shadow

Соттолгондугуна байланыштуу экс-президент статусунан ажыратылган Алмазбек Атамбаевдин түрмөдө жатып жасаган соңку билдирүүсү коомдук аба-ырайга ал өзү күткөндөй таасир эткен жок. Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин ишиндеги айрым жагдайлар мамлекеттик жашыруун сыр катары эсептелип, жабык каралган кылмыш ишинде көп жагдайлар коомчулуктан жашырылып калды деп жарыялаганы менен да, ал жасаган билдирүүдөгү бардык маалыматтар мурдатан бери эле эл арасында ар кандай булактар аркылуу таркап кеткендиктенби, эч кандай күтүүсүз жаңылык болбоду. Атамбаев жана анын тарапташтары ойлошкондой, сенсация жасалмак тургай, желге үйлөнгөн чоң желим шар бир тынымга “тарс” эте угула, жарылгандай да эффект жаралбады!..

Ал эми Атамбаевдин “Сокенин сотунан башка дагы тарых соту бар” деп оптимисттик маанайда болуп, өзүн келечек толук актаарына ишенгенине келсек, бул багытта деле ал өтө тайкы ой жүгүрткөн, өзүнө жана өз ишмердигине сын көз менен карап, объективдүү баа берүүгө жөндөмсүз адам экендигин дагы бир ирет далилдеди. Асыресе, тарых соту, — ​же, тээ келечектеги жүз-беш жүз жылдан кийинки муундар арасында калыптанган пикирлер кандайча деңгээлде болот — ​буга деле эч кандай көз ачыктык кылбай эле, азыркы бизге жеткен конкреттүү фактылардын мисалында ой калчап көрсөк болот.

Кээде, өлкө тарыхы, эл тагдыры тууралуу кайдыгер карай албаган адамдар үчүн, кечээ жакында эле белгиленген Эгемендик Күнү сыяктуу майрам да дал ушундай маанайдагы ой-толгоолор менен коштолот. 29 жыл эгемендиктин бардык утуштарына жана терс жактарына (плюстарына жана минустарына) дыкаттык менен көз жүгүртсөк, өтө татаал маселенин чордонунан узак убакыт бою чыга албай калышыбыз мүмкүн. Арийне, эсептелүү сандагы (Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков), төрт-беш президенттин ар биринин жекече ишмердигине эл өзү алар бийликтен кетери менен эле, калыс баа берип келе жатат.

Тарыхый призма аркылуу караганда, ошолордун ичинен эң эле трагедиялуусу, ал тургай, трагифарстык фигура катары калган инсан Алмазбек Атамбаев дал өзү болору эч шек туудурбайт. Мунун айрым белгилери Алмазбек Атамбаев президент болгон эң алгачкы жылы эле башталган. Кызматтык деңгээлине татыктуу ой жүгүртө албоо, өтө төмөн деңгээлдеги жүрүм-турумунан улам, эл аралык деңгээлде кабыл алынган (жеке өз аппаратынын ички чөйрөсүндөгү, же Кыргызстандын аймагындагы сөгүнүп-сагынып жүргөнү, ар кандай “комиссар Көттани” сыяктуу “көнүмүш лексиконду” айтпай эле коелук!) этикетке сыйбаган сөздөрүнөн улам, башка мамлекет башчыларынан катуу кагуу жегени дароо Интернет айдыңы аркылуу таркап кеткен.

Көрсө, мындай кызматка өзү үчүн да күтүүсүз, эч даярдыгы жок келген адамдан өзгөчө зиректик талап кылынат тура. Табигый түрдө ички табиятынан, туулгандан кабыл алынган, же узак убакыттан берки далалаттан улам өз боюна сиңирген жөндөмдүүлүк жок болсо, жок дегенде алдындагы протокол кызматынын компетенттүү адисинен “атайын сабак” алышы керек болчу. Кайсыл жерде өзүн кандай алып жүрүшү керек, кайсыл чөйрөдө кандай сөздөрдү айтууга болот жана болбойт, расмий жана бейрасмий сүйлөшүүлөр дегендин айрымасы эмнеде? — ​деген сыяктуу толгон-токой ички жагдайларды түшүнүп алып, аларды так аткарууга умтулса, балким, мынчалык төмөн деңгээлге чейин түшмөк эмес беле?..

Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы катары өз өлкөсүнүн аброюн сактоо аркылуу, кадыр-баркын арттыруу турмак, Кыргызстандын эл аралык мамилелерине доо кетирип, коңшулаш Казакстан, Өзбекстан эле эмес, алыскы АКШ, Турция сыяктуу мамлекеттер менен болгон ырааттуу карым-катнашты да бузуп, бир топ татаалдыктарды жаратканы али унутула элек.

Анын бул “ариясы” адегенде КМШ деңгээлиндеги мамилелерден башталган. Интернет маалыматтарына таянсак, Жамааттык коопсуздук уюмунун (ОДКБ) кезектеги отурумдарынын биринде, Алмазбек Атамбаев туурадан чыга калып эле, Белоруссия президенти Александр Лукашенкого асыла сүйлөп, анын “кылмышкер Курманбек Бакиевдерди өз өлкөсүндө жашырып”, Кыргызстанга кайтарып бербей жатканын айтып, эмоционалдуу түрдө айыптап чыгат. Мындайдын далайын көргөн, СССР кулагандан берки далай саясий салгылашуулардан кургак чыккан, өтө тажрыйбалуу Лукашенко жөн калмак беле? Атамбаевдин өзү каракчылардай, бандиттик ыкма менен бийликке келгендигин, мындай сөз баштардан мурда өз абалын билип жүрүшү керектигин жай гана түшүндүрүп айтып, баалуу кеңешин берет. Мен сени менен сүйлөшө тургандай убактым жок дегенчелик кылып, бурула баса берерде, кыргыз президенти кайра анын жолун тороп, ажылдай баштаганда, Владимир Путин КГБлык көнгөн адатына салып, улам кызууланган экөөнү тең жайгара, сөздү башка нукка буруп кетет…

Эгерде байыркы кыргыз тарыхына кылчая карап, Алмазбек Атамбаевдин башкаруу “циклин” ошол призма аркылуу бааласак, аны эске салган бир гана тарыхый фигураны жолуктурабыз. Ал дагы мамлекет башына кокусунан келген адам — ​Шералы хан. Аксарай этикетинен эч кабары жок, күтүүсүздөн эле хан болуп олтуруп калган кечээки жылкычы дароо өзгөрүп кетмек беле?! Хан сарайдын ар кандай ички интригаларында бирөөлөрдүн колундагы марионетка-оюнчукка айланат. Ашкере интриган бирөөлөр атайылап өзүнө жакпаган кабарды угузганда, “О-о, энеңдиуррайын!” — ​деп, кыжырдана сөгүнүп жибермей адаты бар экени билинет. Адегенде хан деп аталган адамдын оозунан мындай булганыч сөз чыкканы башкаларга өтө өөн учураса да, бара-бара бул маданиятсыз адаты тек гана күлкү-шылдың жаратып калат…

Мурдагы жылдарда айрым “элдик политологдор” биринчи президент Аскар Акаевди Шералы ханга салыштырып келишкендиги маалым. Азыр Алмазбек Атамбаев ал “орундан” Аскар Акаевди биротоло сүрүп чыгып, жеке өзү гана толук ээлеп алгандыгына күбө болуудабыз. Аскар Акаев президенттик статусунан, кол тийбестик укугунан ажыратылса да, азыр “Кыргызстандын биринчи президенти болгонума сыймыктанамын” деп жүрөт. Акаев менен бүгүн түрмөдөн кат жазган Алмазбек Атамбаевди салыштыруу дагы бир гана тарыхый призма аркылуу болушу мүмкүн.

Кантсе да, чоң саясатчы, ири мамлекеттик ишмерге айлана албаганы менен да, интеллектуал инсан катары, Аскар Акаев жеке адам катары “утушка” ээ болгону байкалбай койбойт. СССР экономикасы кургуйга түшүп, асмандап өскөн инфляциядан улам, көмүскө байлардын кассаларда сакталган ири акча суммалары да заматта күлгө айланган учурда президент болду. Элди сызга олтургузуп, жакырлантып, аягында чет жакка куулуп чыкса да, дале болсо ал өзү “көмүскө байлардын” катарында калды… Ал эми Алмазбек Атамбаев президенттик бийликке, өзү айтмакчы, мультимиллионер кезинде келип, кеткен соң, ачыкталган (жашырып калганы канча — ​муну Атамбаев жана бир гана Кудай өзү билет!) мүлк-байлыктарынын баары конфискацияланды!..

Ошентип, “Мыйзамдагы ууру” аталган Азиз Батукаевдин “тарыхынын” алиге басылбай жаткан чатагы, чынында эле, Кыргызстандын жаңы кылымдагы коомдук-саясий турмушундагы бүтпөс эпопеяга айланган темалардын бирине айланды!.. Кылмыш дүйнөсү менен жогорку бийликтин ширелип кетиши, керек учурда тыгыз кызматташып жүрүшкөнү да Аскар Акаевдин учурунда эле башталган. Ыраматылык криминалдык авторитет Рысбек Акматбаев өзүнүн интервьюларынын биринде, Ак үйдүн “заказы” менен парламенттик шайлоодо ошол кездеги Акаевдин оппонентине айланган Феликс Куловго каршы иштешкенин жар салган.

Чоң саясатта бандиттер менен сүйлөшүүгө баруу, аларды пайдалануу жана алардын ыкмасы менен иштөө азыр деле уланууда. Бул тууралуу Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Субаналиев азыркы өтүп жаткан парламенттик шайлоолор башталар замат жарыялаган. Конфиденциалдуу маалыматтарга эгедер болгон, мындай компетенттүү адамдын айрым партиялардын лидерлерин “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин “шестеркалары” деп атап, ошол тарабынан берилген “заказдар” боюнча иштеп жатышканын айтышы эле — ​Кыргызстандын бүгүнкү абалын ачык көрсөтүп турат. Мурда, алиге чейин элдин эсинен чыкпай жүргөн кримавторитет Рысбек Акматбаев Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо триумфалдуу жеңишке жетишип, депутаттык башкы милдети катары “Кыргызстанды сырткы карыздан кутултуу” экендигин жарыя кылган. Бул үчүн ал колуна бейсболдук битаны (шарларды урган таякты) алып, мамлекеттик казынаны уурдашкан олигархтарды бирден өзүнө чакырып алып, ар бири менен жекече сүйлөшмөкчү болгон. Мунусу карапайым элге майдай жаккан!

Ошондуктанбы, мындай “лозунгдагы убадалар” азыркы кезде шайлоого катышып жатышкан партиялардын лидерлери тарабынан да байма-бай жасалууда. “Жаңы дем – Ата Мекен” деп аталган жаңы туума саясий биримдиктин жаш-жасалма лидери Жанар Акаев: “Биз келсек криминалды бир күндө жоебуз!” — ​деп убадалады. Субаналиевдин жогорудагы сөзүнө салыштырсак, Атамбаевдин акчасы менен кокусунан депутат болуп калып, өзүн чоң саясатчымын деп ойлоп алган бул “балашка” кантип криминалды бир күндө жоймокчу болуп жатканы — ​такыр түшүнүксүз! Бул баягы эле “убада берип кое береликчи, кокус парламентке келип калсак, анан көрөбүз да?!” — ​деген жеңил баа мамиле десе болот.

“Балашканын” артынан эле, “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев дагы булганыч олигарх-байларды, Кыргызстандын казынасын уурдаган шылуундарды жок кылабыз деп убадалады…

Эриксизден бир нерсе эске түшөт. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Баяман Эркинбаев өз өмүрүнө коркунуч туулганда, бул тууралуу парламент трибунасынан жарыя кылган. Ички иштер министрлиги аны кайтарууга алып, сегиз автоматчан солдатты бөлүп берген. Кийинчерээк, көзү өткөн соң, анын өлүмүнө байланышкан кылмыш иштен көп сырлар ачыкка чыккан. Көрсө, маркум депутат мыйзамдуу сакчыларга ишенбей, өмүрүнүн эң соңку күндөрүндө атайылап айылдан чакыртып алып, мурда түрмөдө олтуруп чыккан жергиликтүү кримавторитеттин кайтаруусунда жүргөн экен!..

Азыркы олигархтардын көбү, айрым партия лидерлери деле криминал менен тыгыз байланышта жүрүшкөндүгү эл арасында, массалык маалымат каражаттарында кез-кезде сөз болуп калат. Мында таң кала турган деле эч нерсе жок. Анткени, алар өз бизнестерин коргоо үчүн (же черныйлар менен алардын “өз тилинде”, черныйларча гана сүйлөшө ала турган), рэкеттерге, криминалдык күчтөргө дайыма муктаж бойдон кала беришет. Ал тургай, андай криминалдашкан күчтөрдү саясий маселелерди чечүүдө да, башка каражаттары жетишпей калганда, колдонууга барышкан учурлар болгону көп кездешери жашыруун сыр деле эмес.

Ар бир партиянын булчуңдуу спортсмен-жигиттерден куралган “боевой отряддары” бар экендиги, ал эми спортчулар өз кезегинде криминалга жакындыгы — ​Аскар Акаевдин доорунда эле башталган. Бул өтө жогорку деңгээлге чейин жеткен. Бекеринен Пекин Олимпиадасында күмүш медалды алган күрөшчү Канат Бегалиев, өз интервьюларынын биринде, криминалдык чөйрө ага белек кылган автомашинаны кайтарып бергендигин, аларга милдеттүү болууну каалабагандыгын айтпаса керек!..

Чоң саясаттагы бирин-бири опузалап коркутуу, кайсыл бир бизнестик талаш, же коомдук-саясий курч маселе боюнча макулдашууга мажбурлоо (“Крестный отец” фильминдеги: “Я ему сделаю такое предложение, от которого он не может отказаться!” — ​деген, Дон Корлеонанын учкул сөзгө айланган фразасы сымал) тымызын түрдө гана ишке ашырылат. Коомчулукка, укук коргоо органдарына чети да чыгарылбайт.

Себеби, криминал, кылмыш дүйнөсү менен көмүскө жактарда, же түнкүсүн коюн-колтук алышып жүрүшүп, күндүзү парламент трибунасынан такыр башкача образда сүйлөшкөн адамдардын коомдук-саясий репутацияларына жууса кеткис, эч оңолгус доо кетип калышы турган иш.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

“Жаңы Ордо” гезити, №16 (668),  11-сентябрь, 2020-жыл

 

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *