shadow

Мындан 30 жыл мурда Россия, Кыргызстан, Кытай бири-биринен өзгөчө айырмаланбаган, бирдей деңгээлдеги өлкөлөр болгон. Социалисттик система менен өнүккөн, саясий түзүлүшү, экономикасы, идеологиясы, баарына тийиштүү Коммунисттик партия бар эле. Ал эми бүгүн болсо, өнүгүүнүн эң кыска жолу болгон социалисттик система менен өнүккөн Россия менен Кытай өнүккөн өлкөлөр катары чоң державаларга айланышса, капиталисттик системага баш-оту менен кирип кеткен Кыргызстан 30 жылдан бери таланып-тонолуп, экономикасы өлүп, кыргыз эли чачырап калды.

Саясатчылардын, эксперттердин айтымында Кыргыз мамлекети жок болуу чегине жетти. Себеби өнүгүүнүн эң кыска жолу болгон социалисттик системаны көралбаган капиталисттер узак жылдар бою идеологиялык согушту жүргүзүп келишкен. Идеологиялык согуш-душмандын аң-сезимин 180 градуска буруп, аны ичинен жарып жок кылуу, же болбосо биздегидей “өзүн-өзү жок кылуу системасын” орнотуп чачыратып жок кылуу. Орустар айткандай “Война умов”. Мындай жол менен СССРди таркатып жок кылган капиталисттер андан кийин Союздук республикаларды жок кылуу планын ишке ашыра башташкан. Капиталисттердин каршылаштары канчалык келесоо болушса, аларга ошончолук жеңил болуп, Кыргызстандын ички душмандары мамлекетти ашыгы менен талкалап беришкен. Ички душмандардын былыктарын ашкерелеп, элге жарыялап турган адам менен соттошобуз деп чыгышкан Ак-үйдөгүлөр жөнүндө айта кетсек, пресс-катчы Камиль Баялинов адвокат дайындап жүрсө, Ак-үйдө 18 жазуучудан турган Коомдук палата түзүп алган жазуучу раматылык Казат Акматов “мен бул адамды үч ай бою издедим, институтта, мин-культурада, эч жерден таппадым, демек мындай адам жарык дүйнөдө жок, жөн гана фамилия экен” деп катуу киришкен. “Кыргыз президенти бир адам менен соттошот экен, бирок ал адамдын айткандары 100 пайыз чындык экен” дешип, аягында Коомдук палатаны жабууга аргасыз болушкан. Андан кийин 1 млн 300 миң кол чогултулган мыйзамсыз Референдумду токтотуп, Президенттик шайлоодо А. Масалиев 57% менен утуп алган менен “билген кишини билбеген киши жеңип кетет” болгон. Ал кездеги Президенттик шайлоодо азыркы президент С. Жээнбеков Ош облусу боюнча координатор болуп, уюштуруу иштерин өзү жүргүзгөн эле.

Андан берки президенттердин катачылыктары, кемчиликтери, толгон-токой көйгөйлөрү үйүлүп-жыйылып отуруп, бүгүнкү президент С. Жээнбеков башында турган кыргыз бийлигине жүктөлдү. Жүктөлгөнүн көрүп турабыз, бирок ачык айтыш керек, ушунча президенттердин арасынан, ушунча миллион кыргыздын ичинен В. И. Ленин же И. В. Сталин сыяктуу бир адам чыкпады. Бизден бир кылым мурда жашаган Ленин менен Сталин дүйнөлүк деңгээлдеги адамдар болуп тарыхта калышса, биздикилер райондун, колхоздун деңгээлинде кала беришти. Биздин бүгүнкү ордубуз Африканын жапайы өлкөлөрүнүн катарында. Илгерки таш доорундагы жапайылар костюм шым кийип причёска жасатып алышып, англисче, орусча сүйлөп, өздөрүн кыргыз элинен жогору сезип алышкан сыяктанат. Элдик патриот Назарбек Нышанов мындайларды карышкыр менен чөөлөргө салыштырып, аларды өңдөрүнөн гана эмес издеринен да таанып коёрун айткан эле. Карышкырлар менен чөөлөр сыяктуу кыргыз мамлекетин 30 жылдан бери улуп-жулуп талап келишкен премьер-министрлер, спикерлер президент С. Жээнбеков менен жолугушуп, дидарлашуу аземин өткөрүшкөн. Алардын арасында чоң уурулар Танаев менен Нанаев болгондо кыргыздын ит адаты боюнча аларга кой сойуп беришип, аябай сыйлап, баштарына тебетей кийгизип үстүлөрүнө чепкен жабышмак. Ар кандай жолугушуу, дидарлашуу, маектешүү деп отуруп эки жыл убакыт бекер кетти. Эки жыл эмес, эки айдын ичинде керектүү реформаларды жүргүзүп, Кыргызстанды калыбына келтирип, өнүгүү жолуна салып койсо болмок. Коррупцияга каршы күрөштү коронавируска каршы күрөшкөндөй жүргүзсө болмок. Бүгүнкүдөй оор абалда жоктон көрө жогору болуп, аты бар заты жок мамлекет болуп жүрө берүү үй-бүлөлүк-кландык-коррупциялык режимге майдай жагууда.

“Өлүм көп жерде молдо семирет” дегендей, коронавирустан кийин Эл аралык валюта фондунан 120млн доллар алынып, гуманитардык жардамдар келе баштады. Андан сырткары көптөгөн эл аралык уюмдардан, эл аралык банктардан, көптөгөн мамлекеттерден алынган миллиондогон доллар жардамдар кантип жок болду жана кимдин чөнтөгүнө түштү? Кайырчыга тыйын ыргыткансып бөлүнгөн 123 млн сомдун дайыны жок экенин кийинки парламенттин тизмесине илинбей калган депутаттар айтып отурушат. Ошондо, доллардын курсу 70–80 сом болсо, 1млн доллар 70–80 млн сом болот. Демек, бир жарым млн доллар коронавируска коротулса калган 120 миллиондон 700 млн долларга чейин желип жок болдубу? Эми, 30 жылдан берки желип жок болгон миллиондор триллиондон ашып сан жетпей калгандыктан кеп кылуунун деле кажети жок болуп калды. Кыскасы, үй-бүлөлүк-кландык-коррупциялык режимге акчадан башка эч нерсенин кереги жок экени мурдагы президенттер убагында эле билинген. 30 жылдан бери келаткан үй-бүлөлүк-кландык-коррупциялык режимден, алдамчылыктан, уурулуктан кутулуш үчүн Россия менен Кытай сыяктуу Социалисттик системага кайтып келүү керек. Кыргызстандагы 300 партия, 40 уруу, ар кандай кландар, дагы башка толгон- токойлору биригип, бир гана Коммунисттик партияга баш ийиши керек.

Президент С. Жээнбеков ЦК Компартиянын биринчи секретары болсо, биринчиден, бүгүнкү коррупциялык система толугу менен жок болот, экинчиден Кыргызстан автоматтык түрдө өнүгүү жолуна түшөт. Кыргызстанда татыктуу президент болгондо геосаясаттын тараза-ташы Россия-Кыргызстан-Кытайга ооп, болуп көрбөгөндөй зор күчкө айланмак.

Бирок АКШнын айткандарын ашыгы менен аткарып келатышкан кыргыз президенттери капиталисттер түзүп беришкен “өзүн-өзү жок кылуу системасын” аткарып жатканын түшүнө алышпайт. 30 жылдан бери Кыргызстанды талкалап келаткан “өзүн-өзү жок кылуу системасын” айттырбай түшүнгөн Россия менен Кытай өнүгүп жатышса, бизде “өлгөндүн үстүнө көмгөн” болуп парламенттик башкаруу системасын орнотуп коюшкан.

Парламент жөнүндө кыскача айта кетсек, 2010- жылдагы кандуу революциядан кийин Убактылуу Өкмөттүн Декреттери чыга баштаган. Мындай декреттерди 1917-жылкы Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин В. И. Ленин чыгарып, Социализм доору башталган. 2010-жылы Социалисттик системага өтүп кетүү коркунучу жаралганын байкаган АКШ баш болгон капиталисттер жүрөктөрү түшүп, Р. Отунбаеванын жардамы менен шашылыш түрдө парламенттик башкаруу системасын орнотушкан.

Бул система Кыргызстанды чачыратып жок кылуунун эң эффективдүү формасы экенин кайгылуу Ош окуясынан кийин кан жутуп аза күтүп отурган кыргыз эли түшүнө алган эмес. Парламенттик башкаруу дегени коррупциялык башкаруу экенин байкаган кыргыз эли 2010-жылдан бери “Кетсин!”, “Таркасын!” деген талаптарын коюп келишет.

Кийинки парламентке коррупциялык бийликтин өз адамдарынан сырткары АКШ колдогон адамдар депутат болуп келишет. Калгандары болсо көлөкөгө тон бычып, кур бекер убара болуп жүрүшкөн бечаралар экенин кийин түшүнүшөт. Коррупциялык парламенттин барынан жогу жакшы экенин 2010-жылдан бери айтып келаткан кыргыз эли 100 пайыз шайлоого катышпай койгон күндө да, “шайлоо 100 пайыз таза өттү, таза президентибизге таза депутаттар келип кошулду, мына эми Куда кааласа өнүгүү жолуна түшөбүз” дешип эртеден-кечке, күнү-түнү дебей жарыяланат. Мындай алдамчылыкка, мындай наадандыкка кыжыры кайнаган кыргыз эли көтөрүлүп чыгаары сөзсүз. Кандай система болгондо кандай жыйынтык келип чыгаарын алдын ала билген АКШ алакандарын ушалап турган чагы. Парламенттик Кыргызстан жарылуу чегине жетээр замат отко май куйганды башташат. Азырынча, AКШнын долларына кызыккан ач көз кыргыздар “пулуң болсо кулуңмун” дешип алардын айткандарын ашыгы менен аткарып беришет. Жыйынтыгында, кыргыз парламентин сатып алган АКШ каалаган максатына жетип, ЦРУ, НАТО, Пентагондун пландарын ишке ашыра алат. Кыргызстан аркылуу Борбор Азияга таасирин күчөтүп, андан ары Россия менен Кытайды колтукка сайгылай баштайт. Жөн жүрбөгөн АКШны айдап чыгуу иштери башталганда алардын ИГИЛ баштаган наемный армиясы, НАТО өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрү катуу каршылык көрсөтөөрү түшүнүктүү. Афганистан менен Сирия сыяктуу согуштук регионго айланып калбаш үчүн, парламенттик-коррупциялык башкаруу системасын жоюш керек. Акчанын артынан түшкөн ач көздүк Кыргызстанды жок болуу чегине алып баратат. Кыргыз мафиясына бириккен түшүнүгү тар адамдар жок болуу процессин мурдагыдан да тездетишти. 30 жылдан берки АКШ орноткон “өзүн-өзү жок кылуу системасы” президенттик-парламенттик башкаруу деп аталганы менен иш жүзүндө коррупциялык-мафиялык башкаруу болуп келген. Бүгүн ошол коррупциялык-мафиялык система ачыкка чыгып, мафиянын “өзүм билемдиги” күчөдү. Мамлекеттүүлүк, мыйзамдуулук жок болуп уурулукка, алдамчылыкка өтүшкөн.

Кыргыз мамлекетин, кыргыз элин бетине кармаган мафия миллион эмес миллиарддаган доллар пайда көргүсү келет. “Коррупцияга каршы күрөштө бир тууган экенине карабайм” деген президент С. Жээнбеков коррупциянын башында ким тураарын аныктай алдыбы деген суроо жаралат. Коррупция-мафия менен ит жыгылыш болуп жата бергенден көрө, элдин жардамы менен баарын кошуп айдап чыкса болмок. Кыргызстанда тазалануу процесси болмоюнча өнүгүү процесси эч качан болбостугун 30 жылдан бери көрүп келдик. Ошондуктан Россия менен Кытайдан үлгү алсак күчтүү мамлекетке айланабыз.

Зарлык Дыйканбаев

“Жаңы Ордо” гезити, №10 (662),  19-июнь, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *