shadow

 

— Садык ата, сиз көп жыл керек-жарак коомунда иштептирсиз. Азыркы президинттин атасы Шарип аксакал дагы ушул коомдо иштеп, элдин урматына ээ болгон. Сиз дагы Шарип аксакалдын кеңештерин угуп калдыңызбы?

— Сузакта керек-жарак коомунда иштечүмүн. Ошондо Шарип аке менен текшерүү учурларында бир топ жолу чогуу болуп калдык. Ал киши Өзгөн районунда, андан кийин Ош облустук керек-жарак коомунда иштеди. Андай мыкты адамдар саналуу эле болот. Дене түзүлүшү олбурлуу, салмактуу келип, сүйлөгөн сөздөрү маңыздуу болчу. Адамдарды бөлбөстөн, баарына кичи пейилдик менен мамиле жасачу. Мамиле түзүүнү, элдик дипломатияны Шарип акеден үйрөнүш керек дейт элек. Ар кандай сөздөр айтыла берет. Көпчүлүк айтылган сөзгө маани бербестен, эмне тууралуу айтылып жатканын түшүнө албайт. Эстүү адамдардын айткан ар бир сөзүндө жандуу аракет жатат. Азыр турмуштун ачуусу менен таттуусу ошол сөздөрдө экенин аңдабай калышты. Айтылган сөзгө ишенип, ага чын дилден аракет кылуу деген жок болду. 10 кадам нары баскандан кийин тескери ойго жетеленип, шайтандын жолуна кирип кете берет. Шарип аке иш маселеси боюнча сүйлөгөндө чоңдорго өзүнө жараша сүйлөчү. Бирөөгө жагалданганын көргөнүм жок. Жаштарга тарбияны кошуп, акыл-насаат айтып сүйлөй турган.

— Шарип аксакал менен сүйлөшүп калыптырсыз. Жумуш учурунда ачууга алдырганын көргөнсүзбү?

— Шарип аке Өзгөн районунда, андан кийин Ош облустук керек-жарак коомунда жетекчи болуп иштеди. Кыргыз керек-жарак коомуна жетекчи болуп барбады. Жашы дагы барып калган болчу. Балдары жогорку окуу жайларын бүтүп келгенден кийин кайра Өзгөнгө кайтып келип иштеди. Жумуш менен чогуу болуп калганда, ал кишинин ачууга алдырып сүйлөгөнүн бир да жолу көрбөдүм. Сөздү басымдуу кылып сүйлөчү. Шарип акенин сөздөрүндө экономика жатчу. Сооданы ошондон үйрөндүк. Ар бир ишти өз убагында, тактык менен бүтүрүш керек экенин Шарип аке ар дайым айтчу. Биз институтта окуп келгенибизди Шарип акеден практика жүзүндө көрдүк. Мындай устаттар чанда болот. Көп жерде столду уруп, планды аткар деген сөздөр айтылчу. Планды кандай жол менен аткарыш керек, эмнеден кыйналып жатасың, кандай жардам керек деген сөз болбойт эле. Шарип аке иштен мурун жүрөктү өйүгөн маселени сурайт болчу. Ошол көйгөйдү жок кылса план өзү аткарылат да. Мындай адамдар бул дүйнөдөн өтүп кетти, тилекке каршы калган жок. Азыр демократия деп оозуна келген сөздү сүйлөй бере турган болуп кетти.

— Президент Сооронбай Жээнбеков Шарип аксакалдын уулу. Бул кишини атасына окшоштура аласызбы?

— Дене түзүлүшү, маңдайы окшош. Президентибиз Сооронбай Шарипович дагы атасына окшоп басым менен сүйлөйт. Бирок, анын айтканын аткарган киши жок болуп жатат. Айтылган сөз максатка жетпей калууда. Ошон үчүн иши жакшы жылбай жатат. Иш алдыга жылыш үчүн аткаруучу жерлерге таза, тажрыйбалуу адамдарды коюш керек. Бир баласы бизге прокурор болуп келип калды. Ал дагы атасы сыяктуу олбурлуу экен. Ошол уулу аз эле убакыт иштеп, бул дүйнөдөн өтүп кетти. Ошол уулу тирүү болгондо азыркынын Шарип акеси болмок.

— Азыр жогорку кызматта олтурган жетекчилер алдына келген адам менен кааласа сүйлөшөт, каалабаса кабыл албай дагы коёт. Шарип аксакал иш менен келген адамдарга кандай мамиле жасай турган?

— Шарип акенин таанышы ушунчалык көп болчу. Жетекчилер дагы аны менен эсептешип турчу. Ушундай даражадагы адам экенине карабай, иш менен баргандарга кыйынсыган учуру болгон эмес. Алдына киргенде эле “Эмне болду? Кандай маселе бар? Ишти аткарууда эмне тоскоолдук болуп жатат? Кандай жардам керек?” деп сурай турган. Маселени угуп бүткөндөн кийин, өзүнүн пикирин айтып жардамын берчү. Ошол сөздөн кийин чыга албай жаткан коллеядан чыгып кетчүбүз. Шарип аке көз жумду деген кабарды укканда баарыбыз ыйлаганбыз. Керек-жарак коом эле эмес, мамлекет тажрыйбалуу кадрдан, мыкты устаттан ажыраганына ишенгиси келген жок.

— Ал кишини устат катары көрдүңүзбү?

— Жалгыз мен эле эмес, мага окшогон жүздөгөн, миңдеген жумушчулар аны устат деп эсептечү. Анын айткан сөзү биз үчүн мыйзам болчу. Партиянын моралдык кодекси боло турган. Шарип акенин моралдык кодекси андан кем калчу эмес. Бул адамды турмуш бышырган эле. Алдына маселе менен барганда, сүйлөшпөй туруп эмне көйгөй бар экенин билип алчу. Шарип акенин калыстыгын, акыйкаттуулугун эл азыркыга чейин сөз кылып келатпайбы. Элдин урматына ээ болуу оңой эмес. Шарип аке ошол урматка татыктуу адам болду. Ошол учурда эле Чехиядан, Кытайдан товарлар келе турган. Айрым керек-жарак коомунун жетекчилери андай товарларды бекитип сатышчу. Шарип аке болсо элге ачык саттырчу. Өзүм пайда табайын, жогор жактагылар эмне дейт деген мүнөз анда жок болчу. Ал кишиге райкомдор эки тыйындык адам эле. Жетекчилерге караганда эл жогору турчу. Мен ушул күнгө чейин Шарип акени чыныгы демократ адам деп эсептейм.

“Жаңы Ордо” гезити, №16 (668),  11-сентябрь, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *