shadow

 

Алмазбек Атамбаевдин президенттик “доорундагы” эң чуулгандуу кылмыш иштердин бири боюнча, — мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу, — алгачкы соттук өкүмдүн чыгышы коомдук-саясий аба-ырайына анча деле катуу таасир эткен жок. Ошого жараша, айрым кызыкдар тараптардын гана күтүлгөн жана анча чоң резонанс деле жарата албаган, бир аз күңкүлдөк нааразычылыктары менен гана коштолуп тим болду.

Айрым бейтарап, калыс сыяктанган саясатчылар (маселен, экс-депутат Туратбек Мадылбеков ж. б.) жалгыз гана Атамбаев соттолуп, башка айыпталуучулардын баары сот залынан бошотулушуп, жеңил жазаларды алышканына басым жасашты. Алардын пикирине караганда, Зарылбек Рысалиев сыяктуу бул кылмыш иштеги эң активдүү катышуучулар сот жообунан сыртта калышып, алиге чейин республикалык парламентте иштеп жатышканы карапайым элдин деле нааразылыгын жаратары маалым. Анткени, бир эле кылмыш ишинин фигуранттарын бир нече топторго бөлүп, аларды бөлүп кароо, жана өз-өзүнчө өкүм чыгарыла турганы — соттук практикада сейрек учураган көрүнүш.

Анан калса, бул кылмыш иши кыйладан бери иликтенип келе жаткандыгын эске ала турган болсок, эми калган айыпталуучулар да тез арада жана калыс укуктук баасын алышпаса, Азиз Батукаевге байланышкан маселелер Кыргызстандын коомдук-саясий турмушун кызыткыч факторлордун бири болуп кала берери түшүнүктүү!.. Идеалында алганда, жогоруда аталган жана да ТЭЦ, Тарых Музейи. Кой-Таш окуялары сыяктуу бардык чуулгандуу кылмыштык иштерге сентябрга чейин биротоло чекит коюлса (апелляциялык этаптарына чейин!) болмок.

Мындай болбогон учурда, аталган иштердеги өз жасасын алгандар жана да алдыда чыга турган соттук өкүмдөрдү күтүп жатышкандардын баары (бул “контингентке” бир гана айыпталуучулар, алардын жакын туугандары жана көптөгөн тарапкерлери гана кирбесин аңдоо кыйын эмес), күздөгү парламенттик шайлоо кампаниясын да өз кызыкчылыктарында пайдаланууга аракет кылышары турган иш. Аларга кошумча дагы ар кандай маргиналдык саясий күчтөр, Кыргызстандагы стабилдүүлүктү бузууга, коомдук-саясий абалды курчутууга кызыкдар болушкан, бул үчүн атайылап чет жактан каржыланып, шектүү саясат жүргүзүшкөн түркүн түстүү (голубойлорунан баштап, розовый, красный, черный ж. б.) топторду башташкан ар кандай коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар) көчөлөргө агылып чыгышат!.. Кыскасы, шайлоо кампаниясын тынч жана ырааттуу өткөрүүгө кошумча тоскоолдуктар жана да күтүүсүз татаалдыктар жаралат.

Алмазбек Атамбаевдин узак мөөнөткө эркинен ажыратылышы, мурдагы алган сыйлык-наамдарынын баарынан ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланышы айрым саясатчылар тарабынан: “ал өзү киргизген мыйзамдын курмандыгы болду!” — деп, табалаган сыяктуу кабылданганы менен да, негизинен баары мыйзам чегинде болгондугу тастыктала баштады. Чынын айтканда, ошол эбегейсиз чоң байлыктан да артык — адам үчүн аба менен суудай эле зарыл болгон — ден-соолук жана эркиндик да Атамбаевде азыр жок болуп турат. Антпесе, балким, экс-мэр Нариман Тулеевдин 15 миллиард долларды төлөп туруп, кутулуп кете берсин деген сунушун колдогондор да четтен чыгышмактыр. Анан калса, андай акчанын эсебинен атамбаевчилер өздөрү өлкөнү белчесинен батырып кетишкен карыздан да кутулуп, мындан кийинки иштеп тапкан каражаттарыбыздын баарын келечектик өнүгүүлөргө гана жумшай баштамактырбыз?!

Ким билет, мүмкүн, Армениянын экс-президенти Роберт Кочарян (абдан кымбат баалуу кен байлыкты жең ичинен сатып жибергендиги үчүн) 4 миллиард долларды залогго коюп, түрмөдөн чыгып кеткен сымак, Атамбаев деле түрмөдөн оңоюраак кутула алмактыр?.. Тилекке каршы, андай эң акыркы чегинүү мүмкүнчүлүгүн (же артында калган көпүрөнү да кошо өрттөп кеткен сымал) Алмазбек Атамбаев өз колу менен жок кылып алган. Себеби, алдыда карала турган Кой-Таш окуялары турат. Анын жанында “Батукаевдин иши”, ТЭЦ (бул боюнча экс-президентке байланыштуу иштер өзүнчө бөлүнгөн) тек гана катардагы кылмыштардай сезилет.

Белгилүү болгондой, милиция кызматкерин өлтүргөн кылмышкер өмүр бою кылмыш жазасына тартылат. Мурдагы өлүм жазасы гана аларга тиш кайрыган “черныйлардын”, ж. б. ар кандай социалдык жат элементтердин чочулоосун жаратып, ооздуктап келгени анык. Дал ошол сыяктуу эле, мекен сакчысынын өмүрүн кыюуга дагы андан кем жаза каралбашы керек. Ансыз ыйык мекенибиздин сакчыларын да керектүү деңгээлде коргой албаган өлкөгө айланып калабыз. Бул багытта мыйзамдык алешемдиктер болсо, тез арада толуктоолор киргизилиши зарыл. Албетте, мыйзам күчү артка карай иштебейт. Ошентсе да, мындан ары бир дагы кылмышкер милиция жетекчисин сабап (же артынан башка уруп), бул “эрдиги” үчүн “апрель баатыры”, же “Кой-Таш баатыры” болорун кыялданбай тургандай болсун. Мекен сакчысына каршы душман сыяктуу ок чыгарууну бир дагы “собака” ойлонбошу да керек!.. Демек, мыйзам экс-президенттен тартып, катардагы “шестерка”-кылмышкерге чейин (ушундай криминалдык жаргондор Атамбаевдин бийлиги тушунда абдан “популярдуу” болуп кеткенин кайда ката алабыз?!) мыйзам алдында бирдей болуп, жасаган кылмышына жараш бирдей деңгээлде жоопкерчиликке тартылышын камсыздоо зарыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков жакында Жогорку Кенеште сүйлөгөн сөзүндө саясий партиялардын баарына бирдей шарт түзүлөрүн жана ал үчүн элдин тандоосу баарынан ыйык жана баалуу экендигин дагы бир ирет кайталады. Бул маанилүү шайлоолорду мыйзамдуу, уюшкан деңгээлде өткөрүү бир гана президент менен өкмөттүн аракеттерине байланыштуу болбой тургандыгын да калыс баалады. Жалпысынан алганда, бул сөздү президенттин Жогорку Кеңеш аркылуу жалпы элге шайлоо алдындагы Кайрылуусу, отчету сыяктуу дагы кароого болот.

Бирдей старттык жана мыйзамдык мүмкүнчүлүктөр гана саясий партияларга эркин конкуренттик шарттарды түзүп, алардын мыйзамдык жол менен такшалышып, эл элеги аркылуу иргелишин камсыз кыла алат. Бийликтин “любимчиги” болгон партиянын чыныгы реалдуу акыбалын да көрдүк. Жарым жылга жетпей талкаланып, төрт-бешке бөлүнүп, биротоло жок болду. Эми анын кайра бутуна турушу кыйын. Эми анын абдан катуу атаандаштыкта саналуу мандатка ээ болушуна — кандайдыр бир керемет-чудо катары карашыбыз керек!..

“Кыргызстандагы эң эски партия”, “абдан тажрыйбалуу партия” деген сыяктуу эпитеттер менен коштолуп келгендигине карабастан, чындыгында СДПК эч качан таасирдүү күчкө ээ болгон эмес. Тескерисинче болсо, бир кезде өздөрү айтмакчы, өлкөнү автократияга карай сүйрөгөн “Алга Кыргызстан”, “Ак Жол” сыяктуу партияларга каршы туруп, өз программасын, эркин таңуулап, эл арасындагы кадыр-баркына, колдоосуна таянып, бийликке өз талаптарын коюп, алардын аткарылышына жетише алмак да?.. Реалдуу жагдайды айтканда, “7-апрелдеги революциядан” кийин гана чейрек кылым бою чээнге кирип кеткен партия кайра баш көтөрүп, али тирүү экенин тастыктап, бир аз кыймылдай баштаган.

Атамбаев баш болгон “Убактылууларга” бул партияны эптеп, кайрадан реанимациялап, жасалма жол менен болсо да кармап турууга мажбурлаган абдан маанилүү жагдай — алар үчүн такыр күтүүсүздөн эле, ар кандай тоскоолдуктарга карабастан, “Ата-Журт” партиясынын парламенттик шайлоодогу чоң жеңишке жетиши болчу. Оппозициячыл маанайга жеңилип, араң жеткен бийликти кайра алдырып жибербес үчүн далбас урушкан… Болбосо, балким, СДПК сыяктуу партия бар экенин деле алар эстешмек эмес. Айрым саясатчылар кандайдыр бир партияны, же таасирдүү гезитти (азыркылар — интернет-сайт, телестудияларды) сатып алышып, кийин кереги тийип калышы мүмкүн дегендей эле абал калыптанган.

Президент Сооронбай Жээнбеков бир дагы партияны колдобосун жана эл арасындагы андай сөздөргө негиз жок экендигин билдирди. Демек, андай сөздөр болгон күндө деле, бул айрым партиялардын “кыялындагы” эсеп экендиги — реалдуу жагдайда тастыкталышы абзел. Эгерде СДПК партиясы “харакири” жасаган соң, “Республика” таанымал лидерисиз (Бабановсуз бул партияны элестетүү мүмкүн эмес), “Өнүгүү-прогресс” партиясы чилдей тараганын эске ала турган болсок, азыркы парламенттик фракцияларды түзгөн партиялардын дээрлик шансы жок экени ачык көрүнүп турат.

Башкача айтканда, буга чейин тек гана номиналдуу болуп, саясий турмушка активдүү аралаша албай келишкен партиялардын бардыгы үчүн жагымдуу жагдай түзүлүүдө. Алар келе жаткан шайлоодо өздөрүнүн болгон бардык болгон мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүшүп, потенциалдуу кудуретин ача алышат. Ачыгын айтканда, 200дөн 400гө чейин деп саналып келе жаткан саясий партиялардын беш-алтоонон башкасынын аты деле белгисиз. Эл аларды байгеге түшкөн күлүктөрдөй өз сындарынан өткөрүшүп, калыс, мыйзамдуу жол менен өткөн шайлоо аркылуу тандап алуусу керек. Ошондо гана күчтүү парламент куралып, чыныгы эл өкүлдөрү депутаттык мандаттарды алышат.

Азыркы кезде Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий аренада дал ушундай кырдаал өкүм сүрүүдө. Дагы уч айдан соң агитациялык өнөктүк башталып, шайлоого карай белсенип аттанып чыгышкан партиялардын жарышы башталат. Албетте, жеке персоналийлерге келе турган болсок, ар бир партиянын башында турган лидери жана ал партиялардын кимдер менен кошулуп, кандай позициядагы күчтөр менен коалицияга барышы да абдан маанилүү факторго айланат.

Азырынча бул багыттагы салмактык күчтөрдү болжолдоо кыйын. Анткени, “Ата-Мекен — Жаңы дем” деп аталган алгачкы алты партиянын коалициясы жарыялангандан башка, эч кандай саясий партия картасын ачпай, тымызын даярдык көрүүнү улантышууда. Муну деле түшүнүү менен кабыл алууга болот. Себеби, ар бир сүйлөшүү-макулдашуулар алардын баары үчүн абдан оор өтүп, эч кимиси, эч качан жана да эч кандай компромисстерге жана чегинүүгө барбоого аракет кылары бышык. Беш жылда бир келе турган парламенттик шайлоолордо өз кызыкчылыктарын артка сүрүүгө макул боло коюу да оңой эмес!..

Мындан сырткары, финансылык маселени чечүү, шайлоо кампаниясын уюштурууга даярдануу деген сыяктуу толгон-токой, чатышкан, бири-бири менен терең чырмалышкан түйүндөрдү да эстен чыгарууга болбойт. Кыскасы, саясий партиялар декларативдүү чакырыктардан реалдуу иштерге, теориялык багыттагы ой жүгүртүүлөрдөн — практикалык кадамдарга өтүүгө мажбур болушууда. Мындай тажрыйбасы жок, жаш партиялар үчүн бул оңой эмес сыноо болуп калат. Демек, алгачкы коалицияга карап туруп, мындан аркы саясий коалициялар деле дал ушул нукта жүрөт деп, кайсыл бир деңгээлде алдын ала болжолдоого да болот.

Маселенин баары — “карт бөрүлөр” менен “жаш бөлтүрүктөрдүн” кызыкчылыктары гана дал келип калышы менен чектелип калбагандыгында турат. Ошол карт бөрүлөр эл арасында канчалык салмакка ээ болушкан? Алардын артындагы “калбырлары” жалпы коалицияны дискредитациялап, эл арасында терс пикирди жаратпайбы? Мындай болуп калса, ал жаңы саясий коалиция туулбай жатып дароо кыйроого дуушар болот!..

Учурдагы жымжырттык жана оор маселелерди чечүүнү мүмкүн болушунча артка создуктуруу — дал ушундай татаал жагдайга кептелүү менен шартталган. Бир жагынан караганда бирдей шарттар түзүлүп, алдыда келе жаткан саясий жарыштагы ачык фавориттерди да, алдын ала белгилүү аутсайдерлерди да (албетте, иргелген лидерлер тобунан) айтууга болбойт. Дал ушундай тумандуу жана болжолдоого кыйын жагдай саясий партиялардын жана алардын лидерлеринин баарына жаңы сыноо болууда.

Себеби, мурдагыдай бийлик жөлөп-таяган партия менен эптеп өтүп кетүүгө үмүттөнгөндөр да башы айланган койлордой болушуп, кайсыл партияга кошулууну билишпей, баштары маң болууда. Партиялардын чыныгы салмагы-дарамети аныктала турган учур келди.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

“Жаңы Ордо” гезити, №12 (664),  3-июль, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *