүргөнүбүзгө 37 жылга аяк басып баратса да ара-чолодо жолугуп, өткөн кеткенден аңгемелешип турабыз. Бу жолу агайым экөөбүз Бишкектен жолугушуп калдык.

— Агай, айылдык мектепти “таштап кеткениңизге” эмне себеп болду?

— 1993-жылдан кийин жалпы элдин жашоосунда кыйынчылыктар башталды. Менде кыздарыма жеткиликтүү билим берүү, кесип тандоосуна шарт түзүү максаты бар эле. Ошондуктан Жалал-Абад мамлекеттик Университетине конкурстук негизде мугалим болуп орношуп, шаарда жашап калдым.

— Жогорку окуу жайдан кандайча Эл аралык уюмдарга “ооп” кеттиңиз?

— Бир жолу Бишкекке келсем Америкага окууга конкурс болуп атыптыр. Ал убакта конкурс эмне экенин деле жакшы билбейм, бирок документтерими тапшырып койдум. Америкада бир жыл окуйт, — деген шарты бар экен.

— Жок дегенде окутуунун багытын сурагандырсыз…

— Өткөөл мезгилдеги журналистика боюнча экен. “Пландуу экономикадан базар экономикасына өтүүдөгү журналистиканын ролу” деген темада. Конкурстан өтүп, 1996-жылы АКШга окууга кеттим. Ошол Америкага кетүү үчүн документтерди даярдап жүрүп Жалал-Абадда бир мекемеге кирип калдым. Эл көп экен. Эмне болуп атат?- десем, конкурс болуп атат, — дешет. Кайсы бир борборго менеджерлик орунга конкурс жүрүп жаткан экен. Кандай борбор, “Менеджер” деген ким? Түшүнүк жок эле да анда. Бирок, документтерим жанымда болчу. Конкурсуна кирип барсам эки америкалык, анан бир кыргыз жигит отуруптур. Мен тапшырсам болобу, — десем, болот, — дешти. Алар мага англис “НПО” жөнүндө суроо беришти. Мен НПОнун аталышын англис тилинде биринчи жолу угуп аткандыктан түшүнбөй жанагы кыргыз жигитке кайрылып, булар эмнени сурап жатышат десем, “НПО эмне экенин билесиңби? деп сурап жатат дейт. Конечно, билем, НПО — “научно-производственное обьединение”, — дедим. Себеби, советтик адамдар НПОну ушинтип түшүнчүбүз да. Анан тигил адамдар күлүп калышты. Эмнеге күлүп атышат, — десем кыргыз жигит НПО — неправительственные организации- деп которуп берди. Конкурсту жыйынтыгы 3 күндөн кийин чыгат дешти…

Америкага кетип баратып “менеджер” ким болду деп сурасам “Сапарбаев болду” дешти. Анан Америкадан окуп келгенден кийин бейөкмөт уюмда иштей баштадым. Аны жарандык коом деп коюшат экен.

— Конкурстан утканыңыз, Америкадан өткөөл жезгилдин журналистикасын окуп келишиңиз Сиздин чет тилдерди билгендигиңизден болду го. Анан НПО кайсы багытта иш алып барды, максаты эмне эле?

— Коомдогу активдүү жарандарды таап, аларды жаңы коомго даярдоо, эл менен иштешүүгө, социалдык проблемаларды чечүүгө үйрөтүү эле. Бизди окутканда НПО саясатка аралашпайт, — деп окуткан.

— Сиз кийин экология маселелери боюнча бейөкмөт уюмдарда иштеп жүрдүңүз. Жаратылышты, анын ичинде Арстанбаптагы жаңгак токойлорун коргоо боюнча бир топ маанилүү макалаларды, фото-сүрөттөрдү жарыяладыңыз. “Азаттык” радиосунун бул багыттагы атайын сыйлыгына татыдыңыз…

– 2005-жылы Кыргызстанда “Интер Кооперейшн” деген уюм иштей баштады. Бул токой чарба тармагын колдоо боюнча Швейцария-Кыргызстан биргелешкен программа болчу. Мында дагы конкурстук жол менен аталган уюмдун Жалал-Абад областындагы жетекчиси болуп калдым.

Мен ага чейин токойду эс ала турган жай, отун ала турган жай, мөмө-жемиш тере турган жай деп эле билчүмүн. Аны ичинен тааный баштагандан кийин, токой — бул тирүү организм экендигин, адам кандай жарала турган болсо токойдун чөбүнөн баштап дарагына чейин так адамдын жашоо стадиясын басып өтөөрүн түшүндүм. Токой адамдарга көп нерсе берет экен. Бирок адам токойго эч нерсе бербейт экен. Ал дагы ооруйт экен, карыйт экен. Совет доорунда токойго өзгөчө маани берилген. Эгер малың токойго кирип кетсе, ээсинен сурабай туруп эле этке тапшырып жиберчү, эл мыйзамдан коркчу. Базар экономикасы менен кошо келген башаламандыктан кийин токойдун шору куруду. Мисалы, Токой кодексине ылайык токойдун ичине мал жайганга, турак-жай салганга, атайын уруксатсыз кыйганга жол берилбейт. Бирок, 1995-жылдан баштап кайдагы бир чет өлкөлүк бизнесмендер келип жаңгактын уюлун (кап) сатып ала башташты. Акчага көзү кызарып турган айрым жергиликтүүлөр аны кадыресе бизнеске айландырып, капщиктер пайда болду. Ошол мезгилде жаңгак уюлунун 1 кг. 3 доллардан сатып алып турушкан. Бир жаңгак уюлун орто эсеп менен 700–800 кг эсептеп көргүлө. Ошонун айынан 500 жылдык, 700 жылдык жаңгактар кыйылып кетти. Биз айтып жаткан кап, же болбосо жаңгак уюлу жаш жаңгак дарактарда болбойт. Элибиз илгертен жаңгакты ыйык дарак деп айтып келишкен. Жаңгакка балта көтөрсөң укум-тукумуңа чейин кырсыктайсың, — деген түшүнүк болгон. Анын чындыгын турмуш өзү далилдеп жатат. Токой кыйган браконьерлердин бири да жарып кетпеди. Башында үйлөрдү, машиналарды алышты. Кийин ошол машинадан аварияга учурап майып болду, каза болду, банкрот болуп алган үйлөрүн кайра сатышты. Буйруган жок. Капщиктердин “крышалары” болгон кээ бир чоңдор депутат болуп жыргап атышат, а кыйгандар жарыган жок.

— Токойду кантип коргосок болот? Сиз Токой кодекси иштебей атат дедиңиз. Анда мыйзамдарды күчөтүш керекпи?

— Биринчи кезекте адамдын аң-сезимин түздөш керек. Базар экономикасы акча болсо баарын жасаса болот, — деген түшүнүктү сиңирип, ал азыр дагы жашап жатат. Экинчиси, карапайым адамдан тартып президентке чейин мыйзам тартибине баш ийиш керек. Эгер андай болбосо, күндө жаңы мыйзам кабыл алсаң да натыйжа бербейт. Мисалы, децентрализация, токойду биргелешип башкаруу деген долбоорлор деле жарытылуу нерсе бербеди. Эң башкысы, мамлекеттен тарабынан көзөмөлдү жана камкордукту күчөтүш керек…

Маектешкен:

Мухтар ЖАРКУЛОВ

Нурмамат ажы Сапарбаевдин

тарткан сүрөттөрү

“Жаңы Ордо” гезити, №4 (656), 28-февраль, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *