shadow

— Табылды мырза, үгүт иштерине эки жумадай болуп калды. Саясий партиялардын тизмелери, программалары элге жакпай калып, убара тартып жатышат. Сиз кандай баамдап жатасыз?

— Шайлоочулардын тизмени жактырбай жатышы түшүнүктүү. Себеби, бүгүн Президенттин институту эч кандай саясий процесстерге таасир берүүдөн алыс болуп жатат. Тескерисинче, Президент С. Жээнбеков парламенттик шайлоолорду демократиялык нукта жана саясий конкуренциянын негизинде өткөрүп алуу үчүн кызыкдар экени көрүнүп турат. Өткөндө ал элге кайрылып, «Добушуңарды сатпагыла» деп суранды. Ал аким, мэрлер, айыл өкмөт башчылары катышкан чакан Коопсуздук кеңешинде шайлоочуларды форма 2 жолу менен шайлатуу өтө күч алып жатканын айтып, жергиликтүү органдардын жетекчилигине буга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Генералдык прокурор Ө. Жамшитов да добуш сатып алууларды прокуратура көзөмөлгө алып жатканын билдирүүдө. Бүгүн 20дан ашык аракеттер териштирилип, шайлоочуларды коркутуу, добуш сатып алуу боюнча 2 окуяга кылмыш иши ачылганы белгилүү.

Мына ушундай абалда шайлоочулар саясий партиялар өтө мыкты тизмени тартуулап, элди кубандырышат го деп үмүттөнүп жатышкан. Бирок, тилекке каршы андай болбой калды. Партиялар тизмелерине 30 жылдан бери саясатта болуп, депутат болуп жүргөн баягы эле саясатчыларды 5–10 кылып бөлүп, 5–6 партияга олтургузуп, алып келатканын көрүштү. Албетте, ошого тизмелер коомчулуктун терс реакциясына кабылды. Анан калса, ар бир партияда бирден-экиден өзүлөрүн терс жагынан көрсөтүп койгон саясатчылардын болушу, шайлоочулардын тиги же бул партияны тандоосун татаалдаштырды.

Албетте, бул жерде биз саясий партияларга короновирустун да терс таасир бергендигин унутпашыбыз керек. Партиялар программаларын түзүүдө мыкты экономисттерди, адистерди тарта албай калышты десек болчудай.

— Бул абалдан кантип чыгууга болот?

— Менимче, коомчулук партияларды бир карап баамдоо мезгили өттү көрүнөт. Бүгүн ар бирин өзүнчө карап жатышат, тизмесин, программасын дегендей.

— Кимисиники салыштырмалуу жакшыраак экен байкай алдыңызбы?

— Бүгүн шайлоолорго катышып жаткан саясий партияларды төрт чоң топко бөлсөк болот. Мисалы, Орусиячыл –«Биримдик», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш», мекенчилдерге – «Мекеним Кыргызстан», «Мекенчил», «Ордо», батышчыл топко «Республика», «Реформа», «Ата мекен», «Бир бол», Диний багытта –«Ыйман нуру» ж. б.

Тизмеси жагынан «Бир бол», Биримдик», «Республика», «Ата мекен», «Мекенчил», «Бүтун Кыргызстан», «Кыргызстан», «Замандаш», «Мекеним Кыргызстан», «Реформа», ж. б. болуп кетсе керек.

Мисалы, «Бир болду» Алтынбек Сулайманов дагы башкаларды эске албаганда көпчүлүгү жаңы инсандар. Бирок, булар А. Сулаймановго карата чогултулуп, лидеринен да жаш, тажрыйбалары жок. Буга караганда «Биримдиктин» тизмеси салмактуу болуп жатат. Коомчулукка терс жагынан көрүнгөндөр аз, бир нече жолу депутат болгон, ар тармакта иштегендер чогултулган. «Бүтүн Кыргызстан» менен «Замандашты», «Республика» менен «Мекенчилди» кошуп жиберсе жакшы тизме болмокпу дейм. Же «Республика», «Ата мекен», «Бир бол», «Реформа» төртөө бир тизмеде болушса, тизменин салмагы жогоруламакпы деп ойлойм. «Мекеним Кыргызстанда» салмактуулар болгону менен, коомго таанымал интеллигенция өкүлдөрү, жаңы чыгып келаткан жаштар жокко эсе. Бир эле Э. Алканова ар кайсы жерден чыгып калып жатат. Р. Матраимовдун катуу сынга кабылып жатышы да, бул партиянын пиар компаниясына тоскоолдуктарды жаратып жатат. «Мекеним Кыргызстан» бул абалды эске алып, тизмесине көбүнчө жаңы чыгып келаткан жаш, таза кандидаттарды киргизгенде, бул алда канча чоң таасир калтырмак. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын ММКларда катуу сынга кабылып жатышы, булардын аброюнун төмөндөшүнө алып келип, парламентке азыраак мандат менен кирип калышын шартташы мүмкүн.

— Партиянын тизмеси канчалык маанилүү?

— Шайлоо учурунда тизме өтө чоң мааниге ээ. Мисалы, илгери студент жаштар «Атамекендин» тизмесинен А. Салянованы издеп, анан партияга добуш берүүгө аракет кылышчу. Бүгүн Э. Сурабалдиеваны издеп, бирок, О. Текебаевдин жоктугун көрүп, өкүнүп калып жатышат. Канчалык позицияңыздан танбай, принципиалдуулукту көрсөтсөңүз ошончолук электоратты тарта аласыз.

— Саясий партиялардын программаларын кандай баалап жатасыз?

— Чынын айтсам, көпчүлүк партиялардын программалары өтө эле чийки. Жогоруда айтканымдай, буга короновирустун да терс таасири тийди. Кыргызстанда саясий партияны шайлоолор алдында түзүү өнөкөткө айланып кетти. Мисалы, шайлоолорго чейин «Замандаш» партиясында киши деле жок болчу деп жатышат. Шайлоолор алдында тизме түзө коюп, шайлоого аттанды. Программасы жок десек болот. Жалпы сөздөр менен жазып коюшкан. Ошондуктан, презентациясын лидер өзү эмес, мыкты ишкер, партиянын тизмесине эң акыркы болуп кирген А. Мамашевага жасатып алышты.

Бирок, программалардын бардыгында бир чоң кемчилик орун алган. Алардын баары коомдун өнүгүшүнө советтик саясатчынын көз карашына, анын менталитетине жакын көз карашта жазылган. Айрымдарында өтө көп убадалар берилет жана популизм орун алган.

Салыштырмалуу позитиви байкалган программаларга «Бир бол», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Ата мекен» партияларыныкын айтсак болот. «Реформанын» программасында да коомдун өнугүшүнө туура багыт бере турган позициялар камтылган. «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстандын» программалары сынга кабылганы менен башкалардан өзгөчөлүгү документтердин партиянын идеологиясына негизделгендигинде. «Биримдикчилер» өзүлөрүн «демократиялык социализм – евроазиялык тандоо» деген идеяны карманаарын даңазалап жатышат. Кыргызстандын геосаясий абалына негизделген десек болот. Презентациясы да партиянын идеологиясына жалгашып, шайлоочуларга түшүндүрүүгө оңой болуп жатат. Бирок, идеология жакшы негизделбегени сынга алынууда. Бирок, бир жагынан бул саясий партиянын канчалык кайсы бир идеологияны карманып, анын негизинде аракеттенсе, ошончолук ал коомчулук, шайлоочулар менен тез пикир табышып, иши алга жылаарын билдирип жатат. «Мекеним Кыргызстан» партиясы да социалдык либерализм идеологиясын тутунаарын билдирип жатат. Р. Матраимов бизнесмен болгондон кийин, ага башка идеалогия төп келбей калмак дешет. Бул буга чейин Кыргызстанда либералдык идеология жайылбайт деп жүргөндөрдүн жаңылганын көрсөтүп жатат. Албетте, ушундай финансылык жактан көз каранды эмес партия үчүн мыкты программа аба менен суудай керек эле. Бирок, программаларында айрым жетишпегендиктер орун алган. Өтө чоюп, өкмөттүк деңгээлге чейин көтөрүп жиберүү аракети байкалат. Программа беш жылдык иш аракеттерди гана камтышы керек экени эске алынбай калган. Эн негизгиси либералдык идеология менен шайлоочулардын социалдык талаптары бири-бири менен туура айкалыштырылбай калган. Партиянын ниеттери туура, бирок, иш-чаралардын аткарылыштары коомчулуктун кызыкчылыгында болбой калышы мүмкүн экени байкалууда. Мисалы, өлкө боюнча заманбап ооруканаларды куруу убадаланат. Бирок, мамлекет аларды каржылай алаар, албасы эске алынбай калган. Эгер жеке менчик болсо, анда аларда жакыр үй-бүлөлөр даарылана албасы анык. Ушул маселелерди так, ачык жазып коюшса болмок. Конституциялык реформалар боюнча да талаш маселелер көп байкалат.

Саясий партиялардын программаларында «эң начары «Чоң казат» жана «Ыйман нурунуку». Анан калса, «Ыйман нуру» партиясы бизди эң жакын өнөктөштөрүбүз жана коңшуларыбыз Орусия менен да, Кытай менен да каршылаштырып коюшу мүмкүн.

— А «Бир болдукучу»?

— «Бир болдуку» салыштырмалуу түзүк. Кичи жана орто бизнеске басым жасалганы туура болгон. Партиянын программасын Руслан Акматбек презентация кылышы жакты. Балким, ал келечекте жаңы лидер болот. Бирок, «Бир бол» өзүнүн рекламалык компаниясын жакшы жүргүзө албай жатат. Мисалы, А. Сулаймановдун «Челюст» байке деген ролигин көргөн чыгаарсыз? Коомчулук «Челюсть» А. Сулаймановдун ОПГ чөйрөсүндөгү каймана аты экенин билет. Парламенттик шайлоолордо өзүн «Челюсть» экенин мойнуна алган ролик, ага азан чакырган атынан да ОПГ чөйрөсүндөгү аты маанилүүбү деген суроолорду жаратпай койбойт. Ушуга окшогон жана башка да роликтери шайлоочуларды партиядан ары түртүп жатат десем болот.

— Сиздин божомолуңузда, кайсы партиялар шайлоолордо утат жана парламентке келе алат?

— Менимче, «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Республика» партиялары парламентке кирет. Бирок, булардан башка да «Ата мекен», «Мекенчил», «Замандаш», «Бир бол» «Бүтүн Кыргызстан» партияларынын ичинен бирөө же экөө өтүшү мүмкүн. Ошону менен парламентке алты партия кириши мүмкүн.

— Демек, алты партия өтөт экен да. Бирок, сиз жогоруда «Мекеним Кыргызстандын аброю түшүп кетиши мүмкүн дедиңиз го?

— Ооба. Эгерде ага карата сындар көп болсо, партия алдыңкы катардан бир аз ылдый түшүп, аз мандат менен кирип калышы мүмкүн.

— Эмне үчүн?

— Буга, коомчулукта партия жөнүндө жүрүп жаткан ар кандай сөздөр себеп болушу мүмкүн. Райим Матраимовду А. Атамбаев менен окшоштуруп жатышат. Атамбаев да КСДПга төрт клон партия түзүп, тизмелерин да өзү түзгөн. Р. Матраимовду да «Мекеним Кыргызстандан» башка да “Ыйман нурунун” тизмесин түзүп, «Республика», «Замандаш», «Ата мекен» партияларына 5–6 өз кишилерин киргизип койгондугун айтып жатышат. Б.а. Раим миллион главный фальсовщиктин ролун аткарган. Эгер айтылып жаткан сөздөр туура болсо, ал ошол партиялардын тизмелери өзүнүн «Мекеним Кыргызстан» партиясыныкынан жакшыраак болуп калаарын эске албай калган.

— Бүгүн коомчулукту «Чоң казат» партиясы катуу дүрбөтүп жатат. Адегенде аны бийликтики, Коопсуздук кызматынын проектиси дешип, ошол структурадан каржыланат дешкен. Кийин Райымбек Матраимовдуку дешсе, акыркы мезгилдерде Райымбек Матраимов менен А. Сегизбаевдики экен деген сөздөр тарады эле. Бирок, “Чоң казаттын” тизмеси чыккандан кийин анын тизмесине №13-болуп К. Жумалаиевдин эң жакын адамы «Манас» ТВсынын башчысы Т. Токтогазиев жана №35-болуп А. Мураталиев (алып баруучу) киргендиги белгилүү болду. «Чоң казат» Жумалиев менен кандайча байланышып калды деп эл аң-таң болуп жатат?

— Ооба. «Чоң Казаттын» саясатка чыгышы өтө эле сырдуу болуп жатат. Мисалы, цивилизациялуу өзүн жана элин сыйлаган өлкөлөрдө саясий партияга «Чоң казат» деген экстремисттик мүнөздөгү атты алып жүрүүгө тыюу салынган. Бизде деле мындай ат менен саясий партия болбошу керек болчу. Себеби, «Чоң казат» деген термин араб тилинен которгондо «чоң газават» дегенди түшүндүрөт. Б.а. илгери мусулмандар капырларга каршы жүрүшкө аттанганда бүтүндөй мусулмандардын күч-кубатын, адамдык ресурсун согушка мобилизациялоо үчүн аларга «Газават» жарыялашкан. Мына ушул сөз «Манас» эпосуна «Чоң казат» деп кирип калган. «Чоң казат» партиясын түптөгөндөрдүн баары тең юристтер, муну өтө жакшы билишет. Бирок, баары бир булар чоң саясатка кирип жатып, ойдо жок, мыйзамсыз кадамдарга барган. Демек, мында кандайдыр бир чоң саясий кызыкчылыктар бар. Б.а. буга атайы дайындыктар көрүлүп, партияны түзүүчүлөрдүн алдын ала максаттары жана милдеттери ойлонулуп чыгып, анан кийин гана ишке ашырууга өтүшкөндөй. Себеби, апрелдин аягында Бишкек коронавирус оорусунун жайылышы боюнча алдыга чыга баштаган. 7-майда Соль-Илецкиден мигранттарды алып келишип “Манас” аэропортуна жайгаштырышкан. Алардын 104нөн короновирус оорусу табылган. 18-майда, алар нааразычылык акцияларын баштап, Штаб аларды үй-карантинине чыгарып, үйлөрүнө коё берген. Ошондон кийин өлкө боюнча оорунун жайылышы көбөйгөн, карантин киргизилди. Бийликтин рейтинги түштү.

Өлкөдөгү мындай абал саясатчылар үчүн өтө ыңгайлуу болгон. 4-майда «Чоң казат» партиясынын авторлорунун бири С. Жапыкеев 4-майдан өзүнүн «Кухня 9» билдирүүлөрүн тарата баштаган. Анан «Чоң казат» деген ат менен чоң саясатка аттанып калышты.

Эл «Чоң казаттын» артында кимдер турат деп, али күнчө аң-таң. «Чоң Казаттын» артында сөз жок, өтө «коварный чубак» тураары айтпаса да белгилүү. Ошого «Чоң казатчылар» эмне гана кылбасын эч ким аларды кой дей албайт. Айрым учурларда Президент С. Жээнбековго да обу жок тийишип жатса да, Жапыкеевдин аракеттери көз жаздымда калууда. Ал эми карапайым адам бир сөз айтып койсо, аларды дароо кечирим суратып киришет. С. Жапыкеевге Коопсуздук кызматы, ИИМ, Генпрокуратурасы баш болуп эч нерсе кыла алышпайт. Мунун өзү Жапыкеев жана «Чоң Казат» бир чоң саясий заказды аткарып жаткандай түр калтырып, ар кандай сөздөр тарап жатат. Ала кушту атынан айт дегендей, булар заказ аткарып жаткан топко окшош.

«Чоң казат» алгач Т. Акимов менен байланыштуу болгон. Т. Акимов Орусиянын «Деньги и власть» гезитинин редактору болгондо, М. Мамытканов анын « ОсООсунун» генералдык директору болгон. Т. Акимовдун Мурат Акимов деген иниси бар. Ал айыл чарба Банкында эмгектенсе керек эле. М. Акимов менен А. Сегизбаев кан достор дешет. Т. Акимов А. Сегизбаев Коопсуздук кызматында мезгилинде эмнегедир ошол кездеги ИИМ министри менен чатакташып, аны сабатты деп күнөөгө жыгууга аракет кылган. Эгер бул заказ болсо, анда «Чоң казатта» заказ экени анык болуп чыгат.

С. Жапыкеевге келсек, ал мурда Э. Сатыбалдиев менен, кийин А. Салянова менен генпрокуратурада иштегенин айтышат. Бирок, ага тапшырылган коррупциялык иштер сотко жетпей жаткандыгына байланыштуу А. Салянова аны Ысык-Көлгө которуп жиберген имиш. Ал жактан да жакшы жыйынтык болбогондон кийин, кызматтан кетирилген деген сөздөр бар. Эгер ошол кезде А. Салянова УМККнын жетекчиси А. Сегизбаев тарабынан куугунтукталып жүргөнүн эске алсак, анда С. Жапыкеев бул структура менен тыгыз байланышта болуп, маалымат булагы катары пайдаланылып келиши мүмкүн. Кийин ал Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу үчүн Ысык-Көлдө өткөн митингге катышкан. Андан соң Бишкекте өткөн Ш. Айтматованын митингине жана башка митингдерге катышкан. Шайлоолор жакындаганда «Кухня-9» проектиси менен чоң саясатка аттанды. Анын демилгеси менен «Чоң казат» партиясы жандандырылып, чоң саясатка чыгуу колдоого алынган.

Жогорудагылардан улам «Чоң казаттын» жигиттери УМККнын мурдагы жетекчилигинин учурунда эле маалымат булагы катары колдонулуп келген болсо керек деген ой келбей койбойт. Бирок, буга чейин булар бирин-бири билбесе керек. Демек, булардын биригишине кызыкдар тараптар бар болгон жана ошолор булардын аракеттерин көзөмөлдөп, башкарып турушат. Себеби, булар өзүнөн-өзү эле бири-бирин таап, биригип кетиши мүмкүн эмес. Сөз жок, булардын башын бирөө бириктирди.

Ошого «Чоң Казаттын» артында кимдер турат деген суроо баарын кызыктырып келет. А. Сегизбаев кызматын тапшырып койгон, ал бүгүн анчалык таасир кыла албайт. Бирок, ага карабай булардын артында Коопсуздук кызматы турат деп жатышат. Балким, А. Сегизбаев мурда өзүнүн досу М. Акимовдун тегерегиндеги жигиттерди ар кандай заказдарды аткартууга пайдаланып келген. Бүгүн Ө. Опумбаев А. Сегизбаевдин жолун жолдоп, «Чоң казаттын» жигиттерин коомго таасир берүү үчүн колдонуп жатат деп айтуу да анчейин реалдуу эмес. Себеби, Коопсуздук кызматы бул мамлекеттик орган, ал Конституция жана мыйзамдар боюнча саясаттан тышкары. Опумбаевдин башы эки эмес да, алардын бирин садагага чаап, тегирмендин ташына салып жибергидей. Бирок, эгер Коопсуздук кызматы башкы бажычы менен А. Сегизбаев аркылуу көмүскө түрүндө башкарылып жатса, анда бул бир аз реалдуу болушу мүмкүн. Себеби, Сегизбаев Атамбаевди каматуу операциясына катышканы коомчулукка маалым.

Айтор, кандайдыр бир «утечкалар» болгондуктан «Чоң казатты» мурдагы бажычы жана Сегизбаев менен байланыштырып жатыштары мүмкүн. Кыргызстанда башка бирөөлөр «Чоң казатка» мынчалык гарантия бере албайт да. Б. а. булардын артында Опумбаевден да таасирдүү адамдар тургандыктан, «Чоң казаттын» жигиттеринен УМКК, ИИМ жада калса Генералдык прокуратура да жатыркап, эч нерсе кыла албай жатышат деп ойлойм. Мисалы, БШК тизмени каттаар алдында С. Жапыкеевдин мурда соттолгондугу жана ал алына элек экендиги аныкталган. Бирок, эч түшүндүрүлбөстөн эле ал партиянын тизмесинде болуп калганы элди таң калтырып жатат. С. Жапыкеев ар бир жерге барып, чатак издеп жатканы да кеңири талкууланып, анын аракеттерин көпчүлүк түшүнө албай жатат. “Кырк Чоро” кыймылынын лидери менен дебатка чыгам деп келип, ал жерди бир паста чатакка айландырып жиберип, басып кеткен. Эң кызыгы, «Чоң казат», «Реформа», «Бир бол», «Ата мекен» партиялары «Кыргызстан» партиясын БШК алып жатканда, үйрүлүп ал жерден кетишпей, митинг кылып турушту эле. «Бүтүн Кыргызстан» партиясын алып жатканда, «Чоң казаттан» башка эч кимиси басып да келбей коюп, элди таң калтырды.

— Жогоруда аты аталган батышчыл партиялар акчабыз жок деген менен баары шайлоого катышып жатат. 5 млн сомду да төгө алышты. Буларга сырттан акча келип жаткан жокпу? Сырткы күчтөрдүн таасири кандай?

— Бул жерден А. Сулайманов «Бир болдун» алдыңкы катарын батыштан окуп келген жаштардан түзгөн. Бирок, алар өтө жаш жана акчалары жок. Булардын акчаларын А. Суйлайманов кайдан табып жатат деген суроо жаралат. Албетте, өз чөнтөгүнөн мынча адамдын акчасын көтөрө албайт да. Анан калса, «Бир бол» оппозициялык партия болобуз деп жарыялады. А. Сулайманов президентти алгачкы күндөрүнөн бери колдоп келген. Шайлоого келгенде гана өз позициясын 100% өзгөрттү. Балким, буга «Бир болдун» финансылык каржы маселесин чечкен тарап таасир бердиби деген ой келбей койбойт. Б.а. саясий партиялар билгизбегендери менен сырткы күчтөр таасир берип жатканын баамдасак болот.

— Ошондо шайлоонун мааниси жана шааниси эмнеде болуп жатат? “Чоң казатсыз” эле шайлоо өткөрсө болбойт беле? Эгер «Чоң казат» Райымбек Матраимов менен Сегизбаевдин проектиси болсо, бизди алдыда эмне күтүп жатат, ушу жөнүндө сөз кылсаңыз?

— Бул жолку парламенттик шайлоолор өтө көптөгөн сырларды катып жатат десем болот. Биринчиден, «Чоң казат» элди дүүлүктүрүп, шайлоого кызыктыруу үчүн колдонулуп жатат. Экинчиден, «Чоң казатта» элден чыккан балдар чогулган деген пикир жаратып, протесттик электоратты ошол жакка чогултуу, элди алаксытуу каралган. Үчүнчүдөн, Белорусиянын абалын алдын алып, өлкөдөгү абалды көзөмөлдөмүш болуп, жеке кызыкчылыктагы иштерди бүтүрүп жатыштары мүмкүн. Төртүнчүдөн, «Чоң казатка» жамынып алып, жеке кызыкчылыктагы пландарды, чоң-чоң проектилерди ишке ашыруу пландаштырылган. «Манас» аэропортунда самолет кулагандан кийин көпчүлүк саясатчылар бийлик аркылуу миллиондорду чапчыган бизнести жасоого мүмкүн экенин билип калышты.

Ошондуктан, ар топ бүгүн парламентке келүүнү гана эмес, кийинки президенттик шайлоолорду да утуп алууну көздөп жатат. Бул топтордун арасында сөз жок Атамбаевдин да кадрлары бар. Мына дал ошол себептен, «Чоң казаттын» жигиттерин колдонуу менен Акаевдин кадрларын парламенттик шайлоолордон биротоло четтетип, парламентке Бакиевдин кадрлары баратышат. Бул топтордун эң негизги максаты 4-октябрда парламентке келип, андан соң кийинки президенттик шайлоолордо өз кишисин бийликке алып келүү болуп жатат. Атамбаевдин кадрлары үчүн кийинки президенттик шайлоолорду утуп алуу аба менен суудай керек. Себеби, С. Жээнбеков келээри менен коррупция менен күрөштү жарыялап, булардын үмүттөрүн таш каптырып салган. Ал эми С. Жээнбековдун мураскери кокус Атамбаевдин доорундагы саясатчылардан көз каранды эмес болуп калса, анда ал алды менен өз ишин «Манас» аэропортуна кулаган самолеттон башташы мүмкүн экенин булар бөркүндөй эле көрүп жатышат. Албетте, менимче, биринчилерден болуп кулаган самолет боюнча ошол комиссиянын башчысы экс-премьер Абылгазиев, УМККнын, Бажы кызматынын башчылары жакшы билишет. Кулаган самолеттогу товар кимдерге таандык экенин да булар жакшы билишет. Бүгүн булар саясий агым менен С. Жээнбеков тарапта болуп калышып, бул иш жабык бойдон калууда. Бирок, качандыр бир бул маселеге кайрылып келүү турган иш. Ошондуктан, Атамбаевдин кадрлары үчүн парламенттик жана келээрки президенттик шайлоолор өтө маанилүү болуп жатат. Алар бул маселени биротоло жабуу үчүн өзүлөрү бийликке келиштери керек. Булар бийликке келишип, кулаган самолет боюнча кылмыш ишин биротоло жабышат жана бул рейсти кайрадан иштетип, пайда көрүштөрү мүмкүн. Ошондон улам, алар «Чоң казаттын» жигиттерин пайдаланып, саясатчыларды бакиевдик жана акаевдик кылып бөлүп коюшту жана эки тараптын таймашына жол ачып коюшту.

Бул шайлоолордо саясатта акаевдин кадрлары четтеп, бакиевдин кадрлары үстөмдүк кылып жатат. Анткен менен саясий процесстер Атамбаевдин кадрларынын контролунда. Саясий оюнчулар табигый жол менен Бакиевдин кадрларын активдештиримиш болуп, С. Жээнбековду бакивдер менен экен деген пикирди жайылталбай жатышат. Б.а. С. Жээнбековдун түндүктүктөрдүн алдында авторитетин түшүрүү каралып жатат. Бүгүн парламенттик шайлоолордон кийин добуш алып бере албай калдың деп түндүктүктөрдүн баарын тизмеден чыгарып жиберишип, парламентти жалаң түштүктүк кылган жатышыптыр деген сөздөр таралып жатат. Албетте, мындай сөздөр бийликке аброй алып келбейт.

Менимче, таймаш эки этапта өтүшү мүмкүн. Биринчи этабы 4-октябрда шайлоолор менен бүтөт. 5-октябрдан тарта бакиевдик жана акаевдик кадрлардын ортосундагы ажырым кескин өзгөрүп, карама-каршылык күчөшү мүмкүн. Мисалы, азыр башкы бажычы негизги ролду ойноп жатса, 5-октябрдан тарта ал экинчи ролго түшөт. Себеби, «Мекеним Кыргызстан» парламентке кирип, бийликчил позицияда болот. Бул ага карата ар түрдүү топтордон турган ачык оппозицияны пайда кылат. Мына ушул маал өтө кооптуу. Себеби, мындан ары «Чоң казат» башкы бажычынын контролунан чыгат. «Чоң казат» толугу менен А. Сегизбаевдин (эгер анын буга катыштыгы чын болсо) контролуна өтүшү мүмкүн. Б. а. акаевдик кадрлардын жана парламентке кирбей калган саясий топтордун таасиринде калат. Ал эми бул болсо элди митингдерге, саясий акцияларга ээрчитип кетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Б. а. «Чоң казаттын» авторлору аны акырындык менен Кыргызстанда белорусиялык сценарийдин кайталанышын камсыздоо максатында колдонуп жатканынан кабар берет.

Маектешкен Н.Камбаралиев

“Жаңы Ордо” гезити, №17, 18-сентябрь 2020-жыл

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *