shadow

— Табылды мырза, бул жолу элита деген ким, кимдер элита боло алат, парламентте олтургандар элита боло алабы, азыркы шайлоо системасы элитаны тандоого мүмкүнчүлүк түзөбү деген талаштуу маселелерге саресеп салып көрбөйлүбү?

— Бүгүнкү күндүн талылуу маселесине баш оорутат экенбиз да.

— Учурдун талабы ушундай болуп жатпайбы. Курсагы ток, бутуна туруп алгандар элитабыз деп жаткан соң, кимдер элита экенин билип алган оң го. Элита деген сөздү кимдер колдонгон? Бул топко киргендер коомго кандай таасир берчү күч болот?

— Элита сөзү француз тилинен алынган. Французча “elite” мыкты, тандалып алынган дегенди түшүндүрөт. Элита бул коомдун жогорку катмарынан турган, ар кандай саясий, социалдык жана маданий функцияларды аткаруучу эл каймагы. Жалпак тил менен айтсак, элита деген коомго өтө таасирдүү күч. Ошого АКШ Орусияга таасир этүү үчүн биринчилерден болуп Путиндин тегерегине санкция киргизишпедиби. Так айтканда орус элитасын ойлонгула дешти. Путинге таасир эткиле, ал эл аралык нормаларды кармансын, болбосо силердин баарыңар санкцияга кабыласыңар, Батыштагы банктардагы эсептериңер жабылат, Батышка кире албайсыңар деп кысып койду. Биздин деле Ак үйдөгүлөрдү АКШ, Батыш демократияны кысып жатасыңар, жолдон чыгып кеттиңер, эл аралык нормаларды сактагыла деп коркутуп жатышпайбы. Себеби, элита бул коомдогу баардык маселелерге таасир этүүчү жана чечүүчү функцияга эгедер топ, күч, элдин каймагы. Илгери кыргыздар элитаны эл жыкшылары, эл мыктылары деп коюшкан. Бул топко хандын тегереги, уруу башчылар, баатырлар, ханга кеңеш айта ала турган, акылы топук даанышман аксакалдар, айымдар, кадырман карыялар кирген. Элита коомдун эң көйгөйлүү маселелерин элдин кызыкчылыгында чечүүгө милдеткер.

— Демек, биздин бийлик, Президент, парламент, өкмөт, област башчылары, акимдер, айыл өкмөт баары эле элитага киришет деп айтсак туура болобу? Булардын баары элдин кызыкчылыгы үчүн аракеттениши керек. Эмне үчүн биздин турмушубуз оңолбой жатат?

— Бизде өзгөрүүлөрдүн болбой жатканы саясий элитанын туу чокусун түзгөн бийликтегилер саясатка мезгил жана коом талап кылган адамдардын келишин камсыз кылбай жаткандыгында. Акаев академик болгондон кийин, анын тегерегинде СССРде билим алган, окумуштуулар, коомдун мыкты катмары чоң саясатка аралаша алды. Алар жаманбы. жакшыбы реформаларды жүргүзүп, коомду социализмден рынок экономикасына алып келди. Бакиевдин, Атамбаевдин учурунда тескерисинче саясатка сапаты жагынан алда канча төмөн адамдар келди. Команда канчалык күчтүү болсо, ошончолук көп жаңы идеялар жаралат. Ошого бийликке келген киши дайыма тегерегине мыкты кадрларды топтогонго умтулушу керек. Мисалы, Бакиевдин учурунда анын тегерегинде ЖОЖду сырттан бүтүргөндөр да жүрдү. Бакиев өзү да жогорку окуу жайын 15 жыл окуп олтуруп, араң бүткөндүгү белгилүү. Атамбаевдин өзүнүн шопурларын, жансакчыларын, секретаршасын, жардамчыларын чоң- чоң кызматтарга алып келип алып, реформа кылып жатабыз деп, күнүгө КТРК айта берди. Бирок, эч нерсе алга жылган жок. Бул мезгилде реформа деген сөзгө түшүнүк өзгөрдү. «Реформа» деп бир деңгээлден экинчи бир жогорку деңгээлге жетүү эмес, техникалык же жөнөкөй эле механикалык өзгөрүүлөрдү айтып калышты. Атамбаевдин учурунда иштелип чыккан «Түкүрүк» мыйзамын деле реформа деп түшүнүшкөн. Мына бүгүн жаштарды алып келиш керек дешет. Атамбаев саясий элита өзгөрүш керек деп, саясий элитаны өзгөртпөдүбү. Мына, ошол киши алып келген жаштар бүгүн парламентте олтурушат. Эмне кылды? Атамбаев өзү тизмеге киргизип, алып келген депутаттарын өзү “чимкирик” атады. Бирок, булар Атамбаевдин кланы да. Атамбаевдин каалоосун аткарып турушчу. Атамбаев азыркы “элитаны” үч уктаса түштөрүнө кирбеген бийиктикке алып чыгып, киши кылган. Булардын эң мыкты аракеттеринин бири, Атамбаевдин өзүн кол тийбесттиктен ажыратып, жазалоого шарт түзгөндүгүндө. Бийликтин саясий элитаны жаңыртуу аракетинде биринчи кезекте парламентти контролго алуу максаты жатат. Саясий элита кыңк этпестен бийликти угуп, анын каалаганын бекитип берип туруу талабы болот. Мындай парламентти түзүү үчүн Атамбаевдин бийлиги чоң саясатка өз каалоосу менен киргиси келген жаштарды эмес, тескерисинче үч уктаса да саясат менен алектенем дебеген жаштарды алып келди. Ал эми аларда идея, аракет болбойт. Алар үйүр-тобу менен клан башчысын кыңк этпей угат жана анын айтканын аткарат. Ошого Кыргызстан өнүкпөй жатат. Кыргызстанда саясий система саясий конкуренцияны толук камсыз кыла албай калды. Ошого Кыргызстанда кайра-кайра революциялар болуп жатат. Себеби, бийлик өз конкуренттерин парламентке киргизбестин айласын таап, аларды ар кандай махинациялар, добуш сатып алуулар менен көчөгө калтырып, парламентке эл каалабаган, эл тааныбаган, тил алчаак, дүжүр саясатчыларды жана шылуун же момун жаштарды алып кирип алып жатат.

— Тагыраак айтсаныз?

— 2005-жылы Акаев оппозицияны парламентке толугу менен киргизбей коём деп кулаган. Бакиев учурунда “Ата-Мекен” партиясын, ал эми Атамбаев Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстанын” киргизбей койгон. Ошол эле учурда Атамбаев парламентке жалаң клон партияларды киргизип алган. Бакиев “Ата-Мекенди” киргизбей коём деп кулаган. Себеби, эл Бакиевге мүмкүнчүлүк берип, анын парламенти менен макул болгону менен, ага бийликти бир туугандары менен каалагандай пайдалан деген эмес да. Ошого эл парламентке кирбей, көчөдө калган оппозицияны колдоп кетти. Атамбаев камалды. Болгондо да өзү түзгөн парламент анын кол тийбестигин алып, камалуусуна шарт түзүп берди.

— Акыркы учурларда шайлоо системасы кризиске кептелди деп айтып жатышат. Буга кандай мисалдарды келтирсе болот?

— Кыргызстанда шайлоо системасы дайыма кризистик абалда болуп келет. Бир да парламенттик шайлоолордо шайлоо системасы нормалдуу, эл аралык талапка ылайык болгон эмес. Ошого бийлик өзү каалаган кандидат-саясатчыны, саясий партияны парламентке киргизбей коё алды. Шайлоо системасы талапка ылайыктуу болсо, анда башканы коюңуз, 2010–2015-жылкы шайлоолордо Адахан Мадумаров башында турган “Бүтүн Кыргызстан” өтпөй калмак эмес да. Анткени А. Мадумаров эч ким менен бирикпейт. Ал тизменин башына туруп алат да, аркасына акчасы жок эле эл жарым-жартылай тааныган же таптаза эле тааныбаган жаштарды коюп алып шайлоолорго барып, жетиштүү добушка ээ боло алды. Бирок, парламентке өтпөй жатпайбы. “Ата-Мекен” партиясын карапайым эл эле колдойт. Бирок, шайлоолордо араң 10–15 мандатка чейин добуш алат. Себеби, шайлоолордо добуш сатып алуу күч. Бийлик добуш сатып алып парламентке кирип жатат. Бирок, турмуштук реалдуулукта бийликтин элди алдап жатканын байкаганда, эл оппозицияны колдоп кетүүдө. Акыры баарып революция менен бүтүп жатат. Ошондуктан, саясий элита бирин –бири сыйлап, бирине-бири түшүнүү менен мамиле кылышы абзел.

— Кыргызстанда жакында эле Т. Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси болуп өттү. Анын ысымы ГЭСке, Бишкек шаарынын бир районуна коюлмай болду. Бишкекке жана Ошко эстелиги тургузулаары айтылды. Т. Усубалиев жөнүндө ар түрдүү кептер айтылып жүрбөдү беле…

— Ооба. Учурунда Т. Усубалиев жөнүндө оң да, терс да мүнөздөгү ар түркүн сөздөр айтылчу. Бирок, Т. Усубалиев жана А. Масалиевдер Кыргыз Республикасынын Баатырлары. Ошондуктан, биз ушундай 100 жылдык мааракесин өткөрүп койсок, андан эч нерсе болбойбуз. Албетте, биз бүгүн кимди гана болбосун идеал кылууга аракет кылбашыбыз керек. Т. Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинде анын ысымы ГЭСке ыйгарылды. Менимче, бул жетиштүү болсо керек. Анын неберелеринин бири деле Бишкек шаарынын бир районуна ысымын бербей эле койсо болорун айтып чыкты го. Түндүккө, түштүккө, башка жактарга бир эле кишинин эстелигин коё берген туура эмес го деп ойлойм.

— Эмне үчүн өлкөнү 24 жыл башкарган Т. Усубалиевдин тегерегинде терс мүнөздөгү пикирлер айтылып жатат?

— Биринчиден, жаңылбаган адам болбой. Т. Усубалиев да адам. Экинчиден, элита ар кандай саясий абалдан көз каранды болот. Мисалы, Кокон хандыгынын ханы Кудаяр ханды, Т. Усубалиевди жана башкаларды алып көрөлү. Кудаяр ханды бийликке мамлекеттик төңкөрүш жолу менен алып келишкен. Анын атасы Шералы хан өлтүрүлгөн. Бирок, Кудаяр хан муну жакшы билген. Ошондуктан, ал дагы эмне болуп кетпесин деп кооптонуп, коркуу сезим менен бийлик жүргүзгөн. Аны заман өтө зөөкүр кылып калыптандырган, бийлигин сактап калыш үчүн кимдин гана болбосун башын алууга даяр болчу, бүтүндөй бир элди –кыпчактарды кырганга буйрук берген. Т. Усубалиев бийликке келатканда, кыргыз элинин чыгаан уулу И. Раззаков кызматтан алынган. Т. Усубалиев мунун баарын өз көзү менен көргөн. Ошондуктан, ашыкча сак болгондуктан, айрым кадамдарына байланыштуу И. Раззаковго антипод саясатчы катары кабылданып келет. И. Раззаковдун кыргыз тилине, тарыхына өзгөчө маани бергени маалым. Т. Усубалиев мезгилинде экономиканы өнүктүрүүдө, ГЭС курууда, кен-байлыктарды изилдөөдө, Бишкек шаарын жаңылап курууда, анын ролу чоң болгонун баарыбыз билебиз. Бирок, ошондой болгону менен кыргыз элинин тарыхы, эне тили деген түшүнүктөр экинчи планда калып калган. Мисалы, ошол кезде өлкөбүздө менмен деген борбордон келген чыгаан орус жана атамекендик тарыхчылар жана тилчилер С. М. Абрамзон (1905–1977-жж.), К. К. Юдахин (1890–1975-жж.) жана башкалар иштеген. Бирок, аксакал окумуштуулардын айткандарына караганда, Москвадан коркуп олтуруп, буларды тийиштүү деңгээлде пайдалана алган эмес. Тескерисинче, экөөнө тең жакшылыктуу кызмат берилбегенин айтышат. К. К. Юдахин менен анын таарынычтарынын себеби, өлкө башчысы болгон адамдын эки эне тили болот деген мааниде илимий макала жазып бериңиз деген өтүнүчүнө, окумуштуу бул илимий жактан негизсиз деп макул болбой койгондугунда болгон. Дагы Кудай жалгап К. Юдахин бир денеде бир эле эне тил болот деп болбой койгон дешет. Бирок, ошондой болгон менен өлкөдө орус тилине өзгөчө маани берилип, бардык региондорго орус мектептери ачылган. Ал эми Бишкек шаарында № 5 мектептен башка кыргыз мектеп болгон эмес. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери 30 жылдай болуп калганы менен мамлекеттик кыргыз тили коомдо өз ордун таба албай келет. Т. Усубалиевдин неберелери эне тилин билишпей, орус тилинде сүйлөп жатышат.

— Айтсаңыз, Кыргызстандын тарыхында эл үчүн ак кызмат өтөгөн, өз эмгеги элге сиңген, жаштарга үлгү боло ала турган элитанын катарына кимдерди кошо алабыз?

— Менимче, өздөрүнүн патриоттуулугу, каармандыгы менен айырмаланып, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруу, орнотуу үчүн болгон күчүн, мүмкүнчүлүгүн жумшаган, кан-жанын аябаган 1920–1930-жылдардагы ата-бабаларыбызды нукура элита деп атасак болот. Алардын сап башында Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө далалаттанып кан-жанын аябай аракеттенген А. Сыдыков, И. Арабаев, Ю. Абдрахманов жана Сталинге атайы кат жазган «30чулар» турат десем жаңылбайм. Биз аларды дайыма Кыргыз тарыхын жана ата-бабаларды эскерүү күнү эскерип турушубуз абзел. Бишкектин парктарынын бирин А. Сыдыков, И. Арабаев, Ю. Абдрахманов жана 30чулар катынын авторлуна арнап, аларга атайы эстелик тургузуп койсок да жаман болбос эле. Булардын ар бири Кыргыз мамлекеттүүлүгүн орнотуу үчүн баа жеткис эрдиктерди көрсөткөн. Ошондуктан алардын ысымдары биздин эсибизде түбөлүк сакталууга тийиш. Керек болсо, атайы мыйзам кабыл алыш керек.

— С. Жээнбековго эл эмнеге ишенип жатат?

— С. Жээнбеков интеллигенттин үй–бүлөсүнөн чыккан. Ошондуктан, элита жана эл ага ишеним артып жатат. Эл С. Жээнбековду өз убадаларына турат жана Кыргызстанды өнүгүү жолуна салат деп үмүттөнүп жатат.

Суроо салган Т. Токтоболотов.

“Жаңы Ордо” гезити, №33 (647),  15-ноябрь, 2019-жыл.

 

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *