shadow

(«Баткен туткуну» аттуу китептен улам келген ойлор)

Мындан көп жыл мурун Салижан Жигитов агайдын бир дүкөндөн ошол күнү чыккан кыргыз тилиндеги гезиттердин баарын алып, заматта баарын баштан аяк карап чыккан соң «бир да информация жок экен» дегенин угуп таң калган элем. Көрсө массалык маалымат каражатын бир өңчөй келди-кетти кабарлар менен имиш-имишке курман чалган заманда деле алардан акылга азык берип, ой чабытын сүрөй турган нерсе издеген тура.

Адам баласы бүтүндөй тарых боюнча маалыматтын таңсыгын сезип, баркын билип жашап келгени белгилүү. Мында баары анын табиятына, дээрине, чындыгына жараша болот. Ал эми китепкананын сыйкыры анын окууга жана баарлашууга эркиндик берип, информацияга кол жеткизген шартында турат. Бүт дүйнөнүн өтмүшүн, бүгүнүн, ал тургай келечегин алаканга салып берген илимий-техникалык өнүгүүнүн азыркы доорунда деле анык, так маалыматтын орду башка, ролу чоң.

Биздин замандын айрым окуяларынын расмий жана жеке архивдерде, күндөлүктөрдө, оозеки эскерүүлөрдө сакталып калган баяндары, баалуу маалыматтары оголе көп. Аларды жыйнап, талдап чыгып, санжап менен китеп жазган кишилер сейрек учурайт. Арийне мындай машакаттуу, ары жооптуу ишке мойну жар берип, адамдык парзы, атуулдук милдети катары санаган зыялылар аз болсо да бар. Ушул жерде кыргыз журтуна таанымал журналист жана жазуучу Бекен Назаралиевдин калемине таандык «Баткен туткуну» повестине кайрылгым келди.

Айтылуу өткөөл мезгилдин будуңчаңында кароосуз калган алыскы тоолуу аймакты дүрбөлөңгө салып, Кыргызстандын эгемендигин сыноого койгон Баткен окуялары дүйнөнүн туш тарабына угулган. Жалпысынан эл аралык терроризмдин көрүнүштөрүнүн бири, ал эми негизинен коңшу мамлекеттин ошол маалдагы бийлигине каршы багытталган аракет катары саналып келет. Мындан кененирээк жана тереңирээк көз караштар менен алардын келип чыгыш себептерин, ички мазмунун жана дараметин аныктоо жагы алигече колго алына элек.

Аталган китептин баалуулугу ошол окуялардын урунттуу жерлерин расмий булактардан, каармандардын эскерүүлөрүнөн алынган жана автордун майданды аралап жүрүп топтогон анык маалыматтарына таянуу менен жазылганында турат. Аскер кызматкерлеринин жана катардагы жоокерлердин кажыбас кайраты, журтсүйөрлүгү, жоону майтарган эрдиктери ушул бейпил заманда, биздин эле арабызда өсүп жетилген азаматтарга бирде суктанып, бирде жан ачытып, кошо жүргөндөй түрдө чагылдырылган.

Көркөм чыгарманын максаты окурманга башка бирөөнүн өмүрүн жашап көрүүгө мүмкүнчүлүк берүү эмеспи. Мына ошондо гана андан тажрыйба алып, маселени коопсуз аралыктан иликтеп, көз карашты жана ишенимди калыптандыра алабыз, түйшөлткөн көп суроолорго жооп издейбиз. Мунун баары жөн гана бир нерселерди үйрөнүү же эрмек кылуу үчүн керек эмес. Дүйнөтаанымдын бирден бир шарты катары окуу көндүмүн жана түшүнүп кабыл алуу аркылуу өзүн өзгөртүү үмүтүн берген кош таасири бар. Андан тышкары адабият бизге адам баласынын жашоо тиричилигине көз сала турган терезелерди ачып, мамлекеттин элге-журтка көргөн камкордугун иш жүзүндө чагылдырып берет.

Коомдук илимдердин табылгалары лабораторияларда эмес, калктын күндөлүк турмушунда сыналат. Илим менен бир катарда саясат да, экономика да, маданият да так ошол адабий чыгармалардан сабак алат, өзүнүн туруш-турпатын күзгүдөн көргөндөй болот. Андыктан повесттин дагы бир маанилүү жагы барга канаат, жокко сабыр кылып алына жараша күн кечирген тоолуктар менен айылдыктардын жай турмушу өзү бүтөткө ташталып калгандай абалды ачып бергенинде турат. Капилеттен аралап кирип келген жоонун бет алдында жападан жалгыз калып, өлкөнүн борборуна эмес, райондун борборуна үнү жетип, жардам сурай албаган карапайым эл өзү билип билбестен керт башынын гана эмес, ата-журттун коопсуздугуна кам көрүп калган экен. Мунун жанында ошол учурдагы саясий жана аскердик жетекчиликтин, жергиликтүү бийликтин өз ара маалымат алмашып, абалды туура баалап, зарыл чараларды шайкеш иш-аракеттер менен жүргүзүүгө анчейин даяр болбогону көрүнөт. Буга китептин тийиштүү бөлүмдөрүндө сүрөттөлгөн окуялар, диалогдор, монологдор күбө катары өтөт.

Дара аймагына райкомпартиянын бюросунун тапшырмасы менен бара турган болуп калганымды эч унутпайм. Ошого чейин давандан нары жактагы Сох дайрасынын көпүрөсүнөн өйдө карай жолум түшкөн эмес эле. Жер-сууларды жакшы билген атамдан сурап, кеп-кеңешин алган соң, райкомдун айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Көлчү Нажимидиновичти кошо барууга көндүрүп, жеңил машинаны бир-эки күн усталарга каратып, ал кезде такыр жетишпеген таза бензинди камдап, даярдык көргөнбүз. Анткени бир жагы тоо, бир жагы дарыя, өтө кууш, бир гана унаа жүрө турган таштак жол менен капчыгайдын тээ баш тарабындагы айылдарга чейин бармакпыз. Аман-эсен жетип, бир топ жерден эл менен жолугуп, суроо-талабын угуп келгенбиз… Андан кийин беш жыл бою көп жолу барып, мектептердин, айылдык кеңештин, окуучулардын өндүрүштүк бригадаларынын иштери менен алектенип, кыркым, чөп чабык өнөктүктөрүнө шарт түзгөнбүз. Повестте айтылган Жоопаядагы жылуу суу менен дарылоо жайынын курулушуна кол кабыш кылып, ачылышына күбө болгом …

Баткен окуялары орун алган маалда Малайзиянын өкмөтүнүн алдындагы Эл аралык мамилелер жана дипломатия институтунда «Эл аралык жана дүйнөлүк кризистердин менеджменти» боюнча атайын дипломатиялык курста окуп жүргөм. Азыркыдай шарт кайда, ар танаписте элчилик менен байланышып, кабар алып тургам. Эки айлык окуунун жыйынтыгын «Афган кризисинин кесепеттери» деген темадагы баяндама менен чыгарган менин беш кишилик чакан тобум 29 өлкөнүн өкүлү катышкан жалпы жыйында сыноо берип, ошол окуяларга да көңүл бөлгөн элек…

Ал жактан кайтып келгенден он күн өтпөй Түркиянын мамлекеттик министри баштаган өкмөттүк делегацияны Баткенге, андан ары Зардалыга чейин коштоп барып келгем. Китепте сүрөттөлгөн тоо-таш, жер-суу, туткундар кармалган малсарайлар кечээки жоодон куткарылып, эми аскердик бөлүктүн коргоосуна өтүп калган учур экен. Эл четинде, жоо бетинде турган жоокерлердин өз милдетин аткарууга түзүлгөн жашоо шарттары ошол жердин геосаясий абалын бери койолу, бийиктигине, климатына ылайык келбегенин, азык-түлүк камынын жоктугун, жаш жоокерлер кезектешип казанга нан жаап, эптеп тоюнганын көрүп зээн кейиген.

Абалды жеринен көрүп келген түрк министри өлкөсүнө кайткан замат өкмөтүнүн атынан 5 миллион долларлык өлчөмдөгү аскердик-техникалык жардамды уюштуруп, Кыргызстанга жөнөткөн. Анын ичинде түндө көрө алчу аспаптар, 20 градустук суукка чыдай турган уйку каптары, көчмө ашкана, көчмө мончо жана башка бийик тоолуу жердин оор шарттарына ыңгайлуу жабдыктар бар эле. Ошол жардамдын өз дарегине жетип, жетпегени алигече бүдөмүк бойдон калды. Борбордон нары чыкпаганын, ал тургай башка жактарга жайгаштырылганын билгендер айтып берген жайы бар…

Биз жашаган Орто Азия жердин эки чоң цивилизациясы — тоо менен талаанын бетме-бет жолуккан куттуу жери деп саналат. Экологиясы жана гидрологиясы (суулары агып чыкпас бассейн) боюнча туюк, өзгөчө бир физикалык географиялык аймак. Жыл мезгилдеринин тең салмагынан (үч айлык төрт сезон) улам топурагы менен кендери таза келет. Совет бийлигин орнотуу маалында «балта менен бөлүнгөн» ушул чөлкөмдүн андан кийинки жетимиш жыл ичинде аралаш-катыш өнүгүү доору өтүп кетти. Ал эми көз карандысыздык менен кошо келген олжолордон көйгөйлөр басымдуу чыгып аймактын эзелтен калың катмарлуу генетикалык огун, б. а. укумдан тукумга уланып келген учугун үзүп салгандай эле болду. Учурдун талабына жараша жер которуп көчүү (миграция), шаарларга байырлоо, жумушсуздук, каатчылык сыңары кендирди кескен көрүнүштөр элеттин турмушун өзгөртүп, муундардын байланышын азайтып, маданий дөөлөттүн кутун качырды. Жер арыктап, тоо ээн калып, эл азып кетти. Борпоң топурак отоо чөпкө кор болду. Муну Баткен окуялары ачыкка чыгарып койду.

Убагында Кокон хандыгы менен Кашкардын, Кытай менен Орто Азиянын арасындагы карым-катнаштын кан жолу ашып өткөн Памир-Алай тоо кыркалары Баткендин туш желкесинде керилип жатпайбы. Анын ошол географиялык өзгөчөлүгү тарыхтын аманаты, жашоо тиричилигинин негизги таянычы, булагы, максаты гана эмес, түрдүү түркүн кыйынчылыктардын, көйгөйлөрдүн табигый себептери да болуп эсептелет. Бул шарттардан улам ушул өрөөндүн эли айлана-тегерегиндеги элдердин, аймактардын, өлкөлөрдүн ар кандай күрөштөрүнө аргасыздан тартылып, аралашып, катышып калат.

Биз көбүнесе тоолордо таза аба, тунук суулар, мөлтүр булактар, кооз гүлдөр, дары чөптөр, түркүн жаныбарлар, кен байлыктар жана бейпил табият бар деп билебиз. Чынында деле ошондой. Бирок ошону менен бирге тоолор кимдир бирөөлөр тарабынан башпаанек, өтмөк, сыр сандык катары көрүлүп, балээнин уюгуна айланып калган учурлар кезигет. Алардын койнунда тынчы жок шылуундар, качкын аткаминерлер, ууру-кескилер, из жашырган кылмышкерлер, уюшкан жанкечтилер, айлана-тегеректеги өлкөлөрдөн өтүп келген ар кандай таштандылар жашынып жүргөнү билинип калбадыбы. Жөн жүрбөй ар кандай терс нерселер менен алектенип, абадан-суудан тапкан арам акчаларын экономиканын тамырында айланып турган адал канга кошуп жиберип, бейкүнөө кишилердин дене боюн, жан дүйнөсүн уулап жатпайбы. Алла талаанын ыйык атын ураан кылып, айкырык салып, кайсы бир идея үчүн күрөшүп жаткансыган тышкы көрүнүшү жөн гана ошол өздөрү кынык алган жашоо образын коомдун коз алдында актоо аракети эмеспи. Антпесе коомдун пайдасы, жалпы адамзаттын жыргалчылыгы үчүн күрөшүүнүн тоо-ташта жашынып жүрүп эмес, эл арасында, иш жүзүндө, мыйзамдын чегинде жүргүзүлгөнү ырас болбойт беле. Мунун ачык далилдерин аталган китептен да көрүүгө болот.

Дүйнөтааным тоолорду туруктуулуктун элеси катары карайт. Жер жүзүндө жашаган калктын 15 проценти, атап айтканда 1,1 млрд киши кургактыктын 27 процентин түзгөн тоолуу аймактарда жашайт. Планетанын жалпы тургундарынын дээрлик жарымынын жыргалчылыгы тоолордон алынган суу, азык-түлүк жана энергетикалык ресурстарга көз каранды. Алар болсо климаттын өзгөрүшүнөн, жер кыртышынын кунары кемигенден, чектен тышкары пайдалануудан жана табигый апааттардан улам коркунучка туш келип турат. Тоолорго карата камкор мамиленин натыйжасы экономиканын өнүгүшүнөн көрүнөт. Элдин менталитетин, мүнөзүн, ойломун калыптандырып, башкаруу ыкмаларын аныктап берген тоолордун социалдык маанисин улуу ойчулдар Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари эбак эле белгилеп кеткен.

Ааламдын келечегине кам көргөн эл аралык коомчулук акыркы мезгилдерде тоолордун ролуна өзгөчө көңүл буруп келет. Бириккен Улуттар Уюму 1992-жылы айлана-чөйрөнү коргоого жана өнүктүрүүгө арналган атайын конференция уюштуруп, туруктуу өнүгүү жолунда тоолорду сактоо маселесин XXI кылымдын күн тартибине кошкон, ал эми 11-декабрды тоолордун эл аралык күнү деп белгилеген. Мындай саамалыкка Кыргызстан өзүнүн иштиктүү салымын кошуп келет. Биздин өлкөнүн демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы 1998-жылдын 19-ноябрындагы (A/RES/53/24) атайын чечими менен 2003-жылды тоолордун эл аралык жылы катары жарыялаган. Ошондон бери карай 2017-жылы илбирсти коргоо боюнча эл аралык форум, 2018-жылы бүткүл дүйнөлүк тоо форуму (эсеби боюнча төртүнчү) өткөрүлүп, 2019-жылы тоолуу өлкөлөрдүн достук тобу түзүлгөн.

Жалпы аймагынын дээрлик басымдуу бөлүгүн (93%) тоолор түзгөн Кыргызстан үчүн ушул багытта ишке ашырыла турган милдеттер, эл аралык милдеттенмелер баарынан илгери сапта турат. Адыр-дөбөлөр эмес, бийик тоолорду тегиздеп, жаңы жерлерди кызуу темп менен өздөштүргөн, арткан топурактардан деңизге жасалма аралдар салып, көрктөндүрүп, элдин кызматына коюп жаткан коңшу өлкөнүн тоо философиясына көз салып, ойлоно турган мезгил келди.

«Баткен туткуну» аттуу китептин маалымат, тажрыйба, акыл азыгы жагынан келтирген пайдасы зор. Окурманды кайдыгер калтырбай, мекендин коргонуу кубаты, коопсуздук деңгээли, бийлик өкүлдөрүнүн кызматтык, кесиптик жана жарандык милдеттерге көз карашы жөнүндө ойго салат. Баткен окуяларынын негизги сабагы — денени каптаган тери сымал чек араны бүтүн, таза кармап, көздүн карегиндей сактоо керектиги. Антпесе карапайым эл гана эмес, аскер башчы деле туткундун азабын тартат экен.

Тарых менен тагдырдын аманаты болгон тоолор биз үчүн өмүрдүн булагы бойдон кала берсин, ал эми аяк-астынан көз арткандарга тоскоол болсун.

Бактыгүл Каламбекова

“Жаңы Ордо” гезити, №11 (663),  26-июнь, 2020-жыл

 

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *