shadow

 

Омор акени академияда 90-жылдары иштегенде анча жакшы билчү эмес элем. Мына быйыл он жылга аяк басты чогуу иштешип, чогуу сырдашып жана чогуу чай ичишип жүрөбүз. Быйыл 2020-жылдын 28-февралында Омор аке 80 жашка чыкты. Мен эмнеге эле кайра-кайра Омор аке деп жатканымдын себеби, Омор аке чындыгында эле аке деген атка татыктуу адам. Республиканын Ысык-Көл облусунда жети акени даңазалап жүрүшөт. Ал акелер көл боорунда алды 200, арты 100 жылдай мурда жашап өтүшсө да, элге сиңирген алардын ар кандай баалуу эмгектерин эске алышып, атадан балага аттарын ооздон түшүрбөй атап келишет. Биздин Омор аке дагы жасаган иштери боюнча, ошол көлдүк акелерден ашса ашат, бирок кемибейт. Ал кишинин баскан-турганы, улуу-кичүү адамдарга болгон мамилеси баарыбыз үчүн үлгү болууга татыктуу. Ал эми илимге болгон мамилесин өзгөчө сөз кылууга туура келет. Биз ошого кыскача токтолуп кетели:

Омор аке эч кандай илимий даража жактабаса да, ал кишинин илимий сандыгы академиктердикинен салмактуу. Ошол эле учурда, мен муну мыкты билем деп мактануу да Омор акеме жат көрүнүш. Омор акемдин талбаган ишмердигинин натыйжасында Мукай Элебаев кайрадан төрөлүп, китеп текчесинде татыктуу орунун ээледи. Токтогул Сатылганов жөнүндө биринчи демократ акын, чыгаан комузчу, ырчы делинип замандаштарынан жана жердеши Жоомарт Бөкөнбаевден билсек, Омор аке Токтогулдун Россиянын Сибириндеги жашоосун жана ал жактан келгенден кийинки жашоосун кол жазмалар фондунан алынган так материалдар аркылуу кенен-кесири берип, “Биз билген жана биз биле элек Токтогул” аттуу 14 басма табактагы өтө кызыктуу китеби жарык көрүп, окуучулардын колунан түшпөгөн китепке айланды. Көрсө биздин Токтогул Сатылганов табигат берген шыгынын аркасында орус тилин өздөштүрүп, Сибирде аман-эсен жүрүп, ал турсун ал жердеги революционерлер менен таанышып, падышалык режимдин катачылыктарын эртелеп түшүнгөн экен. Улуу Октябрь революциясы жеңип чыккандан кийин, жаңы пайда болгон советтик большевиктердин кеңеш өкмөтүнүн максатын жана милдеттерин карапайым кыргыздарга түшүндүрүүгө чын дилинен киришип, керек болсо ал сөздөрүн ыр түрүндө айтып турган. Токтогулдун ар бир сөзүн карапайым калк урматтап, сыйлаган. Ошондуктан Кетмен Төбө өрөөнүндөгү каналдардын казылышында, ал жерде иштеп элди жумушка үндөгөн Токтогулдун ролу абдан бийик. Бул маалыматтарды алууда Омор акем 150дөн ашык информаторлордун айткандарын иликтеп, бири-бирине салыштырып, жалпы статистикасын чыгарып изилдегенден кийин гана жазып отурат. Ал маалыматтардын көбү арап жана латын арибинде, анысы аз келгенсип, сабатсыз жана иретсиз. Айрыкча, 1948-жылы Кыргыз ССРинин Госпланынын адис агроному, Кетмен-Төбөдө Токтогул менен беш жыл бирге иштеп, бирге жашаган(1927–1931-ж.) И. С. Ладушевдин Академиянын кол жазмалар фондуна өткөргөн кол жазмасы боюнча Омор акенин изилдөөсү буга чейинки Токтогул боюнча изилдөөлөргө жыйынтыктоочу чекит кое тургандай изилдөөлөрдүн бири болуп калды. Анда И. С. Ладушевге сөз берели:

“Токтогул сөзгө кулак түрүп, анын маани-маңызын аңдаган, ар кандай маселелерге кызыккан, кабагы жарык, шайыр жана куудул, композитор, ырчы, эң эле жөндөмдүү, даана тилмеч жана бүт эл сыйлаган сүйүктүу инсан эле”-дейт И. С. Ладушев. Ушул мүнөздөмө эле Токтогул Сатылганов ким экендигин ачык-айкын көргөзүп турбайбы. Болбосо И. С. Ладушев үчүн Токтогулду жөн эле мактап, анын өмүр баянын жазуунун эмне зарылдыгы бар. Кол жазмада көрсөтүлгөндөй И. С. Ладушев кол жазманы негизги жумуштан кийин, убакыт таап жазган. Ал кишинин кол жазмасы да өтө сулуу жана так болгонун Омор аке суктануу менен айтат. Фондго И. С. Ладушев ар бири өзүнчө брошюра болууга татыктуу эки чоң өлчөмдөгу кол жазмасын тартуулаган.

Экинчи, улуу акындын буга чейинки өмүр баянындагы айтылбай келген көп сырлары партиялык, мамлекеттик ишмер, Токтогул менен 1930–1933-жылдар аралыгында тыгыз байланышта жашап иштеген, Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал деген айылынын тургуну Жумай Жылкыбаев тарабынан айтылды. Анын “Токтогул тууралуу эскермелери мындайча башталат. “Мен Жумай Жылкыбаев, 1930-жылы Ош окруж-компартиясынын Токтомуна негиздүү Кетмен-Төбө райкомунун 1-секретары болуп февраль айында келдим да, ишке кириштим. Ошо жылы Мазар-Сай айылынын каналы колхозчулардын жана жеке дыйкандардын күчү менен казылып бүттү. Каналдын бүткөнүнө карата жыйналышта мен да болдум. Токтогул менен биринчи жолу ошол жыйналышта таанышып, учурашып сүйлөштүк. Каналды каздыруудагы демилгечилдердин башкысы Токтогул өзү болгон(Сопиев экөө). Анткени ал киши ыр менен элди үндөп көтөрүп, жаңы дыйканчылык үчүн арыктын маанисин түшүндүрүп, иштин башында турчу экен. Анын ролу канал казууга келген элдин көңүлүн ачуу жана каналды жакшы казышка ыр менен үгүттөө, жакшы иштегендерди мактоо, начарларын сындоо менен каналга салынган суу элге кандай пайда алып келээрин элге ыр менен түшүндүрүү болгон экен. Токтогул колхозго биринчилерден болуп өткөн.” Андан башка да Токтогул Сатылгановдун бизге белгисиз бир топ обон, күүлөрү боюнча талаш иштери Омор аке тарабынан иликтенип, Токтогул Сатылгановдун экинчи өмүрү бизге сунуш кылынды.

Омор аке өзү өтө сыйлап баалаган академик Б. М. Юнусалиев кыргыздын алгачкы жазма акыны Молдо Ниязды иликтеп, анын кол жазмаларынын тилин изилдей баштайт. Сураштырып отуруп анын 3 дептеринин бирин таап, анын арап ариби менен жазылган ырларынын түзүлүшүн, азыркы ырлардан айырмасын жана Молдо Нияздын тилин изилдеп жатып, китебинин чыгышына үлгүрбөй 1970-жылы 18-февралда 57 жаш курагында о дүйнө салган. Омор аке агайынын керезин аткарып, Раушанбек аттуу араб тили боюнча мугалим жигит менен биргеликте кол жазмалар фондунда сакталган Молдо Нияздын үч кол китебин азыркы кыргыз арибине көчүрүшүп, алардын ыңгайына жараша орус тамгасындагы Молдо Нияздын “Санат дигарасттар” (Б.”Учкун”, 1993-ж.) китебин чыгарышты. Түшүнгөн кишиге бул окуя-кыргыз тили жана адабияты тарыхындагы өзгөчө бир кырдаал. Себеби, биз Улуу Октябрь революциясына чейин кыргыздын жазмасы болгон эмес деп, качан болсо кайталап айтып келген сөзүбүздү төгүндөп, мындан 100 жылдай мурун эле бизде Молдо Нияз өңдүү жазма акындарыбыздын болгонун далилдеген китеп болучу. Бул жерде Омор акем биринчиден, кыргызда 1924-жылга чейин эле жазма болгон деген фактыны дегдеп жүрүп, ал турсун, өзүнүн ошол карлыгач китебинин чыгышын да көрбөй өтүп кеткен сүйүктүу агайы академик Б. М. Юнусалиевдин мурасын аткарса, экичиден, жалпы кыргыз элине Молдо Ниязды тартуулап отурат.

Бу адам өзү кандай болсо, өзүнө окшошторго умтулат деген чын болуш керек. Аны Омор акеден улам айткым келет. Карап отурсаң Омор акенин изилдегени: Мукай Элебаев, Токтогул Сатылганов, Тоголок Молдо, Молдо Нияз ж. б. Кечөө жакында Омор акенин 2019-жылы Тыныбек Жапый уулуна киришип жатканын байкадым. Баамымда, кыргызга белгилүү манасчы Тыныбек тууралуу китеп жакында чыгат болушу керек. Манас демекчи, кыргыз болгон жери Манасыбыз менен сыймыктанабыз. Бирок ушу бүгүнкү күнгө дейре бирибиз болгон окуя десек, бирибиз жомок деп, Манасыбыз тууралуу так маалыматыбыз алиге жок. Тарыхчылар Манас бул жерде баланчанчы жылы, баландай жерде төрөлгөн деген маалыматты бере албай келишет. Ушул шартта университетте окуп жүргөндө Заир Мамытбеков агайынын сөзүн эстеп калган Омор аке, кол жазмалар фондуна келип түшкөн Сайпидин Молдо жана анын уулу Нооруз Мухамматтын “Мажму ат-таварихи” (“Тарыхтардын жыйнагы”) фарсы тилинде жазылган китептин ичине кирүүгө куштар болуп жүргөндө, аны институттун ошондогу директору, Академиянын корреспондент-мүчөсү Ж. К. Сыдыков Кол жазмалар фондунун башчылыгына чакырып калат.

Ошол жерде 1996-жылы Молдо Сабыр Досболов экөө “Мажму ат-таварих” кол жазмасын которушуп, анын негизинде Омор акенин “1503-жылы жазылган “Манас” (Б.,”Айат”, 2003-ж.) китеби жарык көрөт. Бул китеп “Манасты” Жайсаң аттуу калмак ырчысына айттырып, ал ырчы наркы дүйнөдөн Бүбүмариям Муса кызы дегенге аян аркылуу жеткирип турат дегизип 10 томдон турган “Айкөл Манас” аттуу китеп чыгарып жиберген жайсаңчыларга илимий жактан согулган биринчи каршылык болуп, алардын жүзүн ачкан китеп болуп калды. Болбосо алар он томдон турган китепти чыгарып жиберишип, ондогон жылдар бою карапайым элдин башын айландырып ал “Айкөл Манасын” (Жайсаңын) таңуулап, мектеп программасына кийирүүгө кам уруп калышкан болучу. Азыр деле манасчылар өзгөчө бир жаралган адамдар, аларда кандайдыр бир сыйкырдуу күчтөр бар деген түшүнүктөгү адамдар бизде кездешип жүрүшөт. Негизинен алар, биринчи кезекте манасчылар. Андай манасчылар бизде күн өткөн сайын арбып баратат. Ал турсун алардын айрымдары илимий даражаларын жактап жиберишти. Манас айтуу бул адамдагы бир табыйгый жөндөм, эсте тутуунун кадимки абалдан айырмаланган бир өзгөчөлүгү болууга тийиш. Ошондуктан, манасчылар эч кандай сыйкырдуу күчкө ээ эмес. Алар кадимки эле эс-тутуму өөрчүгөн инсандар. Болду башка жомоктун кереги жок.

Андан көрө, төкмө акындар жөнүндө өзгөчө сөз кылсак болот. Мисалы, акыркы убакта айтыш коомунда өзүн айрыкча дааналаган жаш акындарыбыз суурулуп чыкты. Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакадыр өңдүү төкмө ырчыларыбыз жаш турушуп эле, эмне деген залкарларга айланышканын, алар өздөрү да билише элек. Ал анткени ушул 2020-жылдын апрель айында Кыргыз республикасынын эл артисти, булбул үндүү обончу, залкар төкмө акын Элмирбек Иманалиев 42 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Ошол Элмирбек менен кош айтышуу мезгилинде төкмө акындардын жаратылышына кыргыз журту Элмирбектин мисалында дагы бир жолу тереңден сары эсеп салып, салыштырып иликтеп чыгууга үлгүргөндөй болушту. Алар өз ара айтышабы, же эл аралык айтышка катышабы, саналуу убакыттын ичинде каршылашы койгон суроолорго ыр түрүндө жооп берип, ошол эле учурда мамлекеттик маанидеги маселелерди көтөрүп кетүүнү унутпайт. Ушунун баары жогорку чеберчиликте аткарылууга тийиш болсо, чындыгында эле ошондой болуп жатат. Манасчылардын түшүнүгү боюнча, жогорку акындарды дагы сыйкырдуу адамдардын катарына кошушубуз керекпи? Бул өтө караңгы, эски түшүнүк. Кыргыз өзү илгерки ата-бабасынан бери уйкаштырып сүйлөп, жамактата ырдап көнгөн эл экен. Орустун белгилүү саякатчы-тилчиси Радлов болсо керек эле, жаңылбасам, кыргыздар сүйлөгөндө эле ырдап сүйлөйт дегени бар. Ошондуктан кыргызда илгертен бери эле Толубай, Токтогул өндүү сынчы-ырчылар, Тыныбек, Сагынбай, Саякбай өңдүу манасчылар чыккан. Манасчылардын го үйрөнө турган китеби же болбосо устаты бар. Ал эми төкмө акындар устатынан таалим алганы эле болбосо каршысы менен бет келгенде өз алдынча жалгыз да. Көп учурда күтүлбөгөн кадамдарды жасоого аргасыз болот. Ушул жагынан келгенде манасчыларды эмес, төкмө акындарды сыйкырдуу “ыйык” деп айтсак бир топ жүйөлүү болмок. Анан туруп эле кээ бир манасчылардын, айрыкча азыр, “ыйык” болуп алганына аргасыздан күлкүң келет.

Омор аке 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп, 1969-жылга чейин Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында мугалим болуп иштеген. Ошол 1969-жылдан бери Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун кенже илимий, илимий, улук илимий жана жетектөөчү илимий кызматтарда иштеп келет. Өзүнүн ушул 50 жылдык өмүр жолунда жогоруда биз айтып өткөн эки-үч китептен сырткары, Омор аке баш аягы 30дай илимий китептердин, тогуз поэтикалык жыйнактын жана төрт жүзгө жакын илимий макалалардын автору. Кыргыз эли жана жалпы адабий коомчулук Омор акенин кыргыз адабиятынын жана тарыхынын алдында сиңирген эбегейсиз эмгегин баалап, а кишиге Кыргыз республикасынын Илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген наамдарын ыйгарган. Жакында Омор акеге мамлекеттик жогорку сыйлыктын бири, үчүнчү даражадагы Манас ордени тапшырылды. Омор акем тыным албай иштеген илимпоз. Кечөө жакында сүйлөшсөм, “Иманак, силердин көлдүк Момо ажы дегенди укканың барбы?“- деп менден сурап жатпайбы. Көрсө, Омор акем карантин убагында Момо ажынын небереси Кадыр Момоев мындан эки жылдай мурда берип жиберген араб арибиндеги кол китебин араб арибинен орус альфавитине келтирип жибериптир. Ырлары абдан мазмуундуу, маңыздуу экен деп, мага мактап жатпайбы. Бар болуңуз Омор аке! Кыргыз үчүн, бар болуңуз. Ушинтип эле элиңиз үчүн иштей бериңиз.

Иманак Сагынбеков,

Филология илимдеринин кандидаты

“Жаңы Ордо” гезити, №17, 18-сентябрь 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *