shadow

 

Ушул жумада Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКнын үстүнөн жазган арызын карап, аны канааттандырышы быйылкы чуулгандуу окуялар менен коштолуп аткан парламенттик шайлоонун адилет жана таза өтөрүнө ишеним жаратты.

Алгач БШК аталган партиядан талапкер катары катталып, бирок кийин белгисиз себептер менен тизмеден такыр чийилип калган Турсунбай Бакир уулунун арызын четке каккан болчу. Бирок арадан 1–2 күн өтпөй эле жарым-жартылай жабык-жашыруун жыйын өтүп, 40 минутка созулган 15 минуталык тыныгуудан кийин өлкөбүздөгү жалгыз бул оппозициялык партияны шайлоого катышуу укугунан ажыратып салган. Тилекке каршы элге, шайлоочуларына бир сом акча бербеген (башка партияларга окшоп), кайра ошол мигранттар менен карапайым элдин колдоосу менен шайлоого катышып аткан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын миңдеген, жүз миңдеген шайлоодон шайлоого чейин Адахан Мадумаровду колдоп келаткан эл ошол күнү эле партиянын Бишкектеги кеңсесине чогулушуп, БШКнын мындай сырдуу-табышмактуу чечимине нааразычылык билдиришти. Эртеси күнү алардын катары андан да көбөйүп, ары жагы Россия, бери жагы Ала-Букадан бери күйөрмандары келишип, “бүтүнчүлөрдү” сүрөп, дем берип турушту. Ал эми алгач 7-сентябрга белгиленген Бишкектин административдик сотунун алдына кызыл жилет, желекти кармаган колдоочулар адилеттикти талап кылышып, эки күнгө артка жылдырылган сот процессин күтүшүп, 9-сентябрда ого бетер көбөйүп кетишти. Чындыгында бул шайлоодогу адилеттик менен административдик ресурстун, акча менен таза добуш берүүнүн күрөшү эле.

Акыры саат 11:40та башталган сот кечки саат 19:30да бүтүп, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын административдик доосун канааттардырып, БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапты. Мындай өкүмдү судья Анар Эгембердиева окугандан кийин өлкөбүздө шайлоо адилет өтөрүнө, ал эми БШКнын көшөгө артындагы оюндарына чекит коюлгандыгына ишеним жаралды.

Партиянын лидери Адахан Мадумаров соттон кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, буга чейин БШК өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткенин айтып келгенин жана аны сот дагы тастыктаганын айтты.

«Саясий иштер менен алектенип, мыйзамдуу иштерди карабай калды деген сөзүбүдү сот далилдеп берди», — ​деди ал.

Партиянын тарапташтары сот имаратынын алдында митинг өткөрүп, соттон адилет чечим чыгаруусун талап кылып турушкан болчу. Алар колдоруна партиянын желектерин көтөрүп алышкан.

Чогулгандардын алдына чыккан Мадумаров тарапташтарына ыраазычылык билдирип, үгүт иштерине эртеңден баштап батыл кирише турганын айтты.

Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү түз алып көрсөтүлгөн жок

Бишкектин административдик соту күбө катары чакырылган БШКнын мүчөлөрүнүн көрсөтмөсүн түз алып берүүгө чектөө койду. Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү Изати Шугуралиеванын айтымында, мындай кадам күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүн бири-бири көрбөшү үчүн жасалган.

«КР административдик процессуалдык кодексине ылайык төрага кылуучу судья суракка алынган күбөлөр суракка алына элек күбөлөр менен баарлашпасы үчүн ушундай кадамга барды. Бул мыйзамда дагы көрсөтүлгөн, анткени суракка кирип чыккан күбө экинчи күбө менен сүйлөшпөшү керек», — ​деди ал.

Күбөлөр сурак берип бүткөндөн кийин сот жыйынынын аудио форматында гана түз алып берүүгө уруксат берди.

Буга чейин, 7-сентябрда, Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстандын» БШКнын үстүнөн жазган арызын карап, 9-сентябрда боло турчу отурумга БШКнын мүчөлөрү — ​Атыр Абдрахматованы, Кайрат Осмоналиевди, Акылбек Эшимовду жана БШКнын аппаратынын айрым кызматкерлерин күбө катары чакыруу сунушун канааттандырган.

«Бүтүн Кыргызстан» боюнча чыккан эки чечим

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоого катышуу үчүн каттоодон баш тарткан. Алардын мындай чечим кабыл алышына аталган партия менен шайлоого аттанып, кийин тизмеден чыгарылган Турсунбай Бакир уулунун арызы себеп болгон. Ал партиянын съездинде кабыл алынган тизме кийин өзгөртүлүп, БШКга тапшырылганын билдирген.

Анткен менен Боршайком 2-сентябрда Бакир уулунун арызын карап, тизмеге байланышкан партиянын ички иштерине алар кийлигише албасын айтып, сотко кайрылууну сунуштаган.

Бирок БШК бир күндөн кийин өз чечимин таптакыр өзгөрткөн. Боршайкомдун жыйынында партиянын съездинде кабыл алынган тизме чындап өзгөртүлгөнү айтылып, андан сырткары добуш берүү купуялуулугу сакталган эмес деген дооматтарды келтирилди.

3-сентябрдагы жыйын учурунда БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова алгач «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоо боюнча чечимдин долбоору бардык мүчөлөрдүн электрондук почтасына жөнөтүлгөнүн айтты. Бирок бир сааттык тыныгуудан кийин ал чечим өзгөрүп кеткен.

Мындан улам Абдрахматова Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованы ишеним көрсөтпөй турганын билдирди. Ошондой эле, «Бүтүн Кыргызстан» боюнча чыккан жаңы чечимдин документин көрсөтүүнү талап кылды. Бирок төрайым ал документти көрсөтө алган жок.Партиянын лидери БШКнын чечимин «саясий чечим» деп атап, өз укуктарын мыйзам талаасында коргой турганын айткан.

Албетте, биз да соттун бул чечимин кубаттоо менен бир эле “Бүтүн Кыргызстан” партиясы эмес, баардык парламенттик шайлоого аттанган партиялар менен алардын талапкерлерине ийгилик каалайбыз жана шайлоо эрежесин бузбай, калыс, адилет өткөрүшүнө тилектешпиз.

А. Белеков

“Жаңы Ордо” гезити, №16 (668),  11-сентябрь, 2020-жыл

 

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *