shadow

Жакында Топчубек Тургуналиев агабыз чоң ашуунун алдындагы туулган күнүн белгилегени турат. Агабыз жөнүндө жазылгандар көп, биз аларды кайталабай, өмүрүндөгү айрым өзгөчө кызыктуу окуяларды сиздерге сунуш кылабыз. Азыркы коогалаңдуу учурда агабыз бар болуп, бекем ден соолукта, кажыбас кайратта мындай туулган күндөрдүн дагы көбүн белгилөөсүн каалайбыз.

Ак шумкар баяны

Топчукенин бабасы, чоң атасы Турдукулдун бир тууганы Карабаш деген орто оокаттуу адам болот. Топчуке туулган кереметтүү кичи мекени- Мечитте бир жылы кеч күздө, кар бир жаагандын эртеси тобурчагын минип, жылкыга баратса, кар баскан карагандын түбүндө бир ак шумкар кызыл кыргоолдун эми жүнүн жулуп жатыптыр. Ак шумкар атчанды көрүп уча качып, алысыраак барып отуруп калат. Карабаш атынын куйругунан үч тал кыл алып, аларды эшип, кылтак кылып, карагандын түбүнө коёт да андан ары кетет. Келатканда кайрылса, кылтакка ак шумкар түшүп калыптыр. Ал аттан түшүп, тонун, жегдесин чечип, талпына берип, канат куйругун сындырып албасын деп, жегдесинин жеңине ак шумкарды баладай кылып бөлөп, үйүнө алып келип, арча-карагайларды байтеше менен чаап, үстү жабылган балаканалуу үй курган экен.

Атасы ошол убакта 12–13 жаштарда экен. Карабаштын эки аялы болсо, бири 16–17 жаштардагы жаш келин экен. Атасы Карабаш абасынан балаканада эмнебар экенин сураса, такыр айтпайт. Балаканага эртең менен кечинде өзү кирип чыгат да калган учурда жаап кулпулап таштайт. Абасы бир күнү байбичеси менен мейманга кеткенде атасы ал жерде эмне бар экендигине кызыгып, жеңесинен сураса, ал “эч ким билбесин” деп, абасы ал жерде ак шумкар таптап жаткандыгын айтат. Ал жеңесине аны көрсөткүн деп жалдырай баштайт. Акыры ынанган жеңеси сандыктын түбүнөн ачкычты алып чыгып, эшигин ачып, эки бөлмөлүү балакананын төрүндө жалгыз отурган ак шумкарды көрсөтөт.

Ошондо эл арасында ак шумкарды эч кимге көрсөтпөш керек, эгерде бөлөк-бөтөндөрдөн бирөөгө көрсөтсө, анын касиеттери, сапаттары ошого өтүп кетет деген ырым бар экен.

Карабаш ата ак шумкарды атактуу кызыл командир Асанбек Кабаевге арнаган экен…

Боз куш топчуну неге аяган?

Топчукебизди ата-энеси, айылдагылар кичинесинде атын толук айтпастан, Топчу, Дары деп эле коюшчу экен. Ал кичинекей бала чоңойгондо кандай адам болорун билишсе, мүмкүн, башка ат коюшар беле, ким билет. Анын ата-бабасынан бери саяпкер, мүнүшкөр, атактуу аңчы, темирге жан салган уста адамдар болушуптур. Ал жаңы төрөлгөндө атасы үйүндө бир чоң боз кушту таптап жүрөт. Топчукебиз бөбөгүндө эле аябагандай тынчы жок болот. Ал жети-сегиз айлык кезинде апасы баласын уктатып коюп, сыртка мал караганы чыгып кетет.

Бир маалда Топчу уйкусунан ойгонуп, анан төр тарапта туурунда отурган кушка жөрмөлөп келип, аны буттарынан, канаттарынан тарткылай баштайт. Убакыт кеч бешимдей болгон экен. Андан жадаган куш акырында жерде жаткан Топчукебиздин башына конуп отуруп алат. Ал кантип келип, кандай максатта отурган, эмне үчүн чокуган же мыжыккан эмес, ал тууралуу билбейбиз, бирок баласы бакырып ыйлап жатканын уккан апасы үйгө жүгүрүп кирсе, боз куш Топчукенин башында койкоюп отуруптур. Башынын айрым жерлери гана тырмакка чийилбесе, Топчуке соо экен. Эгерде боз куш Топчукенин башын катуураак мыжыгып, же катуураак чокуп койсо, Кыргызстан да азыркыдан башкача жолдо кетиши да мүмкүн эле.

Сыягы, боз куш да демократтык маанайдагы паренде болсо керек. Ал жакшы ниетте тырмактары аркылуу өз энергиясын Топчукеге өткөргөн көрүнөт.

Апасы ал окуя тууралуу бир жылдан кийин айтса, атасы аны камчы менен кубалаптыр.

Агасынын ордуна окуганда

Алтыга толук чыга электе Топчукебиз короосунда жүрсө, бир тууган акеси Оросбек “мени бекит” деп качып келет. Ал күздө Мураталы деген адамдын үйүнүн бир бөлмөсүнө 1-класс ачылып, айылдагы 10 жашка чейинки балдар-кыздар, анын ичинде андан эки жаш улуу Оросбек да мектепке тартылат. Жаш кезинде эле айла-амалдуу Топчукебиз короодогу чоң тепшини оодарып, түбүнө акесин жаткырып, кайра жаап, үстүнө өзү отура калат.

— Оросбекти көрдүңбү? Сабактан качып кетти, ал желмогуз,-деп агайы келет.

— Жок, көргөн жокмун. (Топчуке, мүмкүн, ошондо арай-көзү чарай туруп калп айтса керек).

Мугалим ага ишенбей үйдүн ичин, аткананы карап, анан кетип жатканда:

— Топчу, сен окуйсуңбу?- деп калат.

— Ооба, мен окуп эле жүрөм, — дейт ага Топчу. Атасы колхоздун партуюмунун башчысы болуп, үйүнө гезиттерди, китептерди көп алып келгендиктен Топчукебиз 4 жашында эле плакаттарды, ураан-чакырыктарды окуп калган экен. Анын саясатка кызыккандыгы ошондо эле башталса керек. Ураан-чакырыктарды окуй берсе, ага кызыкпаганда эмнеге кызыгат? Агайы апарып биринчи партага отургузуп, шыр окугандыгын көргөндөн кийин үч-төрт күндөн кийин класскомдукка дайындайт. Ошондон мектепти бүтүп кеткиче класскомдуктан түшпөйт. Ал кичинесинен чымыр, мушташты жакшы көргөндүктөн, сабакка даярданбай келген өзүнөн 2–3 жаш чоң балдарды да уруп койчу экен.

4-классты жалаң “5” менен бүткөндө Берлинди алууга офицер болуп катышкан, райондогу эң кадырлуу адамдардын бири Асан Стамкулов деген адамдын колунан өмүрүндө биринчи жолу Мактоо баракчасын алат.

Класскомдук талашка түшкөндө

7-классты бүтүп, Рабат деген жерге 8-класска барганда ар айылдан келген балдар өздөрүнөн класском койгулары келип, бул орун талашка түшөт. Анда Авлетим аймагы 6 колхоз, ал эми бир эле орто мектеп болсо, ар колхоздон келгендер өздөрүнөн класском шайлагылары келишет. Тирикараак Топчукебиз айылдаштарынын, аларга кошо Рабаттык тагаларынын колдоосу менен класскомдукту ээлейт. Бирок, андан эки жаш улуу Нарбаев деген бала катуу намыстанып, Топчукени төпөштөөнү чечет. Бир күнү мектептин артындагы муздан кармап алып жекеме жекеге чакырганда Топчуке аны көтөрө чаап, тумшугун канжалата коёт. Ал ортодо директор М. Абылкасымов чыга калат:

— Ой, Нарбаевге эмне болду?-деп сурайт ал.

Ошондо эле сөз качып кутулбаган Топчукебиз:

— Агай, музга тайгаланып жыгылып кетип, мурдун канатып алды.

Өзүнөн кичүүдөн келтек жегенине намыстанган Нарбаев да унчукпайт.

Биринчи акысыз комедия же камчылашкандар жарашканда

Топчукебиз 9–10 жаш убагында атасы Майлы деген абасына аш берип, ат чабыш уюштурат. Колхоздун атактуу Каракашка деген күлүгүнө –бир тууган агасы Оросбек, ал эми таякесинин боз күлүгүнө- Топчуке чабандес болот. Аттар Оут деген чытырман тикеден өтүп Тегерек-Алмурут дегенге жетээрде, биринчи- Каракашкачан агасы Оросбек, экинчи- Боз күлүкчөн Топчуке баратат. Бир жылгага киргенде таякеси капталдан чыга калып:

— Жээним чылбырды ыргыт!-деп кыйкырат. Таякеси күлүктүн чылбырын күчтүү атынын ээринин кашына ороп, алдыга сүйрөп чыгарып, өзү токой аралап кетет. Бир таман жолдо, аркада калган акеси Оросбек тагасын да, Топчукебизди да сөгүп-тилдеп, “жолду бошот!” деп кыйкырат. Топчукебиз кайрыла калып, Карашканын башына бир нече жолу камчы менен чаап да алат. Ошентип маарага биринчи болуп Топчуке минген Боз күлүк келет. Бирок, акеси “тагабыз бизди алдады” деп айгай салып кирет. Аны уккан Орол деген саяпкер аксакал Темир деген таякесин камчылаганга өтөт. “Ортомчуга –он таяк” дегендей, ортого түшкөн атасынын тону тилинип, суусар тебетейи тытылып кетет. Аны көрүп башкалар да камчылашканга өтүшөт. Акыр аягында аксакалдар кыйкырып, ортого түшүп жатып, жаатташкандарды араң тынчытышат.

Атасы камчылашкандардын баарын үйүнө чакырып, дагы бир кой союп, Майлынын Кочон деген баласын өзүнүн күлүгүнө мингизип, “ жыйырма шише арак алып кел” деп он чакырымдай алыстагы дүкөнгө жиберет. Анан аракка бозону аралаштырып ичкенге киришет. Эки-үч сааттан кийин чекелери сыйрылып, бети-баштары жарылып, оозу-мурдулары кызыл ала болуп, ар жерлери көгөргөндөр тегиз мас болуп, эки-экиден кучакташып өбүшүп, айрымдары ыйлап жатышкандары мага комедиялуу кинодон да кызык көрүнгөн, — дейт ал тууралуу Топчуке.

Алардын жармысы түн жармысы оогондо үйлөрүнө кетишсе, калганы эртеси түшкө жуук тарашыптыр.

Топчуке агайын сабаганда

Бул окуя 1956-жылы жазында болот. Ошол убакта Авлетим орто мектебинде Кемин тараптан барган Каптагаев деген тарых сабагынан берген мугалим бар экен. Ал бир күнү класстагы сөлдөйүп бою узун болгон менен жоош, атасы да жок Кенжалы деген окуучуну доскага чыгарып, өтүлгөн темалардан сурайт. Кенжалы биринчи суроого ооз ачпайт, андан жеңилирээк экинчи суроого да жооп бере албайт. Ал үчүнчү суроого да жооп бербегенден кийин Каптагаевдин чындап ачуусу келип, иреңи кара- көк тартып бузулуп, анан Кенжалыны кулак түптөн ары тартып жиберет. Көздөрүн акшыйта узунунан полдо кыймылсыз жатып калган классташын көргөн Топчукебиз, өлөт деген ушу турбайбы, Кенжалы чындап өлгөн экен деп ойлоп:

— Балдар, Каптагаев Кенжалыны өлтүрдү. Кана, биз анын өзүн өлтүрөбүз. Сыяда эшикти бекем жап!- деп ыргып келип агайын кулак түпкө чоюп кетет.

Класста 15 бала, Сыяда деген жалгыз кыз окучу экен. Топчукеден кыйла улуу, айылдын олбурлуу балдары Каптагаевге ар жагынан асылышып, жерге жыгып, тепкилеп, муштагылай башташат. Анын оозу-мурду канжалап кетет. Бир маалда сырттан:

— Ээй, силер эмне болуп жатасыңар? Эшикти ачпайсыңарбы?-деген директор М. Абылкасымовдун дабышы угулат.

Көрсө, мектеп финдики деп аталган курама тактайлардан 1928-жылы курулгандыктан, балдар Каптагаевди төпөштөй башташканда дубалдары солкулдап, жаңырып кеткенде, “жер титиреп” жаткан экен деп директор өзү баш болуп мектептен качып чыгышыптыр. Чыгышса, сырт тынч, топураган дабыш бир эле класстан чыгып жатат.

— Сыяда эшикти бекем тарт. Ачпайбыз!- деп кыйкырат “ач” деген мугалимге Топчукебиз, — Каптагаев Кенжалыны өлтүрүп салды.

— Топчу, дөөдүрөбөй тез эшикти ач!-деген директордун үнү чыгат. Эмне кылып жатасыңар?

— Каптагаев Кенжалыны тоголото койду эле, биз аны төпөштөп жатабыз.

Директор кирип, анан балдардын баарын кабинетине алып барып териштиргенден кийин:

— Агайыңарды сууга ээрчитип барып, бети-башын жуугула,- дейт Топчукебизге.

— Биз жуубайбыз, өзүнүн колу бар. Керек болсо, өзү жууп алсын. Мамыт аке Каптагаевди жоготуңуз. Кетирбесеңиз дагы урабыз,- дейт Топчуке.

Эртеси директор Каптагаевди арабага салып райОНОго алып барып, башка жакка кетирип жибериптир.

Кийин Кедейканша апчесине Топчукени көп жамандаганына караганда, ошол тарыхчы азыркы Э. Каптагаевдин бир нерселеринен болушу да мүмкүн..

Кремлди көрсөтпөгөн “Родина”

Топчукебиз 10-класста окуп жүргөн жазда Бүткүл Дүйнөлүк жаштардын фестивалына карата жер-жерлерде кароолор өткөрүлө баштайт. Топчукебиз орусча ”Родина” деген ыр менен мектепте, райондо, облуста жеңүүчү болуп, Фрунзеге келип, ал жерден лауреаттардын катарына кошулуп, Москвага жолдомо алат. Жолдомону кызыл диплом менен кошо Сайра Кийизбаева тапшырат. Топчуке ошол убакта Кремль менен МГУну көрүүнү аябай эңсечү экен. Москвага барып, ой максатым ишке ашат деп турганда, быйыл орто мектепти бүтүп жаткандар ал жакка барбайт деп жарыялашат. Сыягы, СССРдин Эл агартуу министриненби, же башка органданбы, айтор, “бүтүрүүчүлөр фестивалдын жыйынтыктоочу этабына катыштырылбасын” деген көрсөтмө болгон экен.

Топчукебиз мектепти кийинки жылы деле бүтө берем, Москвага барышым керек деп чырылдаганы менен максаты ишке ашпай, ызасы ашып Авлетимге кетет.

Баяндан лауреаттын мугалим тандагычтыгы

Ал орто мектепти бүткөндөн кийин Токмоктогу маданият техникумуна келип тапшырып, баян ойногонго кызыгып калат. Аккордеондо мыкты ойногон Зариф Хасанов деген агайы техникумдагы баяндардан эң мыктысын ага тандап берип, буга Топчудан башкаңар колуңарды да тийгизбегиле-дейт. Топчукебиз ал убакта Огинскийдин “Полонезин”, “На сопках Маньчжурии” дегенди, вальстарды сыздатып, эртеден кечке аппак баянды тартып, балдар-кыздардын баарын бийлетип эле отурчу экен. Биринчи курсту аяктап жатканда баян ойноо жагынан республикада 1-орунду ээлеп, дагы лауреат болот. Анын экинчи, үчүнчү орундарга таптакыр канааттанбай, дайыма биринчи орунду эле эңсеп калышы ошондон башталса керек.

Фрунзедеги музыкалык окуу жайынын Каплан деген директору окуучуларга телевизор көрсөтүү үчүн кабинетинин ачкычын “саат мынчага чейин” деп Топчукебизге гана берип жүрөт. Ал убакта телевизор деген шаарларда да сейрек, окуу жай боюнча бирөө эле болгондуктан ал директордун кабинетинде гана турчу экен. Ошентип Топчукебиз балдарга телевизор көрсөткүчтүн да вазийпасын аткарат.

Көктүгү ошондо эле болгондуктан практикалык сабактан бир начар мугалимге бөлүшсө, мен анда окубайм деп Кальтман деген мыкты мугалимди өзү тандап алып, ошого өтүп кетет.

Техникумду бүтүп, консерваторияга кирейин десе, “биз музыкалык окуу жайды бүтүргөндөрдү гана кабыл алабыз” деп коюшкандан кийин Москвага маданият институна барып тапшырып, анда да Шевелягина деген мугалимди чанып, Малиновкина деген мугалимди тандап алат.

Мураталиевди туздаган Валя

1970-би же кийинки жылыбы, айтор, Топчуке Кыргызстан КП БКнын маданият секторунун башчысы болуп иштеп жүргөндө ал жааттагылар Кыргызстан КП БКнын ошол убактагы идеология боюнча катчысы Б. Мураталиевдин жетекчилигинде Төмөнкү Ала-Арчага ишембиликке барышат. Баары кыркка жакын адам экен. Алар көчөттөрдү отургузуп жүрүшсө, жанынан чоңдордун кабинеттерин тазалагыч болуп иштеген Валя деген аял өтүп калат.

— Валя, иш кандай?- дейт ага Б. Мураталиев кыргызча.

Оңбогон катын кыргызчаны да мыкты билсе керек:

— Иш айгырдыкындай, Бейшебай Тоголокович,-десе, Мураталиев кыпкызыл болуп, аргасыз күлүптүр.

Усубалиев Топчукебизди алдаганда

Топчукебиз Москвадан КПСС БКга караштуу коомдук Академияны 344 аспиранттын арасынан эң мыкты деген үчөө, анын бири Топчуке кандидаттыгын жактоо менен бүтүп, кайра БКга келип иштеп калганда, ага азыркы А. Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрына директор болуп барууну сунуш кылышат. Сырттан да болсо докторантурага кирүүнү ойлоп жүргөн Топчукебиз андан баш тартат. Ал бөлүм башчы Ж. Нусупованын, БКнын идеология боюнча катчысы К. Кулматовдун айтканына көнбөгөндөн кийин аны бир күнү Т. Усубалиев чакыртат.

— Сизди партия өзүнүн акчасына үч жыл окутту. Туурабы?-деп сурайт ал акырын. Ал убакта партмектептерде окугандардын иштеген жериндеги айлыгы толук сакталгандыктан, Топчуке окуп жүргөндө 350 рублден стипендия алып жүрүптүр. Топчуке ырастайт.

— Эми партиянын өз кадрын зарыл деген жерине жөнөткөнгө да укугу бар. Туурабы?

Топчуке дагы ырастайт.

— Сиз анда опера жана балет театрына эки жылга барып, ал жердеги абалды оңдоп бериң. Эки жылдан ашык ал жерде кармабайбыз.

Топчуке ойлонуп калганда:

— Диссертацияңыз китеп болуп чыкканбы?

— Жок,-десе:

— Аны даярдаң, китеп кылып чыгарабыз, — дейт.

Усубалиевге киреринде К. Кулматов; “ал кишинин сунушунан баш тартпа. Эгер антсең, өлгөнүң” деп эскерткен экен. ОшентипТопчуке опера жанабалет театрына директор болуп калат.

Театрдын эсебинен костюм тиктирген чоңдор

Топчукеге чейин театрда директор болгон С. Юсупов кызмат ордуна бир жумада бир-эки жолу эле баргандыктан ал жердин чыгармачыл чөйрөсүнө— А. Жумакматов, материалдык-техникалык жагына —А. Белоусов деген кожоюн болуп кош бийликти орнотушкан убагы экен. Жаңы директор барары менен бир мекемеде бир эле директор болорун, ал Кыргызстан КП БК тарабынан жиберилген өзү экенин, эгерде тигилер ага көнбөсө тийиштүү чараларды көрөрүн эскертет. Эстүү адам эмеспи, А. Жумакматов ага тез эле муюйт. Ал эми А. И. Белоусовдун көнгүсү келбей кылдан кыйкым издеп, ага бут тосо баштайт. Бир ирет эл артисти, атактуу А. Боталиевдин бир тууганы өлүп, ага 5 метр сулп материал жаздырып берсе, ага да каяша кылат. Ал эми театрдын материалдык-техникалык жагын текшертсе, ал убакта театрдын 22 цехи болсо, аларга лимит менен көшөгө, декорациялар дагы ж. б. үчүн кымбат баалуу импорттук кездеме материалдар келип турчу экен. Алардын көбүн министрликтин, башка таасирдүү органдардын жетекчилери ич ара бөлүшүп, костюм- шым, костюм-юбка кылып тиктирип алышкандыгы айкын болот. Алардын саны жүздөн ашыптыр. Топчуке Белоусовго буга чейинкилерди козгобосун, мындан ары бир метр материал уруксатсыз бир жакка кетсе, ишинен айдаларын эскертет. Май талкандан ажыраган Белоусовду Топчуке жокто Кондучалова филармонияга котору жиберет. Ал филармонияга барары менен Топчукенин үстүнөн БКга арыз жазат. Арыздагылардын бири да ырасталбагандан кийин анын жыйынтыгы маданият министри К. Кондучалованын, театрдын жетекчилеринин, БКдагы тийиштүү бөлүм башчылардын ж. б. катышуусунда К. Кулматовдун кабинетинде чыгарылат.

— Бул арыздын артында министр Кондучалова турат. Республикада маданият чөйрөсүндөгү эң чоң чагымчы ушул киши- дейт ага сөз берилгенде Топчукебиз. Мындай сөздү ал өмүрүндө биринчи жолу укса керек.

— Ээй бала, оозуңа карап сүйлө!-дейт анда К. Кондучалова.

— Мен сизге “ээй бала эмесмин”. Аты-жөнүм бар, сиз да оозуңузга карап сүйлөң,-деп жооп берет ага Топчукебиз.

Анын мындай жообу эмнегедир К. Кулматовго жага түшөт. Сыягы, К. Кондучалова бир убакта Т. Усубалиев менен бирге окугандыгынан улам К. Кулматовду да жакшы тоотпой жүрсө керек.

Режиссёр Ахунбаевди коргоп калганда

Ошол убакта театрдагы Айсулу Токомбаева, Чолпонбек Базарбаев баштаган бир катар чыгаандардын наамдары жок экен. Алардын ончактысын тизмелеп, Топчукебиз наам бердирүүнү талап кылат. Ошого аралаш театрдын башкы режиссёрунун орду бошоп, ага эки талапкер болот. Топчукебиз Э. Ахунбаевди сунуштаса, К. Кондучалова К. Арзиев дегенди сүрөйт. Ал өзүнүн жакын туугандарынан экен. Экөөсү бир пикирге келише албагандан кийин Кондучалова “анда бул маселелериңди Усубалиевге кирип өзүң чечип ал” деп коёт.

Т. Усубалиев Топчукени жазылгандын эртеси эле кабыл алат. Наамдарга сунуш кылынгандарды колдойт. Ал эми башкы режиссёрго келгенде:

— Муну ичет дешет го,-деп Э. Ахунбаевдин талапкерлигине каршы болот.

Сыягы, ага чейин Э. Ахунбаевди Маданият министрлигинен бирөө биринчи катчыга туздаса керек.

— Турдакун Усубалиевич, -дейт анда Топчукебиз. -Театрда ичпеген бир да кишини көрбөдүм. Айрымдары жумалап ичип жатып алышканда үйлөрүнө барып, сакал-муруттарын өзүм алып, театрга алып келип, иштетип жатамын. Эгерде ичкендердин баарын кызматка албасак, анда театрда көп деле адам калбайт.

— Анда өзүң бил,-дейт Т. Усубалиев.

Ошол убакта министирликтин жетекчилери жаман көргөндөрүн БКга “ичет” деп жамандашып, наамдардан, сыйлыктардан, кызматтардан куру жалак калтыра беришкендиги эч ким тана алгыс кейиштүү көрүнүштөрдөн болгон. Алсак, атактуу төкмө Токтосун Тыныбеков, режиссёрлор Ж. Абдыкадыров, М. Назаралиев баштаган бир топ искусство, адабият ишмерлери ошондой жалаалардан четке сүрүлүп, акыр аягында депрессияга түшүп, жарыкчылыктан эрте өтүп кетишкен. Ал эми Маданият министрлигинде отургандар оң көздөрү менен карагандар айлап ичишип, чыр-чатактарга аралашса деле, алардын кылгандары жабылуу бойдон калган, айыптарын сырт жактагыларга билдиришкен эмес.

Акаевди “кет” дегенде, ал кантип калтыраган?

1993-жылы күздө КДКнын активисттери өздөрүнчө чогулушуп, Акаевден эч нерсе чыкпады, өлкөнү кризиске батырды, ага чогуу кирип, элди да, өзүңдү да кыйнабай тезирээк кетип калгын, — деп айталы деп сүйлөшөт. Ал сөздү айтууну КДКнын тең төрагаларынын бири, ошердегилердин баарынан улуу Казат Акматовго тапшырышат. Ошентип 1993-жылы 17-октябрда КДКчыл 24 адам Аскар Акаевге киришет. Учурашып, андай-мындай сөздөр айтылгандан кийин баары Казат Акматов макулдашканды качан айтат деп күтүп калышат. Бирок, ал “Акаевге кеткин” дегенди айтпастан, “эмне үчүн офицерлер үйүн Кыргыз-Славян университетине бердирдиңиз” дегенге кирип кетет.

Ал макулдашканды айтпай турганына көзү жеткенден кийин Чапырашты Топчукени түртөт. Ошондо ал ыргып туруп:

— Аскар Акаевич, сиз 1990-жылы октябрда президент болуп шайланып жатканыңызда Кыргызстанды үч жылда Орто Азиянын Швейцариясына айландырамын дедиңиз эле. Кыргызстан Швейцарияга айланбай эле кургуйга түшүп кетти. Убадаңызды аткара албагандан кийин президенттик кызматтан ыктыярыңыз менен кетиңиз, — дейт.

Иреңи бопбоз болуп, колдору аракечтикиндей калтыраган Акаев ордунан ыргып туруп, оң жагындагы дубалдагы Кыргызстандын саясый картасын карап, калтыраган добуш менен:

— Эгерде Кыргызстандын демократиялык конгрессин чакырып, анда мени “кетсин” деген талап койсоңор, мен кеткенге даярмын, — дейт.

Киргендер сөз бүттү, эми демократиялык конгрессти чакырганга даярдык көрөлү деп туруп жөнөшсө, Казат Акматов баштаган 3–4 адам Акаевдин кабинетинде калып калышыптыр.

Папан Дүйшөнбаев

Р.S. Мындан кийинки икаяларда буга чейин жашыруун болуп келген көп сырлар, анын ичинде КДКнын жетекчилеринен кимдин КГБнын агенти болгондугу, кимдер кимдерди сатышкандыгы, дагы көп нерселер ачыкка чыгарылат. Түбөлүк демократтын ыймандай сырларынын уландысын күтө бериңиздер.

“Жаңы Ордо” гезити, №12 (664),  3-июль, 2020-жыл

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *