shadow

 

“Адам баласына чексиз эркиндиктин берилиши да опурталдуу, кийин аны башкарууга болбой калат” дээр элем. Буга Англиянын мурдагы экс Премьер-министри Уинстон Черчилль да “демократиянын жаман жактары өтө көп, ал анархиялык бийлик талашуудан мамлекетти баш-аягы жок туңгуюкка алып барат” дегени бар.

Бул макаланы жазууга турмуш өзү шарттап көргөн көзүңө, уккан кулагыңа ишендирбей мажбур кылды көрүнөт. Ишенген кожом сен болсоң дегендей бири мырза, бири шер деген эл башы кожолордун, эскиче кандардын азыркысы президентмин дегендердин кылык-жоруктарына, акылга сыйбаган кылмыш, кыянаттык иштерин карап туруп кам (чийки) сүт эмген пенде экенбиз да дегенден башка таң калбаска аргаң калбай барат. Чын, мурдагы чала сабат, мен канмын, каалаганымды жасаймын деген падышалар менен азыркы иш билги сабаттуумун деген президенттердин айрымдарынын ажырымы болбой калды десем аша кетпесмин. Бийликтин, эл башкаруунун ушунчалык таттуулугун кечөөкү Белорусиянын президенттик кайра шайлоодо 1994-жылдан бери Белорусиянын президенттик тактысынан түшпөгөн, дагы да элдин каалоосун эсепке албай мен дагы да президент болом деген Александр Лукошенконун элдин көтөрүлүүсүн эсепке албай президенттик тактысына кайра келиши, билгенимди жасаймын, колуңардан эмне келет деген атасынан мураска калган ханствого барып жатпайбы.

Мен өткөн бийлик башына келген өкүмдарлардын, бизче айтканда президенттердин экөөсүнүн гана тарых таржымалын окуп эл катары аталарга, аларды төрөгөн энелерге ырахмат дедим. Адам болгондон кийин кемчилдик, жетишпестик болот дечи. Мындай акылга сыйбаган биздин кыргыз президентимин деген кечөөкү жал балдардын “трах, трах” оюнун уюштуруп, мен “Кой-Таш Республикасын түзөм” деген акылсыз кандын акылга сыйбаган, бүткүл дүйнөгө уят кылган президентмин дегенге не дейсиң. Ушул эле сенарийди Белорусь президенти да кайталагысы келип эгер эл баш ийбесе мен деле жөн отурбаймын, курал көтөрүп чыкканга дейре барам деп жатпайбы. Өткөн акылсыз кандардан сырткы формасы жагынан айырмаланбаса жасаган иштери, акылга сыйбаган кылык-жоруктарынын айырмасы болбой калды. Түркмөн, тажик президенттеринин күлкү келээрлик – бири гитара чертип ырдаса, экинчиси өмүр таржымалын жогорку, орто окуу жайларына дейре окуттуруп тажик элинин эсинде ушундай президентибиз өткөн дедирте түбөлүк калууну максат кылып жатпайбы. А мезгилинде өзбек президенти Ислам Каримовдун ысмына не деген сөздөр айтылбады. Көрсө каттык кол, эч ким менен алака карым-катнаш түзбөйт деген өзүмчүл президент дегенибиздин чөнтөгүндө, банктык эсептеринде бир сум акчасы болбоптур. Неге Каримов өз кызын, Гулнараны өзү камака алдырганын баары эле билет. Көрсө атасынын бийлигине жашынып алып, не десе президентибиздин кызы, мунун айтканын кылбасак деп миллиондогон долларларды чет өлкөдөгү Гулнаранын банктык капчыктарына которуп турушкандыгы кэчөөкү маалыматтарда дайын болду го. Мына, азыркы президенттердин ханыша, канзада уул, кыздарынын ата абийирине доо кетире жасаган кылмыштары. Мына, алыс барбай өзүбүздүн эле эки президенттин эл тарабынан куугун жеп бөтөн эл, жерден башпаанек издегендери кудум эле өткөн Кокон тактысынан эки жолу куулуп акыры барып Ооганыстанда өлгөн Кудаяр кандын таржымалын эске салат.

Мен тарых арсеналынан казмалап элдин купулуна толорлук эки гана президентти окуп таң калганым болду. Бири токсонунчу жылдардагы кайра куруунун шарданында орус тактысына келген Борис Николаевич Ельцин болсо, экинчиси, ушундай да карапайым жашоо кечирген президент болот экен да деген таң калган адамым 2010-жылдан 2015-жылга чейин Уругвай мамлекетин башкарган, беш жылдын аралыгында Уругвайды алдыңкы мамлекеттердин катарына кошкон Хосе Мухико аттуу президенттин карапайым, катардагы адамдардан айырмасы жок жашоо кечире алгылыктуу жасаган иштерине таң калып жатпайымбы. Мындай тарых күйөрманы катары бийлик башына келген өкүмдарлардын тарых таржымалын окуп көрсөм эч бирөөсү өз ыктыяры менен колундагы бийликти тапшырган эмес экен. Бир гана жалгыздан жалгыз, өзүнүн купулуна толгон, уул, тууганы деле эмес жөндөмдүү жигит В. В. Путинди орус бийлигин башкарууга ушу жигит татыктуу, жарайт деп отургузуп кетпедиби. Азыр эми орус элинин пешенесине бүткөн жылдыз сымал куулук-шумдугу, ичип-жегени жок иштеп жатпайбы.

Оо, Хосе Мухико президенттин карапайым жашоосун экрандан көрүп отуруп таң калбадымбы. Президент учурунда да мойнуна галстук тагып кербезденбептир. Достору президент болгон күнү жанагы ишине минип барчу томпогой машинени белек кылышкан экен. Аны кийин Арап миллионерлери 1 миллион долларга сатың десе белек сатылбайт, эгер сатчу болсом досторумду саткан менен барабар болуп калбайбы, жок болбойт, сатылбайт” деп жооп берген экен. Азыр деле ошо атасынан калган эски короосунда байбичеси, балдары менен өмүр кечирип, жанагы арап сатып алмакчы болгон томпогой машинесин «эмнеси кызык болду экен» деген кабарчы Хосе Мухико президенттин ролдогу орунуна отуруп жатпайбы.

Неге сизди алып жүрчү кортеж машинени минбей ушу кичинекей томпогой машинеңиз менен беш жыл президенттик кылыпсыз. Мындай жүрүш бийлик башындагы адамга туура келбесе керек десе, “мени күзөтүп жүрчү адамдар башка жумуш менен алектенсин” деп өзүмдү өзүм алып жүргөнүм ошондон. Анан неге жансакчы алып жүрбөдүңүз деп жатпайсызбы. Эгер мени өлтүргүлөрү келсе темир тосмого калкаласаң да өлтүрүп кетишмек. Президент болобу, ким болбосун өзүнө ак болсо ага эч ким катыла албайт. Анан дагы айтарым бул жашоодо жөнөкөй, алдым-жуттуму жок таза өмүр кечиргенден өткөн бактылуулук жок. Менин дагы экинчи жолу президент болуума аракет кылышты. Мен ага көнгөнүм жок, себеби менин президенттик жолумду андан ары улантчу таланттуу жетекчилер көп деп орунду бошотуп бердим. Менин беш жылдык президенттик аткарган ишимди элим өзү баалар” десе кабарчы “ биздин президент Хосе Мухико, ал элдин жүрөгүндө түбөлүк жашайт” деп жатышпайбы десе, күлүп ошентип айтышат, демек мен кичине болсо да эл үчүн иштепмин деп калам” деп огородунда иштеп жатып жооп берип жатпайбы.

Мына ушундай, окурман, дүйнөдөгү эң карапайым президенттин жашоосу, беш жылдык аткарган иши ушундай. Азырга дейре президенттик маянасынын 90 пайызын карапайым жакыр үй-бүлөлөргө бөлүштүрүп тургандыгы адамгерчиликтин эң бийик улуулугу эмей эмне.

Демек мен тарых окурманы катары дүйнөдө канча кандар, өкүмдарлар, премьер-министрлер, президенттер өткөн болсо, ошолордун ичинен өзүмө жакын тута сыймыктана айта жүрөйүн дегеним эки гана президент билем, булардан башка элдин купулуна толорлук президент болгон эмес, мындан ары болбойт деле деп калдым. Ал экөөсүн атап өтсөм орус президенти Борис Николаевич Ельцин болсо, экинчиси эң карапайым, мындай ачык айтканда президенттердин эң эле кембагалы, Уругвай мамлекетинин президенти Хосе Мухико.

Мурзапар Үсөн аль Мервани

“Жаңы Ордо” гезити, №16 (668),  11-сентябрь, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *