shadow

Гезит аркылуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго шаардын так ортосунда жайгашкан Эркиндик гүлбагы менен “Ала-Тоо” кинотеатрынын айланасы каралбай калып кеткенин, шаардын коноктору сейилдеп басчу жер таштандыга толуп кеткенин, өзүнүн “Елизавета” компаниясынан тышкары шаардын тазалыгына көңүл буруп коюшу керек деп сын айткан элек. Биринчи жазган макалага шаар мэри тоңмоюндук кылып, көңүл да бурган жок.

Экинчисинде Ч.Айтматовдун ысымын алып жүргөн орус драма театрынын бет маңдайындагы “Төрт мезгил” рестораны тууралуу сөз болуп, айланасы таштандыга толуп, каралбай кеткени айтылган. Ушул сындан кийин шаар мэри ойгонду. Гезитке сын пикир чыккан соң, “Төрт мезгилдин” айланасы тазаланып, иретке келди. Шаардын борбору, коноктор келип суктанып баса турган жерлер сөзсүз сындан кийин тазаланыш керекпи?

“Жаңы Ордо” гезити, №12 (664),  3-июль, 2020-жыл

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *