shadow

Ата-тегинин баяны

Рокфеллерлердин ата-бабаларынын фамилиясы адегенде Рокфаль болчу. Алар 17-кылымда Франциядан качып чыгышып, Германиядан орун-очок табышкан. Жергиликтүү калкка окшошууну каалашып, аты-жөнүн да Рокфеллер деп атап алышкан. Америкага алар 18-кылымда барышып, Нью-Йорк штатындагы Ричфорддо жашап калышкан.

Династия башчысы Уильям Рокфеллер жана аялы Элайза Дэвисон

Уильям Рокфеллерди жакшы адам деп айтууга деле мүмкүн эмес болчу. Ал шайкелең, жылкы уурдаган, шарлатан, калпычы адам болгон. Ал Ричфордго үй-бүлөсүнөн бөлүнүп, өзүнчө келип, кыйлага чейин дудук кейпин кийип, эч сүйлөбөй жүрө берет. Бул айласынын аркасы менен, ал кичинекей шаардагы тургундардын баарынын ички терең сырларына чейин билишке жетишет.

Сымбаттуу эркекти көрүп, жергиликтүү сулуу Элайза Дэвисон: «Мен бул жигит дудук болбогондо күйөө кылып алмакмын!» — ​дейт. Уильям бул кызга үйлөнүү жаман болбосун түшүнөт, себеби, кыздын атасы 500 доллар (ал учур чени менен алганда — ​эбегейсиз чоң акча) сеп берерин билет. Тез эле эки жаш никелешет. Дагы эки жылдан соң алардын биринчи баласы — ​Джон төрөлөт.

Сыягы, Элайза күйөөсүн сүйсө керек. Анткени, үйлөнгөндөн кийин эле Уильям абдан жакшы угуп, мыкты сүйлөй аларын билет. Жада калса ал үйгө өз ойношу Нэнси Браунду жетелеп келсе да ажырашуу жөнүндө ойлобойт. Анан калса, ал мыйзамдуу аялы менен жарышып, күйөөсүнө бала төрөй баштайт. Бардыгы болуп Уильям 6 балалуу болот.

Соттук куугунтуктардан коркуп жана да эки аял менен жашап жатканы билинип калат деп, Рокфеллер үй-бүлөсүн дайыма дароо көчүп кетүүгө даяр абалда, чемодандары салынган бойдон кармайт.

Дегеле Рокфеллерлер жетишпеген турмушта жашашкан. Кожоюн түн жамына үйдөн айтпай-дебей эле кетип калып, бир нече айлап жоголуп кетчү адаты бар боло турган. Аялдарына да кайда жүргөнүн түшүндүрүп олтурчу эмес. Ошондой сапарларында ал өзүн доктор, чөп дарыларын билген табып сыяктуу тааныштырып, медициналык билими жок болсо да, кыйла каражат таба алчу. Мылтыктан атуучу конкурстарда жеңип чыгып, жасалма изумруддар менен соода жүргүзчү.

Элайза күйөөсү кандай адам экендигин жакшы билгендиктен, билек түрүнө иштеп, балдарын дагы иштегенге мажбурлачу. Ал Уильям өзүнүн соңку сапарынан кайтабы, же жокпу — ​болжолдой да алчу эмес. Арийне, ал дайыма кайтып келип, үй-бүлөсү карыз алып жашаган кредитти жапчу. Анан кайра эле жок болуп кете турган. Анын шарлатандыгы ушунчалык өсүп кеткендиктен, ал үйүн чоңойтуп, токойдон тактай даярдоо менен алектенип, 100 гектар жерди сатып алат.

Джон Дэвисон Рокфеллер: алгачкы иштеп тапканы

Джон төрөлгөн кезде (8-июль, 1839-жыл) Рокфеллердин үй-бүлөсүндө никесиз төрөлгөн балдары бар болчу. Атасы кантип иштеп жатканын көрүп, жалаң жакырчылыкта чоңойгон бала тестиер чагында эле соода-сатыкка аралаша баштаган. Мисалы, ал бир фунт конфет сатып алып, аны чакан бөлүктөргө бөлүп, өз агаларына жана эжелерине сатчу. Же болбосо, бир жолу Джон сейилдеп жүрүп жапайы үндүктүн уясын тапкан. Анын бардык балапандарын алып кетип, багып чоңойткон да, аларды өтө кирешелүү баада сата алган. Тапкан акчасын ал сарамжалдуулук менен копилкасында сактап, андан соң атасына үстөгү менен карызга бере турган.

Кичинекей Рокфеллер мектепте окуган кезде атасы соттолуп кетет. Ал эми 1855-жылы башка аялга үйүнө кирип алып, өмүрү өткөнчө өз үй-бүлөсүнөн, балдарынан жана да өзү акча карыз болгон адамдардан жашырынып жүрүп өтөт. Джон мектепти бүтпөй калат. 16 жашында колледжге кирип, «Коммерциянын негиздери» аттуу курстан билим алат. Тез эле ал окууну да таштап салат. Дагы үч айдан соң 3 айлык бухгалтердик курска кирет. Анан Hewitt&Tuttle компаниясына жумушка кирип, деңизде жүк ташуу жана кыймылсыз мүлк менен алектенет. Ассистент кезде айлыгы 17 доллардан башталып, 25 долларга чейин көтөрүлөт.

Абдан зирек жаш жигит тез эле айлыгы 600 доллар болгон башкаруучуга чейин өсүп жетет. Бирок, өзүнөн мурда бул кызматта иштеген адам 2000 доллар алып жүргөнүн билип калып, бул ишин таштайт да, мындан ары эч качан бирөөгө жалданып иштебеске шерт кылат.

Көп миллиарддуу бизнестин жаралышы

1857-жылы Рокфеллер тамак-аш азыктарын саткан «Джон Моррис Кларк и Рочестер» фирмасынын партнеру болуп калат. Жарандык согуш башталганда, фирма армияны камсыздоого өтүп, иши илгерилей баштайт.

Согуштун аягында Пенсильвания штатында нефти кенин табышат. Джон дароо эле элдер пайдалана баштаган чырак керосин анын партнеру экөөнүн фирмасын байыта аларын түшүнөт. 1864-жылы алар Кларк экөө нефти алууга катуу киришишет. «Эндрюс жана Кларк» фирмасын негиздешип, нефтини кайра иштетип чыгаручу «Флэтс» заводун курушат.

1865-жылдан баштап Рокфеллер толугу менен нефти бизнесине өтүүнү чечет, партнеру буга каршы болот. Анда ал фирмадагы өз үлүшүн 72,5 миң долларга сатып алат да, толугу менен «кара алтын» дүйнөсүнө сүңгүп кирет.

Американын 95% нефти бизнесин ээлөө

Кызматкерлерине Джон накталай акча төлөбөй, компаниянын акциялары менен эсептешчү. Бул аларды мыктыиштегенге түртүп, кирешенин көбөйүшүнө алар да кызыкдар болушуна алып келген. Мындан сырткары, өз партнеру Генри Флагер менен чогуу чакан фирмаларды сатып алып, нефти боюнча шугулданууну бүт өз колуна топтогон. Ал өз конкуренттерин: же өз ыктыярлары менен биригүүгө, же биротоло банкрот болуу деген кыйын кырдаалга такай билген. Бул да таасир этпесе, артында турган оор артиллерия: Standard Oil компаниясы кирише турган. «Кара алтын» рыногунда зор таасири бар компания күйүүчү майга атайылап бааны түшүрүп, атаандаш фирмалардын чыгымдарын арттыра турган.

Ушунун натыйжасында, 1880-жылы Рокфеллердин компаниясы АКШнын нефт иштетүүсүндөгү 95% ээлеп алат!..

Джон Рокфеллердин башка байлыктары

Нефти иштетүүдөн башка дагы эң бай адам төмөнкү байлыктарга ээ болгон:

  • 16 темир жол компаниясы;
  • 6 болот куюуучу компания;
  • 9 кыймылсыз мүлк агенттиги;
  • 6 пароходчулук;
  • 9 банк;
  • 3 апельсин плантациясы.

Джон 100 жашка жетүүнү кыялданчу, бирок 97 жашында жүрөгү кармап каза болгон. Бул кезде анын байлыгы 1,4 млрд доллар деп бааланып турган.

Джон Рокфеллердин балдары жана неберелери

Рокфеллер аты-жөнү өзүнө толук уйкаш болгон — ​кичүү Джон Дэвисон Рокфеллер деген жалгыз уулуна мураска 460 миллион калтырган. Анын көбү кайрымдуулук иштерге жумшалган. Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштан пайдалана билген кичүү Рокфеллер атасынан калган байлыкты ого бетер көбөйтө алган.

Ал АКШнын өтө таасирдүү саясатчыларынын бири — ​сенатор Нельсон Олдричтин кызына үйлөнүп, 6 балалуу болгон. Алардын баары чоң кызматтарда иштешип, Рокфеллердин тукумун татыктуу көрсөтө алышкан.

Азыркы Рокфеллерлер

2017-жылы кичүү Джон Рокфеллердин кенже уулу Дэвид 102 жашында дүйнөдөн кайткан. Ал бул династиядагылардын ичинен өз автобиографиясын чыгарган жалгыз адам болуп калды.

Арийне, Рокфеллерлердин тукуму ошону менен эле токтоп калды дегенге болбойт. Азыркы кезде алардын ээлеген каражаты 300 миллиард доллар деп бааланат. Ал эми бул династиянын мүчөлөрү дүйнөдөгү эң таасирдүү адамдар деп эсептелишет.

Орусчадан которгон:

Жумабек Кыдырбаев

“Жаңы Ордо” гезити, №16 (668),  11-сентябрь, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *