shadow

1989-жыл Кыргызстан үчүн эң оор мезгилдердин бири болду. Биринчи жолу республикалар аралык оор маселе жаралды. Июндун аягында Кыргызстан менен коңшулаш Тажикстандын ортосунда — Баткен областынын Самаркандек айылында — жер талашы чыкты.

Медетхан Шеримкулов коомдук кыймылдарды жөнгө салуу боюнча иштерин убактылуу токтото туруп, тез арада Баткен багатында жаралган маселени чечүүгө кам урду. Азыркы кырдаалда конфликт улуттар аралык, республикалар аралык масштабга чейин өсүп жетүүсү мүмкүн болгондугу менен кооптуу болуп жаткан. Буга жеткирбей токтотуу зарыл болчу.

Ал кезде мурдагы союздук республикалардын көбүндө улут аралык маселе абдан курчуп кеткен. Айрым жерлерде, ал тургай куралдуу конфликт оту тутанган. Арийне, алар азырынча локалдык, жергиликтүү мүнөзгө ээ болуп турган. Дагы бир жагдайды — улут аралык кагылышуулар алгач чакан масштабда болгон күндө деле, демейде кийин абдан оор кесепеттерди алып келерин да эстен чыгарбоо керек эле.

Медетхан Шеримкулов буга жеке өзү күбө болгон. Андан бир аз мурдараакта “клубникадан башталган улуттар арлык конфликт” деп аталган, Фергана базарында чыккан өзбек менен месхетиндик түрктөр ортосундагы кагылышуудан кийин, Өзбекистандан көптөгөн үй-бүлөлөрдү автобустар менен алып чыгып кетип, аларды убактылуу Чүй областынын кээ бир айылдарында жайгаштырууга туура келген… Баткендеги каршылашуу туурасында угары менен, Медетхан Шеримкулов дароо ал жакка учуп барды. Бардык суроолорду жеринде чечкенге аракет кылды. Көрсө, Тажик жергеси менен чектеш “В. И. Лениндин 100 жылдыгы” атындагы колхоздо талаштуу жер аймактары бар экен. Колхоз башкармасы Туйгун Жолдошев эч түшүнө албай турганын айтты: эзелтен бул жерде кыргыздар менен тажиктер аралаш жашап келишкен, эми минтип, күтүүсүздөн ушундай курч конфликт кайдан чыга калды?! Бир ай бою Медетхан Шеримкулов бул маселени ийне-жибине чейин иликтеди. Жер талаштан улам эки тараптан эки киши курман болду. Эми кагылышууну ушул чектен өткөрбөй, кандай жолдор менен болсо да, эптеп токтотуп калуу аракети көрүлүшү керек болчу.

Баткенге Тажикстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин секретары Абдрахман Дадабаев учуп келди. Ал Медетхан Шеримкулов сыяктуу эле өз республикасында идеологиялык маселелерди тейлечү. Алар жергиликтүү жетекчилер менен биргеликте мурдагыдан кыйла чечкиндүү, катуу чараларга өтүштү. Көрсө, талашка Мачайы айылындагы сугат суунун жетишсиздиги себеп болуптур. Бул абал жада калса, куурап калган там аркалардан, бак-дарактардан деле ачык көрүнүп турган.

Жергиликтүү кыргыздар коңшулаш тажиктер кыргыз жерине кирип алышканын, эми ал жерлерге үй сала башташканын айтып даттанышты. Бул маселени аткаруу бийлигинин өкүлдөрүсүз чечүүгө мүмкүн эместиги айкындалды. Тез эле бул аймакка эки республиканын өкмөттөрүнүн жетекчилери, алардын артынан Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Абсамат Масалиев жана Тажик ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Кахар Махкамовдор келишти.

Талаш маселелер боюнча эки тараптуу талкуулоо башталды. Бул кырдаалдын парадоксалдуулугу — эки башка түзүлгөн эки географиялык картага барып такалды. Административдик-территориалдык бөлүштүрүүнүн 1924-жылдагы түзүлгөн картасы боюнча алганда — кыргыздардын талабы жөндүү болсо, 1926-жылдагы карта боюнча, тескерисинче болуп, кыргыздар тажиктердин аймагына кирип кетишкендей болуп калган!

Бир нече миңдеп чогулган эл эки тараптан тең бул талашты дароо чечүүнү талап кылып жатышты. Хасанжан Дадабаев — Кыргызстандын турмуш-тиричилик жактан кызмат көрсөтүү министри өзүнүн улуту тажик болгондуктан, чогулган элге тажик тилинде кайрылып, анклавда жашаган элдин тагдырын эстен чыгарбоону суранды. 4000ге жакын тажик улутунун өкүлдөрү Кыргызстандын аймагындагы Ворух анклавында жашашчу.

Тажик ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Кахар Махкамов абдан кежир, өз сөзүнөн кайтпаган адам болуп чыкты. Колхоз конторунда сүйлөшүүлөр башталар алдында Кахар Махкамовду таба алышпай, баары дүрбөлөңгө түшүштү. Ал болсо дагы эле бусиктен чыгууну каалабай олтура берген экен. Чогулгандардын бир тобу бусикти терметип, аңтарып жиберүүгө аракет кыла баштады. Капаска түшкөн Махкамовду күч органдарынын кийлигишүүсү менен араң бошотуп алышты.

Сырттан ээ-жаа бербей толкундап, кыжырданган жаштар тобунун “Махкамовду союу керек!” деген кыйкырыктары жетип жатты. Абдан кооптуу, жарылып кете турган кырдаал түзүлдү. Медетхан Шеримкулов 15 мүнөтчө эл алдына чыгып сүйлөдү. Талаш маселелердин баары азыр чечилип жатканын айтып, элди жоошутууга аракет кылды. Эл арасынан: анда эмне үчүн Махкамов сүйлөшпөй туруп кеткиси келип жатат? — деп сурашты.

Шеримкулов кайра кирип, Масалиев менен Махкамовду элге чыгып, элди тынчтандыра турган сөздөрдү айтууга чакырды. Бирок, алар бул конторанын арткы эшигинен чыгып, кооптуу жерден тезирээк оолактап кетүүнү артык көрүштү. Алар шашылыш түрдө Баткенге барышты. Чогулган эл дале болсо: “Бизе Махкамов чыксын!” — деп кыйкыра беришти.

Алар кетип калышканын угуп, буга ишенбеген эл конторго тобу менен чогуу кирип барышып, Махкамовду издей башташты. Бул жерге келишкен башка адамдар да кайтышмакчы болуп калганда, Баткенге келишкен тажик тарап өз делегациясынын курамындагы бир адамды таппай калышты. Кыйкырык-чуу башталды: “Отахон Латифи — москвалык “Правда” газетасынын Тажикстан боюнча кабарчысы — жок!”

Медетхан Шеримкулов чогулган элден чочулаган делегациянын башка мүчөлөрүнөн айырмаланып, элди аралап, издеп жөнөдү. Дагы бир аз баскан соң, жоголгон адам табылды. Аны издеп жатышканын билбей, Латифи эл арасын байкап, асынма сумкасы менен чуру-чуу элдин маанайын өз көзү менен изилдеп жүргөн тура!.. Баткенге келишкен соң, эки республиканын делегациялары, алардын биринчи секретарлары “Төрткүл” суу сактагычындагы суучулардын эки кабаттуу үйүндө токтошконун билишти. Баткен шаарынан анча алыс эмес эле. Медетхан Шеримкулов ал жакка келип, абдан таң каларлык көрүнүшкө туш болду: сыртта Абсамат Масалиев менен Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов экөө акырын басып, маектешип жүрүшүптүр. Ал эми Махкамов жыйындар залында олтуруптур. Алар мурда үзүлүп калган сүйлөшүүнү кайра улантмакчы болушту, бирок, тажик лидери Медетхан Шеримкуловго ал бул жерде мындай жагымсыз кабыл алууну күтпөгөнүн ачык айтты!

Алар баары абдан чарчашып, чай ичүүгө олтурушту. Сүйлөшүүдөн эч жыйынтык чыкпасы билинип калды. Ошон үчүнбү, чай үстүндө тек гана өтчү-кетчү сөздөр гана айтылып жатты. Баарынын тең маанайы чөктү…

Ошол сүйлөшүүлөргө азыркы көз караш менен караганда, албетте, бир оң жагы дагы болгондугун танууга болбойт. Медетхан Шеримкуловдун бир айга жакын созулган аракеттеринин аркасында, ал жергиликтүү эл менен тыгыз байланышты түзө алгандыктан, эки республиканын ортосунда жанып келе жаткан конфликт оту өчүрүлгөн. Талаш маселеси биротоло чечилбесе да, кан төгүүгө жол берилген эмес. Бул абдан маанилүү экендиги шексиз.

Кайра куруу басылып, ал тууралуу сөздөр да элдин кыжырын келтире баштаган чакта, Кыргызстандын эң алгачкы бейформал уюмдары түзүлө баштады. Ал уюмдар ошол кездеги демократиялык өнүгүүдө орчундуу роль ойношту. Бул өңүттөн караганда, 1989-жыл бурулуштуу мезгил болуп калды. Дал ушул жылы коомдук саясат көчө жана аянттарга чыгып, башкача мүнөзгө өтө баштады. Коомдук кыймылдарды да кошо тейлегендиктен, Медетхан Шеримкулов алар эч башкарууга мүмкүн болбогон, баш аламан топторго айланбасын үчүн, такай көзөмөлдөн чыгарбай кармоого туура келди. Бул өзгөрүүлөргө жаштар көп салым кошушту. Алар коомдун авангарддык бөлүгү болуп калышты. Мурда такыр белгисиз болгон, жаңы ысымдар пайда болду: Мелис Эшимканов, Райкан Төлөгөнов, Алмазбек Акматалиев, Токтобай Мүлкүбатов жана башкалар… Мелис Эшимканов жана анын айрым достору Прибалтикага барып келишип, ал жактан “Саюдис” коомдук уюмунун мүчөлөрү менен жолугушуптур. Ал кезде бул уюм Литвада болуп жаткан окуялардын башында турган.

Бул уюмдун газеталарынын биринде абдан күлкүлүү, саясий жактан келишкис некролог жарыяланыптыр: “Чоң кайгыруу менен кабарлайбыз, кечээ узакка созулган, катуу оорудан кийин КПСС дүйнөдөн кайтты”.

Ал убакта Прибалтикалык үч республика тең өз эгемендиктерин расмий жарыялашкан. Латвия Компартиясынын биринчи секретары Альгирдас Бразаускас Ригага расмий визит менен барган Генералдык секретарь Михаил Горбачевду эл топтолгон чоң жыйында “Господин Горбачев” деп атап, бул жалпы союздук телевидениеден көрсөтүлгөн болчу. Горбачев айласы куругандан улам: “Биздин кечээки жолдошторубуз бизди эми господин деп атай башташты!” — дегенден башка эч нерсе айта да алган эмес. “Саюдистин” саясий тажрыйбасы жана программасы менен таанышуу кыргызстандык активдүү жаштарга таасир этпей коймок эмес. Тез эле коомчулукта коомдук кыймылдарды түзүү жөнүндө сөздөр жүрө баштады. Газеталарда талкуу сыяктуу бир нерселер басылып, коомдук уюм деген эмне, ал кандай болушу керек деген маселелер алдыга чыкты. Компартиянын Борбордук Комитетинин секретары Медетхан Шеримкулов бул жаңы башталган процесс коомдун ички терең тамырынан өнүп чыккандыгын, андыктан аны токтотууга эч мүмкүн эместигин аңдады. Демек, толеранттуу чечимди издеп таап, бул агым коомчулукка жаңы оор маселелерди жаратпай турган жолду издөө керек болчу.

Компартиянын жетекчилигиндеги көп адамдар муну адекваттуу түрдө кабыл алуунун ордуна, коомдук маанайдагы өзгөрүүлөрдү байкагысы келген жок. Реалдуулук менен эсептешип, жаңы коомдук кыймылдар менен кызматташуунун ийкемдүү жолдорун иштеп чыгуунун ордуна, алар эски көнүмүш ыкмаларды колдонуп жатышты. Бирок, азыр башка мезгил орной баштаган кез келди. Мурдагыдай жогортон буйрук берүү, опузалап-коркутуу менен эч кимге таасир эте албайсың. Тескерисинче, андай кадамдар катуу каршылыкка туш келип, аягы такыр жаман болуп да аяктамак…

Медетхан Шеримкулов бул ирет да татаал абалга кабылды. Абсамат Масалиев баштаган жетекчилер жаңы өзгөрүүлөргө ачуулары келип, жаңы пайда болгон коомдук-саясий кыймылдар менен кызматташууга карата жасалган бардык аракеттерди кыжырдануу менен кабыл алып жатышты. Тез эле жаштардын коомдук кыймылдарынын лидерлеринин –активисттеринин артында кыйла таасирдүү, ал тургай эл арасында таанымал коомдук ишмерлер турушары маалым болду. Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев, Абдыганы Эркебаев жана башкалар жаштарды колдошуп, аларга четтен дем берип жатышыптыр. Медетхан Шеримкуловго студенттик кезден берки эски таанышы Токтобай Мүлкүбатов келди: жаңы түзүлүп жаткан коомдук кыймылдын Уюштуруу съездин өткөрүү үчүн жай таап берүү өтүнүчүн билдирди.

Шаардык бийликтегилер алардын өтүнүчүн аткаруудан баш тартып коюшуптур, ал эми Кыргыз драма театрынын жетекчилиги өз алдынча мындай кадамга баруудан чочулап жатышыптыр. Бул деле түшүнүктүү болчу, себеби, жаңы коомдук кыймылдар оппозициячыл саясий күчтөр катары каралчу. Ошондуктан бийлик аларга душман катары карабаса да, этияттык менен четтен карап турчу.

Медетхан Шеримкулов мурдараакта Улуттук Илимдер Академиясында ошондой жаңы түзүлүп жаткан коомдук уюмдардын биринин жыйынына катышкан болчу. Жыйынга академик, Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков жана башка көптөгөн таанымал адамдар катышышкан. Жаштар бул тирүү классикке өзгөчө урмат-сый менен мамиле кылышып, белгилүү бир чөйрөдө ал “улутчул” атка конгонуна да карашчу эмес.

Жаштардын өз ойлорун ишке ашыруу үчүн, бул аксакал жазуучуну калканч тутуп жатышканы байкалып турчу. Өкмөт менен республика жетекчилиги жаштар маселелерин чечүүгө кызыкпайт, алар жөнүндө ойлоп да коюшпайт дешкен. Алмазбек Акматалиев патриарх жазуучунун жанында олтуруп, Медетхан Шеримкуловго кычык суроо узаткан: “Эмне үчүн дүйнөдө рынок экономикасына өтүшкөн, социалисттик эмес өлкөлөрдүн баары гүлдөп-өсүп жатышат?!”

Бул суроого өлкөнүн башкы идеологу өзүнө таандык жөнөкөй жана ишенимдүү жооп узаткан: “Эгерде баары ушунчалык жөнөкөй болуп, бир гана ушул компонент маселени чечип салса, анда дүйнөдөгү өлкөлөрдүн баары тең эбак эле социалисттик түзүлүштөн баш тартышмак!..”

Албетте, жаштар жана алардын лидерлери Медетхан Шеримкуловду либералдуу ой жүгүрткөн, ийкемдүү саясатчы катары жакшы билишчү. Аны менен ойлорун ачык айтып, талашып-тартышып, кандай татаал, оор маселе болсо да, талкуулаганга болорун билише турган. Ошондуктан, алардын бул ирет туюкка кептелип калып, андан жардам сурап кайрылып жатышканы түшүнүктүү болчу. Ошон үчүн Медетхан Шеримкулов Токтобай Мүлкүбатовдун мындай өтүнүч менен кайрылганына таң калган жок. Жумуш күнү аяктап бара жаткан. Жайкы узун күндүн эң соңку нурлары чачырап, теребел менен коштошуп бараткан.

Жедеп чарчагандыктан, Медетхан Шеримкулов кызматтык машинасына Токтобай Мүлкүбатовду олтургузуп, эски тааныш иретинде: “Жолдо баратып сүйлөшөлүк?” — деп сунуш кылды. Бирок, сүйлөшүп баштаганда эле бул маселе дароо чечип салчу жеңил суроо эместигин түшүндү. Медетхан Шеримкулов шаардан чыккандан кийин кызматтык машинасынан түшүп калышып, аны мамлекеттик резиденцияга кире бериште күтүп тур деп, өздөрү андан ары жөө жолду улантышты.

Медетхан Шеримкулов бул оор маселени чечүүнү ушундай жагымдуу сейилдөө менен айкалыштырууну чечти. Өкмөттүк башкы автотрасса ал күнү да кыймылга толо болчу: алардын жанынан шуулдаган дабышы менен ар кандай автомашиналар зуулдап каршы-терши өтүп жатышты. Арасында кээде чет элдик машиналар да жолугуп калып жатты. Бул да болсо жаңы доордун жышаандарынын бири эле… Бирок, ошол күнү эки кишинин жолду бойлоп, жөө маектешип баратышканын көрүшсө да, алардын өлкө тагдырын чечип жатышканы эч кимдин башына келбесе керек. Чын эле, Кыргызстан демократиялык кыймылынын түзүлүшү жалпы өлкө үчүн жаңы доордун башталганын тастыктаган мезгил болуп калбадыбы!..

Көрсө, жаңы кыймылдын лидерлери бардык даярдыкты жасашып, эми Уюштуруу съездин өткөрүүнү гана күтүп калышкан экен. Бул үчүн бар болгону жыйын өткөрүүчү жай гана жетишпей жатыптыр! Алар биринчи съездди салтанаттуу өткөрүүнү каалашып, Кыргыз драмалык театрын тандап алышыптыр. Бирок алар күтпөгөн каршылыктар пайда болуп, жетекчилер да түшүнгүлөрү келбей жатыптыр. Жаштар бул көп адам катышкан съездин аянтта өткөрүүгө да даяр экендиктерин уккан соң, Медетхан Шеримкулов артка чегинүүгө такыр жол калбай калгандыгын түшүндү. Ал жыйын өткөрчү жай маселесин чечип, ал тургай өзү ардактуу конок катары Кыргыз драмалык театрына келип, алардын Уюштуруу съездине катышарын айтып, убада берди…

Мамасалы АПЫШЕВ

“Жаңы Ордо” гезити, №12 (664),  3-июль, 2020-жыл

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *