shadow

Бул жолку парламенттик шайлоо жараяны башталбай жатып эле, чоң резонанс жараткан чырга туш болгондугу менен айырмаланды. Борбордук шайлоо комиссиясы өз чөйрөсүнөн сыртка чыгарбай туруп эле, өзүнө ыйгарылган мыйзамдык укуктардын рамкасында гана, тынч чечип сала турган маселе жалпы өлкө масштабындагы чоң чууга айланды!..

Асыресе, адилеттик үчүн айта кетүү зарыл. Бул чырга кыйыр түрдө болсо дагы, мурунку бийликтин таасири тийгендиги түшүнүктүү. Анткени, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өзүмчүл-алешем кадрдык саясатынын кедергиси алиге чейин тийип жатканын танууга болбос. Атамбаев дайыма бардык деңгээлдеги жетекчилерди (премьер-министрден баштап, бардык өзгөчө маанилүү, таасирдүү мамлекеттик органдарды) өзүнө өйдө карап сүйлөй албагандарды тандап, жеке өзү айтканын айткандай, дегенин дегендей кылып гана аткара турган, өз алдынча пикири да, туруктуу позициясы да жок адамдарга толтуруп, башкарууга өтө ыңгайлуу, жалаң гана “пешкаларды” пайдаланууга басым жасап келген.

Кыргызстандын коомдук-саясий турмушундагы азырга чейин ар кайсыл тармактарда болуп жаткан будуң-чаң, самодурство, өзүм билемдик, кээде мыйзамды да уруп ойнобой, каалагандай жасоого аракет кылган көрүнүштөр — ​дал ошол эски “оорунун” саркындысы болуп эсептелет.

Катардагы эле, көптүн арасындагы, көчтүн карасындагы, демейде бар экени да, жок экени да байкалбаган, ортозаар аппарат чиновниги болуп жүргөн Нуржан Шайылдабекова да Атамбаевдик чалагайым кадр саясатында “багы ачылган”. Атамбаевдин бийлиги тушунда атайын билими, эч кандай даярдыгы жок агроном Абдил Сегизбаев мамлекеттик коопсуздук комитетин башкарып, филолог, ортозаар акын Жедигер Саалаев эки жылдык, үстүртөн, алган юристтик билими менен Конституциялык соттун судьясы болуп, бул системадагы жогорку профессионалдуу, өтө оор, татаал, жооптуу тармактагы теориялык-практикалык маселелерди ийне-жибине чейин билишкен адистерге көзөмөл жүргүзүп, аларга “акыл үйрөтө” баштаган…

Мына, эми дал парламенттик шайлоо башталар алдында, мурдагы бийлик чалып кеткен “башкы ботко” баркылдап кайнап чыкты!.. Күтүүсүздөн эле чоң саясаттын казаны такай оргуп, кайнап турган, чечүүчү орунга келип калган, эч даярдыгы жок Нуржан Шайылдабекова алгачкы эле чоң сыноодо өзүнүн чыныгы деңгээлин көрсөттү. Мурдагы президенттик аппараттын ишараты менен “шайланган” БШК жетекчиси компетенттүүлүк, эрктүүлүк сыяктуу сапаттарды көрсөтө албай, алдастап калды.

Шайлоо процессинин ырааттуу башталышына олуттуу тоскоолдук кылган бул саясий конфликт жалпы коомдук-саясий турмуштун өрчүшүндөгү динамитке айланбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Шайлоо ушундай бүтпөс ыйкы-тыйкылар менен эптеп-септеп аяктары менен эле, Борбордук шайлоо комиссиясы — ​Чуулгандуу, бүтпөс чырлардын Борборуна айланып калышы да толук ыктымал.

Анын үстүнө, мындай чуулгандуу, чоң чырдын чыгышына кызыкдар болушкан жана ага азыртан эле тымызын даярдана башташкан ар кандай күчтөр да аз эместигин эске ала турган болсок, шайлоого даярдык көрүү жагдайына назар салсак, азыртан эле жеңилерин алдын ала билишип, бирок, митингге чыгабыз дешкен партиялар көп экендиги байкалууда.

Партия лидерлери өздөрү добуштарды сатып алууга аракеттер болуп жаткандыгын, ар кайсыл аймактарда орун алган мыйзамдык бузуулардын фактыларын күн санап айтып жатышат. Бул жерден бир парадоксалдуу суроо жаралбай койбойт: кыз бозуп алып, энесин өлөм деп коркутат дегендей болуп жаткан жокпу? Себеби, ушундай шайлоо системасынын калыптанышына жол берип, анын мыйзамдалышын камсыздап, БШК жөнүндөгү Мыйзамды, Шайлоо кодекси жөнүндө Кодексти (дал шайлоо алдында жаңылап, “толуктап”!) кабыл алгандардын басымдуу бөлүгү дал азыркы депутаттыкка талапкерлер өздөрү эмеспи?!

Айрым прогноздор боюнча, азыркы 120 депутаттын дээрлик баары кайрадан шайлоого барып, алардын 80 пайызы кайра эле парламентке келип калышы мүмкүн. Андай болгон соң, (айрым акчасы аз, же шайлоодо жеңип чыгууга эч шансы жок партияларды айтпаганда), аламан байгеге өз ыктыярлары менен катышып, а бирок, жеңилип калган соң, мөөнөтсүз митингге чыгабыз деген партиялар элге кайра шылдың болушары анык. Бул эми, фигуралдуу айтканда, базарга бир топ кардарлар чогуу барып, кимдир бирөөсү өтө кымбат баалуу, аздектелген, баарынын көз жоосун тайдырган буюмду сатып алып, а башка атаандаштары уткан адамга көзү күйгөндөн башка, эч нерсе кыла албай калганына ызалангандай эле болуп жатпайбы?!

“Базар ээсине” барып, “баланча атаандашыбыз сатып алды, а биз сатып ала албай калдык!” — ​деп, “претензия” коюп көрүшсүнчү. Андай “кардарлар” кандай жоопту алышары алдын ала эле маалым: өзүңдүн акчаң жетпесе, сен эмнеге мага догурунасың?! Бар, каалаган жагыңа барып даттан, көзүмө көрүнбөй жогол! — ​деп, айтор, арасына анча-мынча цензурага сыйбаган (же белгилүү бир кинодо айтылмакчы, которууга такыр болбой турган, идиоматикалуу) сүйлөм курамдарын да колдонуп жибериши да ыктымал…

“Тамсил” мааниси ушул: ошол оюн эрежелери калыптанышына өзүң салым кошуп, опурталдуу жарышка өзүң макул болдуңбу?! — ​анда унчукпа!..

Чындыгында бизде коомдук-саясий турмушта аба-ырайын түзө алган, таасирдүү партиялар алиге чейин жарала элек. Аталыштары эле ар түркүн болуп, саны көптүгүнө карабастан, сапаты жок бул түзүмдөр олуттуу саясий күч болгондо кандай кадамга бара алышмак? Албетте, биринчи иретте добуштарды сатып алуу — ​соодалашуу “системасын” жок кылышып, же биротоло жое алышпаса да, мындай терс жагдайларды минималдаштырып, жалпы электоратка чыныгы тандоо мүмкүнчүлүгүн түзүп беришмек.

Кыргызстан сыяктуу сөз эркиндиги, демократиянын көп атрибуттары реалдуу жашап жаткан өлкө алиге чейин мыйзамдуу, адилет шайлоо өткөрө албай жатканы өкүнүчтүү. Тереңирээк караганда, абдан таң калычтуу.

Бул жагдайга тереңирээк талдоо жүргүзүп көрүп, мындай “сатып алуу-соодалашуу” айрым саясий күчтөргө, олигархиялык-коррупциялык катмарга абдан ыңгайлуу экендигине ынанабыз. Анткени, Грузия жана Украинадагы сыяктуу (азырынча мурдагы союздук республикалар рамкасында гана салыштыралык!) кандайдыр бир деңгээлде адилет шайлоо өткөрүү орун алса, Кыргызстан парламентине азыркы 120 депутаттын ичинен ашып барса 10–15 пайызы гана келе алышмак!

Кыргызстанда өз эли-жерин сүйгөн, патриотчул, өз өлкөсүнүн келечек өнүгүүсү үчүн таза-чынчыл иштей ала турган адамдар аз эмес. Тек гана, алардын басымдуу бөлүгү жогорудагы эле “акча-соода аламан байгесине” катышпай, дайыма сыртта калышууда. Шайлоо системасындагы чейрек кылымдан бери биротоло орноп калган чыныгы жагдайды түшүнбөй, же ишенбей (дегеле, жашоо-турмуш тиреги “Кантип эле бул жарыкта адилеттүүлүк болбосун, баары бир акыры чындык жеңет да, акыйкаттык бар!” — ​деген ишенимден тайбаган “Дон-Кихоттордон” куралган эмеспи) “жасалма”, формалдуу альтернативаны түзүп беришкендердин гана азганакай, жука катмары бар. Дал ошол идеалисттер олигарх-соодагер-коррупционерлерге (сыртынан сөздөрү жылма, ичи кытмыр, ою арам, эл добушун сатып алууга көнгөн жана дайыма ошондой “соодачыл” шайлоого умтулгандарга) мыйзамдык-альтернативалык шарт түзүп беришүүдө…

Бул жагдай азыртан эле “пессимисттик” маанайда болуп, шайлоодон кийинки митингдерге даярданышкан партияларды ойлондуруусу тийиш. Мындай чуулгандуу саясий чырлардан деле митингге чыгышкан партиялар утушпай, такыр башка, азырынча буктурмада жатышкан үчүнчү күчтөр пайда табышы ыктымал. Парламенттик шайлоодон кийинки эң коркунучтуу, опурталдуу сценарий — ​окуялардын дал ушундай, алдын ала болжолдой албай турган багытта өнүгүп кетишинде турат.

Кечээ жакында өткөн Коопсуздук Кеңеши толугу менен алдыда келе жаткан парламенттик шайлоого арналды. Президент Сооронбай Жээнбеков айрым партиялар тарабынан №2 форманы пайдалануу аркылуу добуштарды сатып алуу аракети жасалып жаткандыгын, тиешелүү укук коргоо органдары мындай фактыларды көрүп турушса да, чара көрбөй жатышкандыгына нааразы болду. Эртеси Нарындын Чет-Нура айылында 300 добушту 500 миң сомго “баалап”, бул суммага айылга комбайн сатып алышмак болгон топко каршы кылмыш иши козголду. Баарынан кейиштүүсү, мындай фактылар боюнча дээрлик бардык айылдарда, шаардык кварталдарда кылмыш иштерин козгосо боло бере тургандыгында турат!

Саясий партиялардын чабалдыгы, алардын лидерлери түштөн кийин акылына келгендиги, эч кандай натыйжа бербейт. Тээ кышта, же эрте жазда, жаңыланган “Шайлоо кодекси” кабыл алына электе! — ​ультиматумдуу талаптарды коюп чыгышса болмок. Добуштарды сатып алууну “аукционго” айлантуу токтобосо, партиялардын баарына бирдей старттык мүмкүнчүлүктөр түзүлбөсө, адилет шайлоо жөнүндө сөз кылуунун кереги жоктугун айтып чыгышса, жалпы эл тарабынан колдоо табышмак.

Жылдан-жылга бул “системанын” “базары кызып”, “ставкалары” да улам асмандап баратканы байкалат. 6-чакырылыштагы айрым депутаттар партия фондуна 500 (беш жүз!) миң доллар төгүптүр дешкен. Азыр шайлоо баштала элек жатып, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу “Бүтүн Кыргызстан” партиясы тизмедеги алдыңкы 20 орунга кирген талапкерлерден 200 миң доллардан топтоп жатканын жарыя кылды.

“Заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо — ​түлкү бол” — ​деген накыл Адахан Мадумаров сыяктуу таза, патриот саясатчыларыбызды да акыры өз сазына тарта баштаганы ушул. Муну да түшүнсө болот. 2010, 2015-жылкы шайлоодо анын партиясы бийлик тарабынан болуп көрбөгөндөй бут тосууларга дуушарланды. Улам булганыч шайлоо өткөн сайын, убакыт өтүп, Адахан да кийинки шайлоодо аксакалдар тобуна кошулганга жакындап калды. Жаңы муундагы “олигарх-коррупционерлер” азайганы байкалбайт!..

…“Кыргызстан” партиясын шайлоого катышуу укугунан ажыратуу жөнүндөгү баштапкы чечими үчүн БШК өз жүзүн сактап калууга далбастап, Жогорку Сотко чейин барып, бул бараандуу мамлекеттик органдын чечими коомчулукка БШК шапалак менен жаакка чабылгандай таасир калтырды. Экс-спикер Алмамбет Матубраимов БШК жоопкерчиликти өзүнө алуудан кача баштагандыгын белгиледи. БШКнын ар кандай мыйзамсыз комиссияларды түзүп, татаал маселелерди ошолорго түртө салып, четте калуу аракети Турсунбай Бакир уулу менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын талашында да байкалды. Мурда компетентсиз, алсыз орган катары көрүнсө, эми БШК атайылап провокациячыл кадамга баргансыды.

Демек, шайлоо жараяны чоң чырлар менен коштолушуна, аягы бүдөмүк бүтүшүнө биринчи иретте бул жараянды мыйзамдуу өткөрүүгө милдеттүү болгон мамлекеттик орган өзү тымызын кызыкдар болуп жатабы?! — ​деген суроо да жаралбай койбойт. 2005-жылдагы парламенттик шайлоолор абдан курч өткөндүгү жана дагы көптөгөн атаандаштар арасындагы соттошуулар менен коштолгондугу маалым. Азыр БШК шайлоо башталбай жатып эле, мындай чуулгандуу чырларга себепкер болуп жатышы, күмөн жаратып, түркүн түкшүмөлдөргө карай түртөт. Атайылап эле саботаждык жасообу? Же, шайлоо жыйынтыгы боюнча чоң чырдын чыгышын тымызын каалап жатышкан күчтөр менен чогуу аракет кылуудабы?..

Бир нерсе эч күмөнсүз. “Кыргызстан” партиясы менен БШКнын талашы — ​“Кыргызстан” партиясынын пайдасына чечилиши — ​бул партия үчүн чоң утуш болду. Юридикалык-саясий жактан гана эмес, реалдуу практикалык-моралдык жактан дагы утуш. Ага “бонус” катары “Бекер реклама” жасалып, партиянын популярдуулугу артты. Эми протестчил электорат, же чоң саясат менен иши жок, кимге добуш берүүнү билбей турган шайлоочулардын көбү “Кыргызстан” тарапка оошу ыктымал. Мурда шансы чектелүү партия жаңы импульс алды.

Бул эми башталышы гана. Көп кызыкдар али алдыда!..

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

“Жаңы Ордо” гезити, №14 (666),  4-сентябрь, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *