shadow

ХХ кылымдагы жаңы жазмадагы (кириллицадагы) кыргыз адабиятын баштоочулар Түгөлбай Сыдыкбеков жана Мукай Элебаев жакын туугандардан болушканын чанда гана адамдар билиши мүмкүн. Бул тууралуу 1987-жылы, июль айынын аягында мага Түгөлбай Сыдыкбеков өзү айтып берген эле. Бөлөлөр катары, же бир тууган эже-сиңдилердин балдары болушкандыктан, жаш чактан өтө жакын мамиледе болуп келишкен экен.

Улуу акын Алыкул Осмонов жөнүндө да айрым сейрек маалыматтарды баяндап берген. Таң калтырганы, “Узак жол” романы бүтпөй калган жана айрым аңгемелери гана жарык көргөн Мукай Элебаев азырга чейин өз муунундагы эң эле жетилген, классикалык үлгүдөгү жазуучу катары жашап калды. Эгерде өмүрү кыска болбой, жок дегенде 60-жылдардын орто ченине, же 70-жылдарга жете жашап калса, ал артында дагы кандай мыкты чыгармаларды калтырмак? Балким, Мухтар Ауэзовдун “Абай жолунан” ашса ашкан, арийне, эч кем калбаган романды жаратмактыр?!

Неси болсо да, 60-жылдардын орто ченинде Узакбай Абдукаимов (жогоруда аталган инсандар менен бир муундун өкүлү болсо да, көбүнчө буга чейин мыкты котормолору менен гана кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө зор салым кошуп келген адам) өзүнүн “Майдан” романын жарыялаганча, жаш Чыңгыз Айтматовдун алгачкы повесттери жалпы союз аренасынан чыкмайынча, кыргыз прозасы да, адабияты да өзүнүн фольклордук деңгээлинен көтөрүлө албай келген…

Улуу француз адабиятынын классик-өкүлдөрү Гюстав Флобер менен Ги де Мопассан экөө дагы таяке-жээн болушкан. Таякеси дүйнөдөн кайткан соң, ошол кездеги модалуу жазуучулардын бирине айлана баштаган Ги де Мопассан Флобердин жакын досу Иван Тургеневге кайрылып, акыл-кенеш сурап, өзү Поль Бурже менен бирге бульвардык гезит чыгаруу тууралууну пландаштырып жатышканын, ал гезит аркылуу адабият үлгүлөрүн элге кантип кеңири таркатууга болорун сураган.

Бизге жакыныраак келсек, казак адабиятынын классиги Абай жана узак жылдар бою репрессияланып, чыгармалары көмүскөдө калып келген акын Шаакерим да таяке-жээн болушкан. Ушундай эле тууганчылык (таяке-жээн) ХХ кылымдагы грузин адабиятын жаңы деңгээлге көтөрүшкөн мыкты прозачылар Отар Чиладзе менен Чабуа Амирэджибиге да таандык…

Дегеле, чыгармачыл чөйрөнүн түркүн тармактарында талант деп аталган табигый сапатсыз бийик ийгиликтерге жетүүгө эч качан мүмкүн болбостугун эске ала турган болсок (албетте, жасалма, утурумдук “атак-даңк” эмес!), мындай дал келүүлөр түпкүлүгүндө алганда эч кандай кокустуктай туюлбайт. Демек, канында бар, тукум куучулук деген сыяктуу элде кеңири таркаган түшүнүктөр бекеринен эмес!..

Мындай көрүнүштөр башка чыгармачыл чөйрөлөрдө деле көп байкалат. Маселен, композиторлор — ​Исаак Дунаевский жана анын уулу — ​Максим Дунаевский. Орус акыны (Россиянын Биринчи Гимнинен баштап, — ​азыркы жаңыланган Гимнге чейинкисинин автору — ​“журт атасы” Сталиндин “любимчиги”) Сергей Михалков жана анын атактуу кинорежиссер уулдары — ​бир тууган Никита жана Андрей Михалковдор. Анын уулу — ​же Сергей Михалковдун небереси Егор Кончаловский… Айтор, бул тема өзүнчө бир кызыктуу изилдөөлөрдү талап кылары шексиз.

Чыңгыз Айтматов жана “Чыпалак бала”

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын талдап, бардык чыгармаларын майда детальдарына чейин жиликтеп чыгышкан адабиятчылар алиге чейин көңүл бурбай, же байкабай жүрүшкөн “сырлар” али да болсо көп бойдон кала бергендиги да өзүнчө сөз кылууга татыктуу. Маселен, жазуучунун эң мыкты чыгармаларынын бири — ​“Ак кеме” алгач “Жомоктон кийин” (“После сказки”) деп аталган. Мыкты акын жана редактор Александр Твардовский таамай ат коюп, мазмунуна кыт куйгандай жарашкан, “Ак кемени” ыйгарган.

Асыресе, Айтматовдун башка көп чыгармалары да кийин жазуучу өзү койгон аталыштан башкача аталып, өзгөрүлгөн. Алгачкы популярдуу повести “Жамийла” — ​1958-жылы “Ала-Тоо” журналына “Обон” деген ат менен жарык көргөн. “И дольше века длится день” романы — ​“Буранный полустанок” болуп калган…

“Ак кемедеги” баланын жомогу катары айтылган “Чыпалак бала”, кээде өз алдынча балдар үчүн китепче-брошюра катары да басыла калып жүрөт. Эгерде “Мектеп” басмасынын редакторлору ар тараптуу, терең билимдүү, адабияттын ар кандай аспектилерине өз алдынча, өзүнө жараша мамиле жасай билишкен адамдар болушса, бул китепче чыкмак эмес!

Анткени, “Чыпалак бала” дүйнөлүк адабиятка немец жазуучулары — ​бир тууган ага-инилер (Братья) Гриммдердин жомоктору аркылуу маалым болгон. Алар өз кезегинде, айрым элдик жомокторду кайра иштеп чыгышып, адабиятташтырып, популярдаштыруу менен шугулданышкан.

Арадан кыйла убакыт өткөн соң, орустун улуу жазуучусу Лев Толстой орус крестьяндарынын балдары үчүн антикалык Рим легендаларынан, грек мифтерине тартып, дүйнөлүк адабияттагы мыкты үлгүлөрдү популярдуу түрдө, кыскача, жөнөкөй тил менен баяндап, эки томдук окуу китебин даярдаган. Ал китепке “Мальчик с пальчик” жомогу дагы кайра иштелген түрдө кирген.

Ал эми Чыңгыз Айтматов кыргыз фольклорун (бабалардан калган мурасты баалай билген сөзмөр чоң энесинин таасири менен!) гана мыкты билбей, кийинчерээк (студент чагынан баштап) орус жана дүйнөлүк адабиятын да мыкты өздөштүргөн. Демек, жогорудагы аталган үлгүлөр менен жакшы тааныш болгон. Арийне, “Ак кемедеги” жомок Братья Гриммдердикине караганда Лев Толстой иштеп чыккан вариантка (көлөмү жана мазмуну боюнча) кыйла жакындыгы байкалат. Алетте, көркөм чыгарманын мазмунуна жараша, эбак жалпы адамзаттык баалуулукка айланган мифтерди, уламыштарды пайдаланууга бардык жазуучулар акылуу. А бирок, дал ошол “үзүндүнү” бөлүп алып, өз алдынча башка бир автордун чыгармасы катары сунуш кылуу — ​бери эле болгондо, сабатсыздык болуп эсептелет. Чыңгыз Айтматовдун ысымы менен чыккан ал брошюра-китепчени немец фольклорчу-адабиятчысы, же Лев Толстойду изилдөөчү көрүп калса, — “басмачылардын” атайылап жасабаган бул түркөй “жаңылыштыгын билбей, Чыңгыз Айтматов башка жазуучулардын чыгармаларын дагы өзүнө ыйгарып алган экен да?! — ​деп ойлошу ыктымал.

Арийне, андан да жаман, нукура плагиаттыкка жакындап барган көрүнүштөр азыркы кризиске баткан кыргыз адабияты үчүн көнүмүш жагдайга айланды. “Манас”, “Семетей” баштаган улуу мурастарыбыздын сюжети боюнча (же башталгыч класстын окуучусу өз сөзү менен, мугалимине өзү окуган китептин мазмунун баяндап бергендей деңгээлде!) чыгарма жазышып, “автор” болуп чыга келишкендери аз келгенсип, эми Юлий Цезарь, Александр Македонский, Чыңгыз хан, ж. б. дагы ушул сыяктуу ар кайсыл булактардан алынган, же эптеп “монтаждалган” бир нерселерди чампалашып, “роман” деп аташып, китеп чыгаргандар көп…

ШОЛОХОВ МЕНЕН ФОЛКНЕР “ДУДУК” ТИЛДИ ДА БИЛИШКЕН!

Советтик лидер Никита Хрущев АКШга чоң делегация менен барып, курамында көрүнүктүү жазуучулар, артисттер ж. б. чөйрө өкүлдөрү болушкан топ алгачкы ирет Американы түрө кыдырып, бул өлкөнүн жетишкендиктери менен таанышып, советтик өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн, оң жактарын түшүндүрүүгө далалат кылышат.

Дүйнөгө аты таанымал Михаил Шолохов делегация курамында бар болсо да, жай алып токтогон мейманканадан такыр чыкпай, эч ким аны көрбөй, өзү да эч нерсе көрбөй, эч жолугушууга катышпай кайта келет. Мейманканада жалгыз гана америкалык улуу жазуучу Уильям Фолкнер менен узакка “баарлашканы” болбосо!..

Сталиндик “жеке адамга сыйынуу” Хрущевдук жаны бийлик тушунда сынга алынып, саясат түп-тамырынан бери өзгөрүп жаткан чак жазуучулар үчүн дагы оор сыноо болуп калат. Ошондон бир аз мурда эле Шолоховдун жакын досу Александр Фадеев өзүн өзү атып өлүп, расмий некрологдо “хроникалуу алкоголик”, бул оорудан узактан бери жапа чеккен адам катары баяндалган.

Ичкиликке жакын Михаил Шолоховду дагы делегация курамы өзгөчө кайтарууга алышып, такыр ичирбегенге аракет кылышат. Отельге Шолохов менен жолугушууга келген Уильям Фолкнер (кызыгы, арактын айынан бул эки жазуучу тең кийин кекиртек рагы оорусунан өлүшкөн) бир ящик виски ала келет. Көрсө, Шолохов эч кайда чыкпай, көрүнбөй калганынын себеби ушунда экен!.. Делегацияны коштогон КГБ (коопсуздук) өкүлдөрү, делегация жетекчиси баш болуп, баары абдан таң калышат. Анткени, Шолохов англисче бир да сөз билген эмес, ал эми Фолкнер орус тилин билбеген. Алар бир күн бою кантип, кайсыл тилде сүйлөштү болду экен? — ​деп баштары маң болушат. Акыры сөз тапкыч бирөөсү: “Мунун эмнесине таң каласыңар? Алар “виски” тилинде сүйлөшүшкөн тура!” — ​дептир…

Азамат САЛИЕВ

“Жаңы Ордо” гезити, №16 (668),  11-сентябрь, 2020-жыл

 

 

 

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *