shadow

Ошол кезде Медетхан Шеримкулов Ысык-Көл областында жүргүзгөн социалдык-экономикалык, коомдук-саясий жана маданий кампаниялардын арасынан, эки өзгөчө кампанияны өзүнчө бөлүп сөз кыла кетпесек болбос. Алар өзүнчө бөлүнүп тургандыгына карабастан, ошол актуалдуу, күнүмдүк маселелердей эле чоң көңүл бурууну талап кылган жагдайлар болчу. Биринчиси — ​калкты жерди иштеткенге көндүрүү жана кызыктырууну массалык мүнөзгө өткөрүү зарылдыгы жаралды.

Медетхан Шеримкулов өзү адеп алгач келген күндөрдөн тартып эле, областтын аймагын кыдырып жүрүп, эң сонун, бай жемиш бере ала турган Ысык-Көлдүн берешен жери иштетилбей, какыраган ээн жерге, камгак баскан, бош жаткан боз талаага айланып жатканын көрүп, ичинен кайгы аралаш өкүнүчкө батты. Жери жапжашыл, ар кандай жер-жемишке, жашылча өстүрүүгө эбак өткөн Чүй аймагынан кийин, жерге карата ушундай мамиле жасалганын көрүү ал үчүн абдан оор болду. Жогоруда айтылгандай, Медетхандын чоң атасы жерди иштетүүнү өткөн кылымда эле баштап элдин баарына жайылткан эмеспи!

Улуттук курамы боюнча Ысык-Көл областы интернационалдуу келип, калктын басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзгөндүгүнө карабастан, башка көп улуттун өкүлдөрү мекендешет. Дал ошол кыргыздар жашаган аймакта жер көбүнчө такыр иштетилбей калып жатканы да көзгө урунбай коймок эмес.

Айрым үй-бүлөлөр үйүнүн алдына бирин-экин тал-терек гана тигип койгону болбосо, жада калса там аркасы катары бөлүнгөн жер участогуна да көңүл бөлүшпөйт экен. Бул кезде республика 50% кирешени айыл-чарбасынан алчу. Калкты азык-түлүк менен камсыздоо там аркалардын эсебинен жакшырса, бул да элдин жашоо деңгээлин көтөрүүгө көмөк болмок. Ошондуктан Медетхан Шеримкулов бул багыттагы агитациялык ишти катуу көзөмөлгө алды. Дагы эле болсо, негизги үгүт иштери областтагы орус жана кыргыз тилдеринде чыгуучу гезиттерге, областтык радиостанцияга жүктөлдү.

Кол эмгектин ден соолук үчүн пайдалуу экендигин, ар түркүн витаминдердин адам организми үчүн — ​биринчи иретте жаш, өсүп жаткан балдарга зарылдыгы тууралуу макалалар басылып, атайын берүүлөр уюштурула баштады. Акырындап болсо да, адамдар бош жаткан там аркаларын иштеткенге көнө башташты…

Бул жерден атайы бөлүп, айта кете турган нерсе — ​Медетхан Шеримкулов кичинекей бала чагынан тартып жерди иштеткенге жакын болуп чоңойду. Кийин шаардык болуп кеткен соң, анын көкүрөгүндө өз жер участогуна ээ болуу кыялы тымызын уялап жүрө турган. Бир жолу бул кыялы орундала жаздап, аз жерден дачалуу да болбой калган. Жерлер ченелип бөлүнүп берилип, Борбордук Комитетте чогуу иштешкен коллегалары менен бирге, курулуш иштери башталган. Бүтөргө жакындап калганда гана, жогортон көрсөтмө берилген: бөлүм башчынын орун басарынан өйдө кызматтагылар же дачаларын тапшыруулары керек, же кызматтарынан баш тартуулары керек деген. Ал кезде жеке менчик маселеси абдан катаал каралчу…

Обкомдун секретарынын түздөн-түз жетекчилиги менен жүргүзүлгөн экинчи кампания калкты жаман адаттан арылтууга арналган болчу. Дал ушундайча болду. Тагдырдын тамашасы менен, эгерде биринчи идеологиялык кампания калкты жакшы жакка карай өзгөрүүлөргө түртүүгө багытталса, экинчи кампания анын карама-каршы антиподу сыяктуу болду.

Мунун себеби областтын аймагы курорттук зона болгондуктан, эс алууга келишкен ар кандай курактагы адамдар дайыма көп болушуп, спирттик ичимдиктери өтө көп ичиле турган. Бул адат жедеп көнүмүшкө айланып, эми коркунучтуу чекке карай жакындап бара жаткан. Улуттук генофондго терс таасир этүү, калктын саламаттыгы начарлашы мүмкүн эле.

Медетхан Шеримкулов өзү тейлеген бул багыттагы иш-чаралардын тартибине көңүл бурду. Элдин көңүл ачуусу, той-тамашаларды өткөрүүсү баш аламан жана үзгүлтүксүз сыяктуу жүрүп жатканына күбө болду. Адамдардын жаман адатка берилишине мындай жагдай кеңири жол ачып жаткандыгын түшүндү. Эми ошол зыяндуу адатты азайтууга бардык аракеттерин жумшай баштады. Бул үчүн майрамдарды, той-тамашаларды, үй-бүлөлүк ар кандай салтанаттарды тыюуга, же чектөөгө умтулбастан, тескерисинче, алардын ырааттуу жана маданияттуу өтүшүнө кам көрүлүп, атайын иш-чаралар иштелип чыкты.

Ушундай туруктуу жана үзгүлтүксүз иштердин натыйжасында, акыры эл дагы бийликтин талабына түшүнүп, баш аламан, тынымсыз көңүл ачып, опур-топур боло берүүнүн өзү аларды өздөрүнүн жеке чарбасынан, айыл-чарба жумуштарынан алаксытып, ден соолуктарына да зыян келтирип жатканын биле башташты. Бара-бара сөзсүз түрдө өткөрүлө турган үй-бүлөлүк салтанаттар дем алыш күндөрүндө гана өткөрүлүп калды.

Ал эми чоң юбилейлик салтанаттарды белгилөө, ири масштабдагы адамдардын катышуусун талап кылуучу майрамдык иш-чаралар күзгү жыйым-теримден кийинки мезгилге жылдырыла баштады. Жай бою иштеп, тер төгүп, чарчаган соң, элдин баары маданияттуу эс алууга ыктап, руханий жан дүйнөлөрүн азыктандыруу жөнүндө да кам көрө башташты. Анын үстүнө, элдик каада-салттардын көбү улуттук маданияттын табигый элементтери катары кабылданып, бул жагдай өкмөт менен партиянын саясатына да үндөшүп кете турган.

Республикалык эң алгачкы фольклордук-музыкалык ансамблдердин бири — ​“Ак-Куу” (“Белый лебедь”), Ысык-Көл областында Медетхан Шеримкулов секретарь болуп иштеп турган кезде уюшулган. Бул ансамблдин алгачкы бет ачарында көп сандагы эл чогулган: жергиликтүү калк, көлдө эс алып жүргөндөр, сырттан келген туристтер катышкан.

Ошол бет ачарга катышкан сыйлуу көрүүчүлөр арасында биздин даңктуу жазуучубуз — ​Чыңгыз Айтматов да болгон. Ал ошол кезде “Аврора” пансионатында эс алып, иштеп жүргөн. Асыресе, өтө эле кызыккан окурмандар айрым фактыларды салыштырып көрүшүп, дал ошол күндөрдө Айтматов өзүнүн эң мыкты шедеврлеринин бири “Кылым карытар бир күн” романынын үстүндө иштеп жүргөндүгүн оңой эле тактай алышат. Улуттук музыкага жана фольклорго дайыма өзгөчө ардактоо менен мамиле кылган улуу жазуучу бул жаңы музыкалык-чыгармачыл ансамблди өтө жогору баалап, аларга мындан аркы зор ийгиликтерди каалап, ак батасын берген.

Медетхан Шеримкулов бул сыяктуу чыгармачыл коллективдердин ишине өтө кунт коюу менен мамиле жасап, алардын социалдык-турмуштук маселелерин чечүүгө жардамын аячу эмес. Ансамблдердын союздук республикаларга гастролдорго чыгышып, кээде чет өлкөлөргө чейин барып келишине көмөктөшө турган. Кыргыз искусствосу жана маданияты жалпы союзда, дүйнө өлкөлөрүндө жайылуусуна шарт түзүүгө умтулчу. Калктын руханий-маданий деңгээлинин өсүшүнө көп көңүл бурулуп, майрамдык жумалар, массалык-маданий декадалар өткөрүлө баштады.

Музыкалык искусство жана маданият боюнча декада өткөрүлүп, анда Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, Таштан Эрматов жана башка таанымал композиторлор катышышты. Ысык-Көлдүктөр алдында Кайыргүл Сартбаева, Дарика Жалгасынова, Болот Миңжылкиев сыяктуу ырчылар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Сүрөт искусствосунун эң мыкты үлгүлөрүнүн көргөзмөсү уютурулуп, республиканын Гапар Айтиев баштаган мыкты сүрөтчүлөрү өз чыгармаларын көргөзмөгө коюшту.

Ысык-Көл областында Тажик маданиятынын Күндөрү өткөрүлүп, бул иш-чарага Тажик ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинин идеология боюнча секретары баштаган бараандуу делегация келишти. Делегация курамында таанымал кинорежиссер, театралдык режиссер Борис Кимягаров, тажиктин чыгаан акыны Мумин Каноат жана башка таанымал тажик маданият жана искусство ишмерлери өз чыгармалары менен тааныштырышты.

Дагы бир кошумчалай кете турган нерсе — ​Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, кийинчерээк Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы болуп калган Таштанбек Акматов Баатырдык биринчи Жылдызын дал ошол жылдарда төшүнө тагынган. Бул сыяктуу мисалдарды тартуу менен, Медетхан Шеримкулов өзү жүргүзгөн идеология аркылуу элдин аң-сезимине эмгекчилдик, мекенчилдик сыяктуу түбөлүктүү улуттук баалуулуктарды терең сиңиргенге аракет кылган. Ушул сыяктуу күн сайын, ырааттуу жасалган иштердин натыйжасында, тез эле оң багытка карай бурулган жылыштар да байкала баштаган. Жалпысынан алганда, бардык тармактарда, бардык багыттарда калктын жашоо деңгээли көтөрүлүп, областтагы абал оңоло баштаганы көзгө урунбай коймок эмес. Дегеле, областтын маданий жүзү да түп-тамырынан өзгөргөндөй болду. Айрыкча коомдук жайларда, чет элдик меймандар келе турган жерлерде тазалык, тартип өкүм сүрүп, мурдагы тартипсиздик жана баш аламандыктар такыр жоюлду.

Секретарь Медетхан Шеримкулов өз ишинде алыскы келечекти ойлоп иш жүргүзүп, стратегиялык маанидеги идеология менен алектенгенине карабастан, ошол учурдун күнүмдүк, актуалдуу маселелерин да кыйгап өтүп кетпей, алардын баарын өз учурунда чечүүгө ыктачу. Мектеп, бала бакча, жана башка мектепке чейинки мекемелердин абалы, ооруканалар, айылдык фельдшердик, медициналык пункттардын абалы дагы өтө жакшы дегенден караманча алыс болчу.

Ошентсе да, секретарь бардык тармактарда баш көтөрбөй, эч тыным албай, көшөрө иштеп, өзүнө тиешелүү болгон багыттардагы көйгөйлүү жагдайларды көз жаздымда калтырган жок. Медетхан Шеримкуловдун түздөн-түз жетекчилиги алдында иштешкен тиешелүү кызматкерлер, райондук, айылдык деңгээлдеги жетекчилер да өз иштерин активдештиришип, бардык деңгээлде жакшы жакка өзгөрүүлөр орун ала баштады. Кыргыз улутуна илгертен таандык болгон жалкоолук, көңүл коштук, кайдыгерлик сыяктуу терс сапаттар жүрө-жүрө жоюлуп, элдин баары өз турмуштарын жакшыртууга тырмыша башташканы байкалды.

Бул үчүн биринчи иретте айыл аймактарында, жергиликтүү деңгээлде калктын көз карашын оңдоп, демилгесин ойготууга туура келди. Алар чет жактан жардам күтпөй, жогортон бирөө келип жасап берет деп олтура бербестен, өз маселелерин өздөрү чечүүгө умтулуусуна жетүү максаты коюлду. Демейде дал ушул сыяктуу майда, адегенде байкала бербеген маселелер чогулуп келип, акыры оор жагдайды түзөрү анык.

Айталык, айылдык клубду же фельдшердик пунктту оңдоо маселеси өз учурунда чечилбей калса эле болду, мунун акыры келип татаал социалдык кырдаалды түзүп калат. Медетхан Шеримкулов жана анын командасы муну жакшы түшүнүшкөндүктөн, областтын аймагында элди үгүттөп, бул сыяктуу көрүнүштөрдөн коомчулукту четте калбоого көндүрдү.

“Жалкоолонбой иштегиле, өз турмушуңарды жакшырткыла, турак-жайыңарды оңдогула, алыңар жеткен коомдук имараттарды өз учурунда ремонттогула, алыңар жетпегенине мамлекеттик уюмдар көмөктөшөт!” — ​үчүнчү секретарь Ысык-Көл областында жүргүзгөн идеологиялык саясаттын мазмуну дал ушул мааниде жүргөн.

Арийне, турмуш өтө дыкаттык менен даярдалган пландарга да, абдан так эсептелип чыккан программаларга деле өз түзөтүүсүн киргизбей койбойт. Мамлекеттик мааниде алганда деле ошондой болот. Бардык эң актуалдуу, курч турган маселелер чечилип бүтүп, эми тек гана күнүмдүк деңгээлде, көнүмүш болуп калган ритм менен иштей баштаган учурда, эч күтүүсүздөн, катуу жер титирөө болду.

Бул кезде көктөм келип калган. Жазгы маанайда кырсык болот деген эч кимдин оюнда да жок болчу. 1978-жылдын 24-мартында Түптө жер титиреп, ал көп кыйроолор менен коштолду. Жер титирөөнүн күчү эпицентрде 8–9 баллга жетти. Түп районунун 50дөн ашуун калктуу пункттарында турак-жайлар, социалдык-маданий, административдик багыттагы ар кандай имараттар урап, талкаланды.

Ошентип, ансыз да иши чачынан көп болгон компартиянын областтык комитетинин секретары Медетхан Шеримкуловдун башына жаңы түйшүктөр үйүлдү. Арийне, бул табигый кырсыкты да ал өзү бала кезинен бери көнгөн адатынча, кайраттуулук менен кабыл алды. Ушул кезге чейин көп аракеттер жумшалып, зор мээнеттер аркасында, бул райондо жасалган иштердин көбү сууга аккандай болгонуна ичи ачышты. Кайра эле ушундай катуу жер титирөөгө карабастан, эл аман калганына сүйүндү. Ар кандай жамандыктарда адам өзүн ушинтип жооткотуп, мындан да жаман болушу мумкүн болчу, кудай сактады дейт эмеспи!?

Чындыгында эле, кыйроодон кийинки жүргүзүлгөн талдоолор көрсөткөндөй, курулуш иштеринде зарыл болгон нормалар эч кандай сакталбагандыгы айкындалды. Айрыкча, жеке менчик курулуштар баш аламан жүргүзүлчү. Албетте, ар бир адам өз колунан келгендей үй салып, каражатына жараша материалдарды алгандыктан, ушундай баш аламандыктар өкүм сүргөн.

Шеримкуловдун тапшырмасы менен, 1978-жылдагы курулуш планына олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди. Бир гана коопсуздукту алдын алуу аркылуу, жер титирөөнүн трагедиялуу кесепеттеринен арылууга мүмкүн эле. Жергиликтүү архитекторлор борбордук “Киргизгипрострой” институту менен биргеликте райондорду жана областты өнүктүрүү боюнча деталдаштырылган пландын үстүндө иштей баштады.

Кыргызстандын бардык аймактары сейсмикалык жактан кооптуу зоналарга кирерин эске ала турган болсок, бул абдан маанилүү иш-чара экендиги талашсыз чындык. Түп районунда да кыйроодон кийин оң жакка карай жасалган көп бурулуштар орун алды. Жаман айтпай — ​жакшы жок демекчи, бардык административдик жана коомдук, социалдык-маданий имараттар жаңыдан курулуп, тез аранын ичинде кайра калыбына келтирилди.

Дагы жакшы, оор жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу жайкы мезгилге туш келип калды. Мектептердеги жайкы каникул учурунда эски, кыйраган мектеп имараттарынын ордуна жаңы жана заманбап мектептер курулду. Айылдык клубдар жана фельдшердик пункттар толук жаңыланып, жаңы техника менен жабдылды. Борбор шаардагы Маданият үйлөрүндөгүдөй, медициналык мекемелердей жаркырап калды…

Мамасалы АПЫШЕВ

“Жаңы Ордо” гезити, №17, 18-сентябрь 2020-жыл

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *