shadow

 

— Табылды мырза, айтсаңыз, өткөн жумада Ат-Башыга логистикалык борбор куруу проблемасы өтө күч болуп, акыры карапайым элдин күчүнө премьер-министр М. Абылгазиев жана башка демилгечилер туруштук бере албай калды. Сиз бул аракеттерден эмнелерди байкай алдыңыз?

— Биринчи кезекте, карапайым эл менен саясий элитанын ажырымы асман менен жердей экендигин байкоого мүмкүнчүлүк болду. Логистикалык борборго карапайым эл каршы чыгып жатты. Бирок, ошол эле учурларда Ат-Башылык, Нарындык саясий элита жапырт анын курулушу маанилүү экенин саймедиреп айтып, карапайым элди колдобой жатты. Премьер-министр М. Абылгазиев баш болуп, Ат-Башынын акими төш болуп бир багытта аракет кылып жатышты. Булар күч менен эле куруп коебуз деп, таза артка чегингиси жок эле. Ошого бул Президент С. Жээнбековдун кийлигишүүсүн талап кылды. Ал өз позициясын так билдирип, М. Абылгазиевди тыйып, токтоткула, — дегенден кийин гана өкмөт артка кайтты. Өтө кызык эле болду. Саясий элита өз кызыкчылыгы үчүн элдин пикирин уккусу жок экенин көрсөтүп койду. Эптеп элди жөөлөп логистика борборун ачымыш этип, ошол жерге 200дөй элита сөрөй 1 гектардан бизнес-проект ачып алууга шашылгандай эле болуп калды.

— Премьер-министр Абылгазиев жакында Ат-Башыдагы 200 га жер кытай компаниясына берилип жатышы Си Цзиньпин менен С. Жээнбековдун келишиминин негизинде жүрүп жатканын билдирип да көрдү. Бирок, талаш токтобой жатты. Бул маселеде элдин чоочуркоосуна канчалык негиз бар эле?

— Менимче, бардык талаш ишке Президент С. Жээнбековдун ысымын колдонуп чечүү туура эмес. Өкмөт эл менен иштеш керек. Бул жерде эл обьектинин курулушуна каршы эмес экенин айтты. Алар кытай эмес, биздин бизнесмендер курсун деп жатты. Элдики да туура. Эмнеге болбосун. Өкмөт 8 жылда курулат дейт. 8 жылда кытай тарап акча таппай калса, кетип калышы да мүмкүн. Балким, парламенттик шайлоолордон кийин деле кытайлар акчабыз жок деп таштап кетсе эмне болмок. Мен ОТРКдан «Ой Ордону» көрдүм. Ошол жерде турган өкмөт структураларынын жетекчилери бул маселе боюнча өз аныктамаларын айтып жатышты. Бирок, маселе дагы эле суроо жаратып, күмөндүү болуп жатты. Себеби, кытайлык компанияга берилип жаткан жер чек арага жакын, — деген жергиликтүү калктын тынчсыздануусу олуттуудай сезилип турду.

Мында маселелер дыкат изилденип чечилиш керек. Мен бул маселеде эске алуучу жагдайларды айта кетейин. Чынында чек арага жакынкы жерлер дайыма эле чыр жаратып келет. Мисалы, Өзбекстан менен чектешкен жердеги биздин газобъектилер өлкө эгемендикке чыкса да биздин колубузга өтпөй келатат. Анан калса, Торугарт аркылуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу да өтөт деп жүрбөйбүзбү. Бирок, ал долбоор боюнча да Кытай тарап биздин темир жол коллеясы жактырылсын деген талап коюп жатат. Бул да күмөн жаратат. Кийин бул да элдин нааразычылыгын жаратышы мүмкүн. Бул долбоор адеп башталганда эле мен батыштык саясат таануучулардан сурагам. Кытай коллея боюнча шарт коюп жатат деп. Алар айтышкан, анда бул проект көпкө чейин чечилбейт деп. Ошондуктан, эгер силер жол тез курулсун десеңер, өзүңөр бир аз кредит алып, Торугарт чегинен Бишкекти көздөй 10–20 км темир жолду куруп салгыла дешкен. Ошондо бул проблема чечилет, ага чейин чечүү кыйын болот деп. Себеби, кызыкдар тарап өз элине биздин чегибиз кытай коллеясы кайсы жерге барса, ошол жерден башталат деген тымызын идеология жүргүзүшү мүмкүн дешкен эле. Мисалы, эгер кытайдын коллеялары Балыкчыга же Бишкекке чейин кирип келсе, анда кандай болот? Саясатта мына ушундай тымызын аракеттер жүрө берет. Ошондуктан, бул маселеде өтө кылдат мамиле кылышыбыз керек деп ойлом.

Биз 200 гектарды 49 жыга арендага беребиз. Бирок, кийин Торугарттан поезд жол өтөт да. Колеясы кытайдыкы болуп калса кандай болот? Нарындыктар эт багытында өнүгүп, этти Иранга, Арабдарга сатууга аракет кылып жатат. Менимче, Кыргызстан үчүн Кытайга сүт сатуу өтө маанилүү. Ошондуктан Нарындыктар өкмөттөн Кытайга айыл-чарба продукциясын, сүт, май, бал, кара өрүк, алча ж. б. сатууну жолго коюну талап кылышы керек. Мындай жол менен жалпы Нарындыктарды акчалуу кылса болот. Логистикада 200 гектарды 1 гектардан 200 “элита” ээлеп алып, байып жата бермек, кайра-кайра депутат болуп.

— Менимче, парламенттик шайлоолор утурлай саясий партиялар акырындык менен кыймылдай баштады. Бийликчил 3–4 партиянын аты аталып жатат: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», “Кыргызстан” ж. б. Бирок, баарынын кызыкканы чыр ээрчиген Матраимовдор болсо керек. Матраимовду “Өнүгүү” менен барат деген да имиштер айтылып жатат. Сиз алдыда кандай жүрүштөр болот деп ойлойсуз?

— Ооба. Матраимовдорду акыркы мезгилде чын эл чыр ээрчип жатат. Айрым саясатчылар булар менен бирге экендиктерин ачык айтуудан чоочуркап жатышат. Бирок, менимче, Р. Матраимов «Азаттыктын» сынына кабылып жатып, И. Матраимовго тиги же бу партия менен баруу өтө татаал болуп калды көрүнөт. Ошого ал КСДПда эле калганы туура деп ойлойм. Антпесе, ал кайсы партияга барбасын, ошол партия ММКлардын таландысына калып, шайлоолордо өз максатына жетүүсү кыйынга турат.

— Матраимовдор «Азаттык» радиосу менен да чатагы бар эмеспи. Бүгүн соттошуп да жатышат. Сиздер да «Азаттык» радиосун бир беткейликти карманып кетти деп сындап келесиздер. Талашыңыздар дагы канчага созулат?

— Биз «Азаттыктын» жетекчилигин неопотизмге берилип кетти деп сындадык. Биз бул сынды уланта бермекчибиз. Себеби, «Азаттык» радиосу кыргыз редакциясынын жетекчилигине конкурс уюштура элек. Эгер ачык конкурс уюштурулса, биз өз максатыбызга жеттик деп эсептейт элек. Себеби, конкурста утуп келген жаңы жетекчи, жаңыча иш алып барып, буга чейин болуп келген катачылыктарды жоюп, аларга жол бербей, радионун ишин туура жолго салат деген үмүттөбүз.

— Башкача айтканда, «Азаттыкка» жаңы жетекчи келсе, радио бийликти мурдагысындай эле мушка алса, силер арачы болбойт экенсиздер да?

— Биз азыр да арачы эмеспиз. Биз анын ишиндеги кемчиликтерди гана айтып келатабыз. Биз «Азаттыкты» неопотизмден кетип, контентин жакшыртсын деп сындап жатабыз. Ал Матраимовдордубу, башка олигархтарды сындайбы, биздин башыбыз оорубайт. Буга Матраимовду тизмесине кошуп, шайлоого барып, сынга кабылган партиянын башы оорусун.

— Демек, сиз ошондуктан И. Матраимов КСДП менен эле барганы оң деп жаткан турбайсызбы?

— Ооба. Аны элдин баары КСДПда экенин билет. Эгер башка партияга барса, анда ал партия чабуулга жана сынга кабылат. Радионун кабарчылары өткөндө бажыдагы миллиондорду иликтөөнү дагы улантаарын айтты эле го. Булар шайлоого карата да бомбаларды жардырышы мүмкүн да. Анан калса, «Азаттык» радиосу алар менен соттошуп жатат. Матраимовдор саясатта болгондон кийин дайыма «Азаттыктын» бутасында калышы мүмкүн. Шайлоо учурунда андан бешбетер дегендей.

— Бүгүнкү күндө эң көйгөйлүү проблемалардын бири — бул парламенттин сапатын жакшыртуу. Олигархтар көбөйгөн сайын саясатка таасири күчөп жатат. Ушул өңүттөн алганда парламенттин сапатын жакшыртуу өтө эле кыйын го. Кээ бири люстрация мыйзамын кабыл алуу керек деп жатышат.

— Парламенттин сапатын жакшыртуу өтө маанилүү. Парламентке алдым-жуттумдар эмес, таза, өз абийирин улук туткан, элитанын мыкты өкүлдөрү келсе, коом да аларга карап түзөлмөк. Коомдун психикалык абалы, моралдык-нравалык туруму жакшырмак. Ошого бүгүн эң алды менен ушул маселелердин үстүндө аракеттенүү керек деп ойлойм.

Бирок, тилекке каршы, бизде андай болбой жатпайбы? Люстрация законун кабыл алабыз деп канча айтылды. Айткан менен ишке ашпай келет. Саясатчылар бирин-бири сатпайт экен. «Карга карганын көзүн чукубайт» деген сөз бышыкталып жатат. Бирок, Кыргызстанда люстрациянын башка түрүн киргизсек болот деп ойлойм. Менимче, мыйзамдардын сапатын жакшыртып, жаңы нормаларды киргизиш керек. Мисалы, Кыргызстанда президенттик кызматка бир эле мөөнөткө шайланса болот деген Конституциялык норма бар. Мыйзамдарга ошого жакын нормаларды киргизиш керек. Олигарх саясий партиянын учредители боло албайт (Атамбаев менен болгон окуялар кайталанбаш үчүн). Экинчиден, олигархтар бир эле мөөнөт ЖКга депутат болуп шайлана алат. Үчүнчүдөн, депутаттыкка аттанган ар бир кандидат акыркы алты жылдагы финансылык абалын жарыялап, отчет бериши керек. Төртүнчүдөн, ар бир саясатчы өзү өткөргөн көк бөрү, ат чабыш, той-топурларга кетирген акча каражаттары боюнча мамлекетке отчет берип туруусу зарыл деген нормалар киргизилиши керек деп ойлойм. Себеби, азыркы парламенттин көпчүлүк депутаттары өтө бай. Бирок, көпчүлүгүнүн ишканасы жок. Кыргызстандыктарга иш орундарын беришпейт. Бирок, топондой акча коротуп, той-тамаша өткөрүп депутат болуп келатышат. Жер-жерлерде акыркы 5 жылдан бери той өткөрүп, улак тарттырып, байгесине жылкыларды, төөлөрдү, уйларды, катар-катар машиналарды коюп жатышат. Айрымдары 5 машина койсо, айрымдары 10 машинага чейин коюп жатышат. Булар акчаны кайдан алып жатышат? Ошого эл ичинде айрым депутаттар наркотрафик менен алектенет деген пикир бар.

Т.Токтоболотов

“Жаңы Ордо” гезити, №3, (655), 21-февраль, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *