shadow

76 жылдан кийин мекенине кайтты

Бир жума бололек! Кыргызстандын, Россиянын басылмалары, интернет булактары Чеченстан башчысы Рамзан Кадыров Кыргызстандагы карылар үйүндө жашаган боордошу Данги Битаевге атайын учак жиберип, 76 жылдан кийин мекенине алып кетип жатканын айтып да, жазып да жатышты…

Андан бир нече күн мурда биздин кесиптешибиз, теле алып баруучу Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Чеченстанда туулган карыя тууралуу видеоролик чыгарган. Анда 81 жаштагы Д. Битаев Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында, т. а. 1944-жылы беш жашында депортацияланып Кыргызстанга келип калгандыгы, акыркы 10 жылдан бери Бишкектеги карылар үйүндө күн кечирип келаткандыгы, 81деги аксакал өз мекенине баргысы келээри айтылган.

Бул кабарды Чеченстандын Президенти Рамзан Кадыровго ким жеткизгени белгисиз. Пресс-секретарыбы, аялы же уул-кыздарыбы? Бул маанилүү деле эмес! Эң башкысы, ошол кабарды уккандан кийин Р. Кадыровдун ага реакция жасагандыгында!..

Президент чет элдин карылар үйүндө жаткан 81деги кандашынын жакындарын Чеченстандан издеп табууга буйрук бериптир. Р. Кадыров “Тапкыла!”- деген ооз желин коротуп койгон экен, тиешелүү кызматтагылар заматта Данги Битаевдин өткөн-кеткенин сүрүштүрүп, анын Грозный шаарында жашап жаткан жакындарын таап чыгышкан (мүмкүн алар бул ишти Д. Битаев үчүн эмес, Президентке жагыныш үчүн өтө тездик менен жасашкандыр).

Кантсе да, Данги абанын туугандары табылгандан кийин Рамзан Кадыров Бишкекке атайын учак жөнөтүп, улгайган улутташын мекенине алып кетти. Д. Битаевди “Манас” аэропортунан журналист А. Молдокматова колтуктап алып барып учакка мингизип, өзү да кошо учуп кеткенин көрүп турдук. Аларды Грозный аэропортунан Мамлекеттик думанын депутаты Адам Делимханов, Чеченстандын маалымат жана басма сөз министри Ахмед Дудаев жана балдары, небере, чөбөрөлөрү тосуп алышканы маалымдалды.

Ага улай эле Чеченстандагы Ахмат ажы Кадыров атындагы коомдук аймактык фонд Бишкектеги карылар үйүнө 30 миң доллар которгондугун “Грозный-информ” маалымат агенттиги жазып чыкты.

“Кыргызбыз да…”  дегенге арданабыз

Интернет булактарында ушул маалыматтардан кийин журналист Ассоль Молдокматовага карата өйдө-төмөн пикир айткандар болду. Кеп А. Молдокматованын жеке турмушунда, же кимдир бирөөлөр менен мамилесинде эмес, анын коомго жасап жаткан эмгегинде го! Ассоль айтып чыкпаса Данги Битаев Бишкектеги карылар үйүндө жатып көзү жумулуп кетсе эмне болот эле? Алакандай жер табылмак деңизчи!..

Эми “чечендерге” жана Президенти Р. Кадыровго келели. Данги аксакал жөнүндө маалыматты окуган сергек адам Россия мамлекеттик думасынын депутаты, улуту чечен Адам Делимхановго көңүл бургандыр!?.

Адам Делимханов мындан 7 жыл илгери кыргыз бийлиги килем төшөп “Манастан” узатып ийген кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуп кетүүдө да аралашкандыгын, Грозныйдан Бишкекке атайын учак менен келип, УКМК жетекчиси Ш. Атаханов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүн кийин башка чекист өзү тергөөгө айтып бербедиби! Анда да Рамзан Кадыров, Адам Делимханов…

Биз аларды кылмышкер Азиз Батукаевди бошотуп кеткендиги үчүн айыптай алабызбы? Жок. Мыйзам боюнча да айыптай албайбыз. Тескерисинче, адамдык өңүттөн алып караганда аларга суктануу сезими пайда болушу мүмкүн. Улутташын, кандашын кантип коргоп, кантип сакташ керектигин уялбай эле алардан үйрөнсөк болот!

Анан, “кыргызбыз” десек чычалайбыз…

Чечендерге тең келчү кимиң барсың?

Мынчалык болду, дагы бир арманды айта кетейин…

Мындан 4 жыл алдын Украинанын Хмельницкий областында (Волочисский район, поселок Войтовцы) жашаган Владимир аттуу бир карапайым момун адам Улуу Ата Мекендик согуш учурунда каза болгон кыргыздын сөөгүн таап алгандыгын кыргыздын “24.kg” маалымат агенттигине билдирип, телефон номеринен бери калтырган эле.

Владимирдин айтуусуна караганда, сөөктү кокусунан таап алган. Илгерки тыйын-тыпырларды издемей, топтомой өнөрү бар экен. Ошол максатта жер чукулап атса колундагы инструмент чырылдап белги берет. Владимир сүйүнгөнүнөн тереңдеп казып кирсе, алгач темир кесе менен каска чыгыптыр. Аларда “Миша” деген жазуу бар экен. Эң кызыгы, андан ары казганда табылган октун (гильза) ичине катылган кагазда: «Кир. ССР, призван из военкомата Токтогул, Джалал-Абадская область, к/з Орнок»,  — деген жазуу бар экен. Владимирдин билдиргени боюнча, жоокердин аты “М” тамгасы менен башталат. Бирок толугу менен түшүнүп окуй албай коюптур. Фамилиясы — Станкулов экен. Кыргызча аты “М…”дан башталса, ошол учурдагы шарт-жагдайга карап башка улуттагы жолдоштору “Миша” деп алышкандыр…

Эмнеси болсо да сөөктүн жанынан табылган жазуулар маркумдун өздүгүн так, даана көрсөтүп турат. Болгону архивдерден “Өрнөктүк” М… Станкуловдун согушка качан чакырылып, кайсы фронтко жиберилгендигин тактап, анан жакын тууган-уруктарын аныктап койсо болот.

Украиналык Владимир 70 жылдан ашык жаткан М… Станкуловдун сөөгүн терип чогултуп, табылган жерден (басынды жер окшойт го чамасы) 500 метрдей ары жайгашкан коргонго кайрадан жашыргандыгын айтып келип: “Силердин жердешиңер биздин жерде баарыбыз үчүн, биздин жаркын жашообуз үчүн каза болду! Эгер тууган-уруктары табылып, келип калса сөөк коюлган жерди көрсөтүп берүүгө дилгирмин. Байланыш телефонум: –380962803471” деп билдирүүсүн аяктаган.

Бул кабарды ошол 2016-жылы эле коомчулукка көтөрүп чыкканбыз. Тилекке каршы, Рамзан Кадыровдой болуп эч ким кызыкпады (Биз билгенден, М… Станкуловдун жакындарын аныктаган да, Украинага барып сөөгүн алып келген да эч ким болгон жок)! Владимирдин телефону, дареги турат! Кыргызстандын Украинадагы элчилиги турат (Элчиликтин так санын билбейм, элдин эсебинен жашаганы анык)!.. Арман эмей эмине…

Урматтуу Президент Сооронбай Шарипович, быйыл бүткүл дүйнө коомчулугу Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын салтанат менен эскерип жатпайбы!? Мүмкүн Сиз да Кадыровчосунан жаныңыздагыларга тапшырма берип көрөөрсүз…

Анан, колунда мүмкүнчүлүгү жана шарты барларга айтаарым (алдыдагы шайлоону утурлай ар кандай амал-айла издеп жаткандарга), депутаттыктан да ыйык милдет, иш турат. Кана кимиңер Делимхановчосунан даай аласыңар!?.

Мухтар ЖАРКУЛОВ

“Жаңы Ордо” гезити, №11 (663),  26-июнь, 2020-жыл

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *