shadow

1988-жылы декабрдын суук күнүндө илимдер академиясына ишке алындым. Жазында шайланып, жаштарды колдоп, жаңы дем менен жигердүү иштеп жаткан Тил жана адабият институтунун директору Абдыганы Эркебаев кабинетинде орун басары А. Орусбаев менен тааныштырып, андан кийин үчөөбүз Кыргыз совет адабияты секторуна бардык. Саат сегиз жарым болуп калган, чоң, жарык, мемиреген кабинетте илимий кызматкерлерден жалгыз Омор Сооронов иштеп отурган экен, ал бизди жылуу кабыл алды, амандашкандан кийин жетекчилер жөн- жайыбызды айтып, мени Омор агайга тааныштырышты. Ойлуу калыбын жазбай, саргайган эски кол жазмалардан көзүн албай, баш көтөрбөй көжөлүп иштеп отурган Омор агайдын алгачкы көргөндөгү ошол таасирдүү элеси күнү бүгүн да көз алдымда турат. Академияда иштеп, аспирантурада окуган жылдары агайдын талыкпай иштеген мээнеткеч, илимдеги дыйкан экенине күбө болдум.

Сыпаа, сабырдуу, туруктуу, жөнөкөй, мырза калыбынан жазбаган Омор агайда ар- намысы, абийири жок бүгүнкү байлардын, алкы бузук коррупционерлердин күнү тууган азыркы мезгилге мүнөздүү эмес, илим- билим баркталбаган бүгүнкү күнгө жат, сейрек кездешүүчү интеллигенттүүлүк сапат бар. «Элитабыз» деп дардактаган депутаттарга, элитаны улуттун уюткусу болгон, интеллигенттүүлүктүн үлгүсүн көрсөткөн нускалуу, билимдүү, маданияттуу инсандар түзөрүн айта кетели. «Жогоруда айткандай бир максат көздөп, тытынып иштеп, изденип тургандар интеллигент, бирок, алардын жан дүйнөсү ушунчалык жөнөкөй болот, ал эч качан интеллигент эместерден обочолонуп бөлүнүп турбайт. Ушул маанисинен алганда интеллигенттүүлүктү үйрөтпөйт, окутпайт, ал узак, эң узак тарбияны жана өзүн өзү тарбиялоону талап кылат.» — деп А. Ф. Лосев өмүр бою узанып, изденип, илимдин казанында кайнап келаткан Омор агай жөнүндө жазган сыяктуу сезилет. Анткени Омор Сооронов элүү жылга жакын убакыттан бери Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда үзүрлүү иштеп, ушул мезгил аралыгындагы ишмердүүлүгү далилдеп тургандай агай илимпоздук тагдыр күтүп, өмүр бою илим деп жашап, канча кыйын учурлар болсо да таштап кетпей, ак жаркын таланты менен илимге ак кызмат кылып, жан дили менен илимге берилгендигин көрсөттү.

Ал эми байлык үчүн баарын саткан, пейили бузулган азыркы заманда илимди жеке кызыкчылыгына пайдаланып, мансап, карьера, байлык үчүн колдонуп, чайкоочулук кылып жүргөн шылуундар четтен чыгат. Эмесе, кеп кезеги менен болсун. Расул Гамзатовдун «Менин Дагстанымында» таланттан кур жалак калган бир акын алтын балык кармап алып, анын сыйкыры менен китептерин чыгарып, лауреат, депутат, академик болуп, Эл акыны наамын алып, баарына жетип, аягында сууга түшкөн чычкандай шөмтүрөп, баягы эч нерсеге жетпей жүргөн кезиндеги таскейпин кийгени жөнүндө, талант болбогондон кийин наам, сыйлык эч нерсеге арзыбай турган абсурдка айланарын каңкуулаган бир аңгеме бар. Бизде болсо, аты-жыты белгисиз, коломто ырчынын деңгээлиндеги талантсыз акындар алтын балыгы жок эле наам алып жүрүшөт. Көрсө, Ак үй, Көк үйдө колдоочуң болсо, Эл акыны наамын алыш кеп эмес экен. Ал эми илимий чөйрөдө да алтын балыксыз эле наам, даражага, сыйлыктарга жетүүнүн ар кандай жол-жоболору иштелип чыгып, «салттары» калыптанган. Ошол үчүн илимий даражаны мансап катары пайдаланып жүргөн көкүрөгү сокур бир эргул алда-жалда менен эптеп педагогика илимдеринин доктору болгондон кийин пейил күтүп: «Биз, жалаң илим докторлору достошуп, чай ичишмей болдук»— деп менменсип, ооз көптүрүп кербезденгени эл арасында аңыз болуп айтылып жүрөт. Көрсө, ал кызмат, мансап үчүн мамиле жасап, мал-мүлк үчүн достошуп жүргөндөрдөн экен. Ошентсе да ал айткан «чайлашуунун» чындыгы бар. Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи, себеби, ошондой чайлашкан жерлерде илим тармагынын эң «майлуу» жери болгон диссертациялык Кеңештеги бармак басты, көз кысты иштердин планы түзүлүп, шайтан азгырыкка кирип, жыты сиңишкен жарма достордун, бири-бирин көргөндө баштары кычышкан бажалардын иши жүрүшүп, ити чөп жейт экен. «Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» болгон хаос заманда жогорудагыдай бирди эки кылганга уста, шылуун илимий жетекчилер бир эле учурда отуз, кырктан аспирант, изденүүчүлөрдү өзүнө бекитип алып, алардын илимге шык-жөндөмү бар-жогуна карабай чөнтөгүнө карап, кандидат, докторлорду даярдап келишти. Ушундай себептен улам «Башы тоголоктун бардыгы адам боло бербейт» демекчи «илим кандидиты», «илим доктору» дипломуна ээ болгондордун баары эле илимпоз деген бийик даражага татыктуу эмес, алардын деңгээлдери өтө төмөн экендигин жетекчиси алчусун алып, жөлөп-таяп корготкондон кийин өз алдынча бир барак илимий текст жаза албаган «бечел» кандидат, докторлордун ишмердүүлүгү өзүн өзү ашкерелеп жатпайбы. Алар университеттерде билим берүүнүн, илимдин сапатын түшүргөн, протекцияны пайдаланып «корректордун деңгээлиндеги доцент, профессорлордун» (Ю. М. Лотман) катарын толуктап, бул сабатсыз кандидат, докторлор студенттердин башын айландырып, мээсине чай кайнатып жүрүшөт десек болот. Илимди сормо сазга батырган ушундай коррупциялык схемалардын айынан сандык өсүш болгону менен илимде сапаттык жылыш болгон жок — бул кризис! Эгер, илимдеги коррупция ооздукталбай ушул калыбында улана берсе, Кыргызстан дилетант илимпоздордун өлкөсүнө айланары айдан ачык. Ошол үчүн илимий жетекчилик институтунда болуп жаткан кыңыр иштерди тескөө, токтотуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2018-жылдын 16-июнунда №327-Токтому менен өлкөдө илимий-педагогикалык, илимий кадрларды даярдоо жөнүндө атайын Жобону бекитти. Ал Жободо «Бир илимий жетекчиге бир учурда бекитилген аспиранттардын (изденүүчүлөрдүн) жалпы саны 5 адамдан ашпоосу керек» деп ачык, так жазылган. Өкмөттүн койгон бул талабын аткарбай, аны тааныгысы келбей, көнгөн адат боюнча 20, 30, 40 аспирант, изденүүчүнү өзүнө бекитип алып, өзүнчө эле коррупциялык схема түзүп, илимий жетекчи институтун «саан уйга» айлантып, кызматынан кыянаттык менен пайдаланып жүргөн илимий жетекчилерге чара көрө турган учур келди. Мисалы, жалаң протекция менен өсүп келаткан, эптеп эпигончулук кылып, текст боюнча орус тилиндеги эмгектерди туурап, компиляция кылып жазган диссертациясы менен филология илимдеринин доктору болуп, бирок, илимпоз катары санда жок, анткени текст тууралуу өзүнүн ой-пикири, сөзү жок китептери «халтура» деп бааланган Турусбек Маразыков 40 аспирант, изденүүчүнү («Азия ньюс» 30.10.2016) өзүнө бекитип алган. Илимий жетекчи бир учурда бештен ашык аспирантка (изденүүчүгө) жетекчилик кылганга болбойт деп мыйзам чектөө киргизип жатса, демек 40 аспирантты жетекчи жеке кызыкчылыгы үчүн бекитип алганы айдан ачык. Илимий жетекчилик кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жүргөн Турусбек Маразыков эмне үчүн Өкмөттүн жобосун бузуп жатканын түшүндүрүп, мыйзам алдында жооп берүүсү зарыл.

Ал эми айрым диссертациялык Кеңештер Турусбек Маразыковго окшоп, напсисин тыя албаган илимий жетекчилердин тизесин жылыткан көрөркөздөрүнө, чоң кызматтагы чиновниктерге, министрлерге, депутаттарга илим кандидаты дипломун «белек» катары тартуулаган сыйлык берүүчү комиссиянын функциясын аткарып калганы жашыруун эмес. Диссертациялык Кеңештин мүчөлөрү беш бүктөлүп, кошомат кылып, илимдин кандидаты, доктору даражаларын «белекке» берип жаткан чоң кызматтагы чиновниктердин, министрлердин, депутаттардын диссертациялары Россиядагы «Диссернет» антиплагиаттык уюму тарабынан экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин, алар башка эмгектерден көчүрүп алгандыгы аныкталып, «плагиат» деп жарыяланган. Илимге эшиктен кирбей түндүктөн түшкөн бул эргулдардын «уурулугу» кармалып, илимий кадрларды даярдоодо экономика, педагогика, юриспруденция багытында жең ичинен жүргүзүлүп жаткан кыңыр иштердин бети ачылып, коомчулукка шардана болду. Илим баркталган, талап катуу коюлган, мыйзам иштеген цивилизациялуу өлкөлөлөрдө илимге көлөкө түшүргөн мындай терс көрүнүштөр үчүн катуу чаралар көрүлөт экен. Маселен, Германияда докторлук иши «плагиат» деп шектелгени үчүн Коргоо министри Карл Теодор Гутенберг ээлеген кызматынан бошогон, Билим берүү министри Анетте Шавандын диссертациясынан плагиат чыкканы үчүн ал да кызматынан кеткен, ал эми Дюссельдорф университети бул министр айымды «илим доктору» деген даражасынан ажыраткан. Демек мыйзам аспирантка да, министрге да, депутатка да бирдей экени ушундан кашкайып көрүнүп турбайбы. Бизде болсо «төө көрдүңбү — жок, бээ көрдүңбү — жок» дегендей эле абал. Диссертациясынан плагиат чыккан депутаттарга жана башка чоң кызматтагы «илимпоздорго» эч кандай чара көрүлгөн жок. Плагиаттарды коррупциялык жол менен даярдап жаткан үзөңгү боосу алты кабат илимий жетекчилердин тизгинин тарта турган да эч ким жок, алар өздөрүн өздөрү билип, ээн жердин бөрүсүндөй эле жүрүшөт. Педагогика илимдеринен кандидат, философиядан илим доктору, юриспруденциядан доцент, лингвистикадан профессор наамын алып, өзүнүн кайсы илим тармагы боюнча адис экенине мээси жетпей башы маң болуп, эпчилдик менен алган наам, даражаларына чиренип, көзүн май басып, эсирген илимий жетекчилер четтен чыгат. Аалымдык шык-жөндөмдөн кур жалак, алкымы чоң мындай коррупционер илимий жетекчинин чөнтөгүн толтура албай кыйналып, тишинин кирин соруп жүргөн аспиранттар андан көп. Ал эми ушундай шылуун илимий жетекчиден кутула жадап, «аспирантураңа тойдум» деп кол үзүп, артынан топурак чачкан шакирттерди да көрүп жүрөбүз. Интеллектуалдык чөйрөдөгү ушундай абийирсиз паракорчулук жөнүндө «Игра в бисер» романында Герман Гессе «…трус и предатель тот кто предает ради материальных выгод принципы духовной жизни… Приносит в жертву любым другим интересам, в том числе интересам родины, любовь к истине, интеллектуальную честность, верность законам и методам духа — это предательство.» — деп аларды элин, жерин, мекенин саткан чыккынчы катары баалаган.

Илимдеги ушундай адилетсиз иштердин залакасы 70-жылдары Омор агайга да тийиптир. Көргөн көзгө, уккан сөзгө караганда Омор агай «Согуш темасындагы кыргыз поэмаларынын сюжеттик мотивдери» деген эмгегин талкууга койсо, бир завсектор жол талашат деп кооптонгонбу айтор, илимий-теориялык жогорку талапка жооп берген ишти кылдан кыйкым издеп, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, «жарабайт» деген чечим чыгарыптыр. Ал сектор башчы ишиндеги кемчиликтери үчүн кызматтан айдалгандан кийин эмгек жогору бааланып, 1982-жылы «Илим» басмасынан жарык көргөн. Бирок кыянаттык кылган ал досуна кек сактабай, андан бийик болуп, адамгерчилигинен жазбаптыр. Омор агайдын илимдеги жолун тоскон бул кара өзгөй көрө албастыктан кийин, ал илимге кокустан, адашып утурумдук кызыкчылыктар үчүн келген жолбун кандидат, докторлорго окшоп, илимден көңүлү кайт болуп, таштап кетет деп ойлогондор жаңылышкан, себеби аны тамыры тереңге кеткен, тубаса шык-жөндөмү, табият берген көрөңгөсү илим дүйнөсүнө алып келген, ошол үчүн жолуна андай чылбыр таштагандарга эч качан моюн берген эмес. Мындай кыянаттык анын кыттай уюган илимий принциптеринин, терең ишенимдеринин кылын кыйшайта албаптыр, тескерисинче, бул «жеңилүүдөн» сабак алып, табына келген тулпардай чаалыкпай эки эселенген кайрат, жигер менен иштеген экен. Бирөөгө жалдырап, дагы бирөөнүн артынан жүгүрүп, атасынын кунун сураган дагы бир илимий жетекчинин чөнтөгүн толтурам деп убара болуп, жаман-жакшы көрүнүп жүрүп алган «кандидат», «доктор» деген даражасы да курусун дегенби, айтор кийин илимий даража алганга умтулбаптыр. Бирок, чыйралып, илимий чабытын ого бетер кеңейтип, артында из калтыра турган «нукура илимий эмгек жаратам» деген бийик максатты алдына коюп, белсенип иштеп, чыгармачыл изденүүлөрүн мурдагыдан да тереңдетиптир.

Анан калса, илимде мындай көрүнүштөр бүгүн эле болуп отурган жери жок да. Ар кандай көралбастыктын, интригалардын айынан кезинде, керек болсо, гениалдуу Гегелди да Пруссия илимдер академиясына мүчөлүккө кабыл албай коюшкан. Академик наамын албай калгандан Гегель кичирейип, же андан кадыр-баркы төмөндөп калган жок, тескерисинче, философиянын тарыхында өзгөчө орунда турат. Көрсө тарых наамга, даражага же кызматка карап баалабайт тура, илимий эмгектин наркын өзүнүн түбөлүктүү, көөнөрбөс талаптары менен өлчөп, баа берет экен. Ошол көралбастык, кыянаттык менен Гегелге бут тосуп, аны кабыл албай койгон академиктердин көбүнүн сайда саны, кумда изи калган жок. Ал эми Гегелдин философиясы миң жылдарды карыткан рун жазуу эстеликтериндей наркын жоготпой адамзаттын руханий дөөлөтүнө айланып отурат.

Анын сыңарындай Омор агайдын эмгектери да кыргыз адабият илиминин тарыхында бараандуу болуп, өзгөчө орунду ээлеп турат. Алыкул:

Кудайга миң мертебе калп айтсам да,

Ырыма бир мертебе калп айталбайм. — деп жазгандай Омор агай да илимде чындык үчүн күрөшүп, эмгектеринде чындыкты гана айтканга аракет кылды. Анан калса, бийлик, карьеризм, наам, даража, мансап деген сыяктуу убактылуу кызыкчылыктардан алыс болуп, илимге кадам таштаган күндөн тартып, андай шойкондуу иштерге азгырылбаптыр. Илимден бир пайда табайын, будамайлап бир китеп чүргөй салайын деген ниет Омор агайда эч качан болбоптур. «Эмгек темасындагы ырлар», «Акын Эшмат Ташматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы» деген сыяктуу анахронизмге айланган, эпигончулук менен, компиляция жолу менен жазыла турган шаблон темаларга кайрылган учуру болбоптур. Анткени «Это привело… к появлению массы «облегченных» исследований, научная достоверность которых весьма сомнительна.» –деп Ю. М. Лотман бир автор, бир чыгарма жөнүндөгү мындай жеңил темалар илим сымак, чалагайым диссертациялардын көбөйүшүнө алып келерин, илимдеги дилетантизге жол ачарын кашкайтып айтып коюптур.

Кажыбас кайратты, кызылдай мээнетти талап кылган текстология, булактаануу деген филология илиминин тармагы бар. Кыргыз адабият илиминин тарыхында бул тармактын «багы» ачылган жок. Анын башатында тургандардын бири Тазабек Саманчин Молдо Кылычты изилдейм деп сүргүнгө айдалгандан кийин, бул тармакка эч кимдин жологусу да келген жок окшойт. Ошол үчүн текстология тармагында олуттуу изилдөөлөр да жүргүзүлгөн эмес. Бул тармакка аттанып чыгып, артынан түшкөн адистер да аз болду. Анан калса, текстология кара жумушту көп талап кылган оор тармак. Омор агай ошол кароосуз калган илим тармагын колуна алып, кара жанын карч уруп, жан дили менен берилип, жанын сабап иштеп, саргайган ар бир кол жазмага аяр мамиле жасап, ар бир сөзүн, тамгасын, үтүр, чекитине чейин эрикпей-талыкпай тактап, бапестеп такыбалык менен даярдаганы ал түзгөн китептердин жогорку сапатынан көрүнүп турат. Ошол үчүн саргара жортуп жүрүп жазган адабий мурастар тууралуу эки томдон турган китеби «Кол жазмалар жөнүндө сөз» (2009) деп аталат. Анын чоң жоопкерчилик менен мудаа кылган текстологиялык изилдөөлөрүнүн натыйжасында Калыгул, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Нурмолдо, Арстанбек, Токтогул, Молдо Багыш, Молдо Ашыр, Коргол, Казыбек, Ниязалы Молдо, Өмөр Молдо, Актан Тыныбек уулу, Белек Солтоноев, Касым Тыныстанов, Евгений Поливанов, Мукай Элебаевдин «кара сандыкта» камалып, тыюу салынган чыгармалары, Тоголок Молдонун вариантындагы «Манас» басмага даярдалып, түшүндүрмөлөрү, баш сөзү жазылып, жарык көрдү, кол жазмалардын сыпаттамалары чыгарылды. Бул ишке Омор агайдын өтө принципиалдуу мамилесин ушундан билиңиз — мойнуна кылыч такаса да бул таберик мурастардын бир сөзүн өзгөртүп, бурмалаганга жол бермек эмес. Агайдын ушундай нагыз окумуштуулук сапатына суктанбай коё албайсың.

Башкасын айтпаганда да Мукай Элебаевдин адабий мурасын ийне-жибине чейин изилдеп, «Жарыяланбаган чыгармалар» (Б.1990) деген китебин түзүп, басмадан чыгарды. Белгилей кете турган бир жагдай М. Элебаевдин бул китеби текстологиялык принцип менен өтө тыкан иштелген. Жазуучунун мурда жарыяланбаган аңгемелери, күндөлүктөрү, каттары, документтер, жыйындарда сүйлөгөн сөздөрүн чыпчыргасын коротпой, ар бир сөзүнө чейин текшерилип, такталгандан кийин гана окурман журтуна сунушталган. Бул китеп текстологиялык жагынан өрнөк болчу китеп болду. Ал эми «Жаркын өмүр, жарык самаган чыгармалар» деп аталган баш сөз узак мезгил бою факты материалдарды жыйнап, кызылдай мээнет менен жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы. Бул эмгекте автор Мукай Элебаевдин өмүрү чыгармачылыгына байланыштуу көптөгөн талаш маселелердин башын ачып, К. Артыкбаев, Б. Маленов сыяктуу ж. б., адабиятчылардын М. Элебаев жөнүндөгү эмгектериндеги калпыстыктарды, чала иштелген маселелерди, жүйөсү жок божомолдорду ишенимдүү аргументтер, айныкысыз фактылар менен төгүндөп, жокко чыгарат. О. Сооронов полемиканын этикалык принциптерин катуу карманып, аталган окумуштуулардын эмгектериндеги ала жерлерди ачып көрсөтүп, өзгөчө тарыхый фактыларга өтө аяр мамиле жасап, кылдат карап, көптөгөн фактыларды салыштыруунун негизинде оппоненттеринин жаңылыш пикирлерин, бүтүмдөрүн төгүндөйт. Автор полемиканы эч кандай эмоцияга алдырбай, талаш болуп жаткан маселеге адилет карап, калыстыктан тайбай, маданияттуу полемика жүргүзүүнүн үлгүсүн көрсөткөн. Бул эмгегинде О. Сооронов М. Элебаевдин чыгармачылыгына, кыргыз адабият тарыхына байланыштуу жаңы фактыларды биринчи жолу илимдин элегинен өткөрүп, колдонууга киргизгенинин өзү чоң жаңылык болду. Алар: Мукайдын фольклорду, Токтогул баш болгон акындар поэзиясынын өкүлдөрүнүн ырларын жыйноо, бастырып чыгаруу, башка тилдерге котортуу боюнча ишмердүүлүгү, Кубанычбек менен Жоомарттын калем акы үчүн күргүштөтүп ыр жазгандары, «Кызыл учкунду» Аалы эмес, Сыдык Карачев уюштурганы, 1937-жылы А. Токомбаев төрага болуп иштеп жаткан Жазуучулар Союзунун архивинин өрттөнүп кетиши. Мурда белгисиз болуп келген бул фактылар адабият тарыхында бүдөмүк болуп, каралбай келген жагдайларды кайра карап, адилет баалоого мүмкүнчүлүк берери шексиз. О. Соороновдун бул эмгегине мүнөздүү сапат — илимий принциптердин так сакталгандыгы, предметке карата объективдүү калыс мамиле, изилденип жаткан маселе боюнча жарыяланган бардык эмгектерге токтолуп, талдап, калыс баасын берет. О. Соороновдун илимий эмгектеринин негизги пафосун чындыкка умтулуу түзөт.

О. Сооронов өзүнүн жан дүйнөсүнө жакын Мукай Элебаевдин чыгармачылыгын изилдөөгө алып отурушу да бекеринен эмес. Себеби Мукай Элебаев да өктөлүү өмүрүндө чыгармачылыгына бийик талап коюп, чыныгы искусство деген эмне экенине эрте түшүнүп, изденүү азабын тартып, өзүнө курбалдаш А. Токомбаев, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов, Т. Үмөталиев, А. Токтомушев сыяктуу акындардан ат чабым алдыга озуп, жетилген реалисттик чыгармаларды жараткан. Аталган калемгерлердин чыгармаларынын негизги пафосу мамлекеттик идеологияга байланган. Алардын ырларын саясаттан бөлүп кароого болбойт. Ушундан улам өзүн «Партиянын жоокеримин» деп эсептеген жаңы типтеги акындар пайда болгон. Ал акындардын чыгармачылыгы идеология менен тыгыз байланышып, алар өмүр бою адабият жөнүндө жалган түшүнүктөр менен, жалган көз караштар менен жашап өткөн. Ооба алар коммунисттик партияга кызмат кылып, наам даражалардын баарын алышып, сый-урматтын үстүндө жүрүштү, партия алардын зоболосун көтөрүп, байлыкка маарыткан. Өкүнүчтүүсү алар коньюнктуралык чыгармалардан башка эч нерсе бере алышкан жок, алардын ырлары бийик эстетикалык талаптарга жооп бербейт. Ал эми Жазуучулар Союзунун теңдемечил саясатына ылайык иштелип чыккан жасалма критерийлери, дежурный тизмеси менен чыныгы таланттар басылып, «партиянын солдаттары» көтөрмөлөнүп келген, ал турсун Союз «бир чөйрөнүн кызыкчылыгын сактаган позицияны ээлеген.» (К. Асаналиев). Чындыгында ар бир чыгарманын өзүнчө тагдыры болот. Кээ бир бирөөлөрү туулбай эле туна чөгөт, көпчүлүгүнүн өмүрү автордун өмүрүнөн да кыска болот, айрым нукура туундулар гана адабият казынасын байытып, көркөм дөөлөткө айланат. Чыгарманы наам, даражага карап баалаган партиянын заманы өткөн, азыр наамдан опаа жок. Муну түшүнбөгөн айрым адабиятчылар дагы деле регалияларга карап, баа берип, догмаларды бетине кармап, жасалма идолдорго жүгүнүп жүрүшөт. Бир эмес, он жолу «Эл акыны» болсо да, акындын ырлары эстетикалык чен-өлчөмдөр менен гана бааланышы абзел — искусствонун түбөлүктүү мыйзамы ушул. Мисалы, А. Токомбаев наам, даража жагынан эч кимди алдына чыгарбай партиялык адабияттын башында туруп, өзүнчө эле идолго айланып алган. Ш. Үмөталиев, К. Артыкбаев А. Садыков, Т. Аскаров, К. Бобулов сыяктуу аттуу-баштуу адабиятчылар баш болуп, бир ооздон А. Токомбаевдин коньюнктуралык чыгармаларын баага батырбай мактап, даңазалап келишти. Эми А. Токомбаевдин чыгармачылыгы да, анын апологеттеринин да идеологияга сугарылган эмгектери кайра каралып, өз баасын алуусу керек. Адабият илими ошол идеологиялык догмалардан, жалган концепциялардан, жасалма критерийлерден арылышы зарыл. Бул мезгил талабы.

Ушул жагдайдан алып караганда Омор Сооронов Мукай Элебаевдин чыгармаларын нукура эстетикалык критерийлер менен карап, көркөм электен өткөрүп, кайрадан баалаган. Автор М. Элебаевдин көп кырдуу таланты жөнүндө кеңири сөз кылуу менен бирге аны адам катары да, жазуучу, сынчы, обончу, актер катары да изилдеп, анын көп кырдуу образын жараткан. Адабиятчы жазуучунун чыгармачылыгын тарыхый-адабий процесстин контекстинде индуктивдик метод менен иликтеп, ичкериден терең ачып берген. Бул эмгек нукура илимий принциптердин негизинде жазылган. Автор эч качан субъективдүү кыялдарга жетеленбейт, Элебаевдин чыгармачылыгына мүнөздүү эмес сапаттарды жабыштырып, таңуулабайт, чындыкка коошпогон божомолдорго жетеленбейт. О. Сооронов фактыларды талдоонун негизинде далилдүү, ишенимдүү аргументтерге таянып, ынанымдуу жыйынтык чыгарат. О. Соороновдун эмгектеринде чындыкты издөө, акыйкат үчүн күрөш бар. К. Асаналиев Ч. Айтматовду ачып бергендей, С. Жигитов Алыкулду ачып бергендей О. Сооронов М. Элебаевдин көркөм дүйнөсүн ачып берген.

Абдыкерим Муратовдун «Такталбаган Токтогул» деген аталышы менен эле улуу акынга доомат койгон китеби бар. Автор бул эмгегинде Токтогулдун өмүр баянындагы, чыгармачылыгындагы тактоону талап кылган, ар кандай божомолдор айтылып жүргөн фактыларды текшерип, аныгына жетип, тактагандын ордуна аларды бурмалап, ого бетер чаташтырган. Мунун эң башкы себеби, ал акындар поэзиясынын табиятын түшүнбөйт, анан да А. Муратов мүлтүлдөгөн позицияда туруп, жумурткадан кыр издеп жазган бул китепчесинин максаты түшүнүксүз, ал бир туруп Токтогулга күйүмүш болот, эми бул чындык издеп чырылдайт го десеў, ордунда эле турган фактыларды бурмалап, улуу акынды каралаган жаңылыш пикирлерди колдойт, негизсиз дооматтарды коюп, субъективизмге жетеленет. А. Муратовдун бул китебинин максаты – Токтогулга көлөкө түшүрүп, ырларына шек келтирүү.

Ошол эле темада О. Сооронов «Биз билген жана биле элек Токтогул» (2014) деген китебин жазды. Анын бул маселе боюнча позициясы так, максаты айкын. Автор фактылардын, тарыхый документтердин негизинде Токтогулдун өмүр баянына, чыгармачылыгына байланыштуу көптөгөн талаштуу маселелердин башын ачып, чекит койгон.

2010-жылдары маңкуртчулуктун туусун көтөргөн жайсаңчылардын элибизге карата жүргүзгөн идеологиялык диверсиясын илгиртпей байкап, чекте турган сергек жоокердей аларга биринчи болуп «сокку» уруп, алардын саткын, чыккынчы ишмердүүлүгүнүн бетин ачкан. «Манасты» арбактар айтып бербей турганын далилдеген «Ырамандын ырчы уулубу, же Жайсаңбы?», «Жайсаң Манастын чоросу эмес, калмактын (Кайыпдаңдын) ырчысы. Манасты алгач Ырамандын ырчы уулу айткан» деген сыяктуу курч макалаларын жарыялап, коомчулукту ойготуп, көзүн ачкан да Омор агай болгон. Анын эч кимден колдоо күтпөй, жайсаңчыларга каршы жалгыз өзү күрөш баштаганы «жети сан кара жоо келсе, жеке кирип кол салган» илгерки баатырлардын эрдигине тете эрдик болгон. Илимде ар дайым чындык үчүн күрөшүп келген Омор агайдын жайсаңчылар менен эгешип, эрөөлгө чыгышы эл үчүн жанын аябай кармашып, жоону жеңген патриотизмдин бийик үлгүсү. Идеологиялык майданда ушинтип «жоо жакадан, бөрү этектен алып турганда» Э. Нурушев, С. Алахан, К. Абакиров, Т. Чоротегин, Р. Эшматов сыяктуу сай кашка интеллектуалдар «жоо» бетинде болуп, жайсаңчылар менен жан аябай салгылашып жатканда, адистиги «Манас» менен тыгыз байланышкан кыргыз тили, кыргыз адабиятын, тилин окутуунун методикасы боюнча илимий даража алган жүздөгөн илимдин кандидаттары, докторлору «көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин» дегенсип коңулга жашынып, баш көтөргөнгө эч кимиси жараган жок. Себеби алардын көбү илим жөнүндө жалган түшүнүк менен жашап жүргөндөр, булар «Манас» эмес, мамлекеттик тилдин маселесин түшүнүшпөйт, илимий даражаны мансап, карьера үчүн эле керек деп ойлошот, ошол үчүн жайсаңчылар менен полемика жасаганга алардын компетенттүүлүгү да жетмек эмес, «өзүнүн бөгүн бөктөй албаган, кимдин чигин чиктейт?» дегендей эле кеп. Академик Болот Юнусалиев кыргыз тили боюнча эмгектери менен илим дүйнөсүнө кеңири таанылган, түркологияда өзүнүн орду бар, беделдүү окумуштуу. Ал «Манастын» тагдыры кылдын учунда турганда башын канжыгага байлап, вульгардык социологиянын көөсөрлөрүнө каршы чыгып, улуу эпосту коргогон. Академик Б. Юнусалиевдин ошол нускалуу патриоттук салтын адабиятчы Омор Сооронов сыймыктуу улантты.

Омор агай эски тарыхый мурастарга кайрылып, Молдо Сабыр менен бирдикте Аксыкентинин «Тарыхтар жыйнагын», Кудаяр хан жаздырган «Адамзат санжырасын», Магзунинин «Фергана хандарынын тарыхын» фарси, чагатай тилдеринен кыраатын келтире которуп, илимий аппарат менен жабдып, өзүнчө китеп кылып чыгарган. Мындан сырткары Омор агай элүү жылдык илимий чыгармачылыгынын натыйжасында жыйырмадан ашык китептин автору болуп, «Кыргыз совет адабиятынын тарыхын», «Кыргыз адабиятынын тарыхын» жазган авторлордун бири, 160 илимий макала, 264 илимий-популярдуу макалалары жарык көргөн. Агайдын төл чыгармалары, илимий эмгектери, которгондору, адабий мурастарга текстологиялык изилдөө жүргүзүп, басмага даярдап, түзүп чыгарган, араб, латын арибинен орус графикасына көчүрүп, баш сөзүн, түшүндүрмөлөрүн жазган китептеринин жалпы көлөмү 1000 басма табактан ашат. Эми бул нар көтөргүс эмгек.

Мындай опол тоодой ишти азыркы илимпоздордун жүзүн чогултуп келсе, алар жүз жылда да бүтүрө албайт. Ошол үчүн О. Соороновдун адабиятка, илимге кылган эмгеги жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы берилген, КРнын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, М. Элебаев атындагы адабий сыйлыктын ээси болуп, үчүнчү даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган, Ж. Баласагын атындагы КУУнун ардактуу профессору.

КР УИАнын Ч, Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А. Акматалиев алтымыш асыйында мөөрөй алган Тайторудай күүсүнөн тайбай чыгармачылык менен узанып, изденип, илимий эмгектерин жаратып жаткан Омор Соороновго сый-урмат көрсөтүп: «Юбилейиңизди өткөрөлү» – деп демилге көтөрүп, сунуш кылган экен, табиятынан жөнөкөйлүктү жактырган агай андай шаан-шөкөттөн баш тартыптыр. Айрымдар илимге кошкон сокур тыйынчалык салымы жок туруп «юбилейим болот, сыйлык бергиле» деп Ак үйдүн эшигин жыртып, «Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык» кылып, дүңгүрөтүп той өткөргөнүн көрүп эле жүрбөйлүбү. Мындай жосун түбөлүктүү илимий эмгектерди жараткан нагыз окумуштуулар Кеңешбек Асаналиев менен Салижан Жигитовдун үч уктаса түшүнө кирмек эмес. Анын сыңарындай бүт өмүрүн илимге арнаган О. Соороновдун бул чечими анык даанышмандыктын, нагыз интеллигенттүүлүктүн белгиси десек болот.

Цель творчества — самоотдача,

А не шумиха, не успех — деп Б. Пастернак жазгандай чыныгы чыгармачылыктын максаты наам, сыйлыкка жетүү, же жеңил атакка ээ болуу эмес, жүз жылдар өтсө да көөнөрбөй турган илимий эмгек жаратуу. Омор агайдын илимий изилдөөлөрүнүн маңызын мына ушундай түбөлүктүү баалуулуктар түзөт. Чала молдо дин бузат болуп, ар кимден көчүрүп алып, чампалап чыгарган китептери макулатурадан башкага жарабаган, илимди мансап катары пайдаланып, чайкоочулук менен алектенген азыркы дилетант — кандидат, докторлор илимдин жылдызын жерге түшүрүп, баркын кетирип, окумуштуу деген наамга көлөкө түшүрүп жаткан кезде, эски кол жазмалардын чаңын сүртүп, көздүн карегиндей сактап, талыкпай жүргүзүп жаткан текстологиялык изилдөөлөрү менен тоодой иш кылса да «бүтүрдүм»  деп айтпаган сыпаалыгы менен Омор агай жаш муундарга нагыз окумуштуунун үлгүсүн көрсөттү. Мансап, байлык, бийликти колдун кири деп санаган, илимге баш оту менен берилген, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, азап-тозогуна чыдаган тубаса окумуштуу гана чыныгы илимий эмгектерди жарата турганын О. Соороновдун окумуштуулук тагдыры, илимий ишмердүүлүгү кашкайта далилдеп турат.

Аскар Медетов,

филология илимдеринин кандидаты

“Жаңы Ордо” гезити, №10 (662),  19-июнь, 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *